whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАкыркы үч жумада Кытайга 20 тоннадан ашык жүн экспорттолду

Акыркы үч жумада Кытайга 20 тоннадан ашык жүн экспорттолду

Кыргызстан Кытайга жүн экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Фрунзе заводунун аймагында иш алып барган ишкана 6-майдан тарта биринчи продукциясын Кытайга экспортко чыгарды. Акыркы үч жума аралыгында аталган өлкөгө Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон.

Ошол эле учурда ишкана бир гана жүн эмес, андан жасалган даяр продукцияны да чет өлкөгө ийгиликтүү чыгарып турат.

Бүгүнкү күндө Фрунзе заводундагы жүн ишканасы ак жүндүн бир килограммын 60-100 сом, кара жүндү 10-15 сомдон сатып алышат. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилерин айткан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар