Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.
Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы — акими кызматтарын аркалап келген.