whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
15.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятБалдарды коргоо күнүнө карата даректүү тасмалар көрсөтүлдү

Балдарды коргоо күнүнө карата даректүү тасмалар көрсөтүлдү

Бүгүн Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар үчүн даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтүп, ага Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева, акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев, Тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова жана 150гө жакын балдар катышты.

Саамалыктын алкагында “Кыз, эшек, мектеп” жана “Азамат” деген аталыштагы кыска метраждуу тасмалар коюлуп, соңунда балдар тасманын режиссерлору жана кино каармандары менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында балдар үчүн “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулбук борбору тарабынан балдар үчүн “Мен жана менин Кыргызстаным” аттуу темадагы экскурсия уюштурулду.

Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип келет. Бул майрам 1949-жылы ноябрь айында Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими аркылуу уюшулган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар