Бүгүн биз ыр-бийге, сүрөт тартууга өзгөчө шыктуу жана эң башкысы жомок, тамсил айтканды жакшы көрүшкөн Бегайым менен Нурайым тууралуу айтып беребиз. Эгиз кыздар учурда 7 жашта. Күзүндө 1-класска кирүү үчүн мектепке даярдоо курстарын окуп жатышат. Бош убактыларында көбүнчө сүрөт тартып, пластилинден мультфильмдердеги персонаждарды жасоо менен алек болушат. Андан сырткары, “Соң-Көл бермети” бий тобунда бийлешет.
Эгиз кыздар жакында эле УТРКнын “Сен мыктысың” теле долбоорунда конокто болушту. Анда “Ийнелик менен кумурска”, “Эшек менен булбул” тамсилин көркөм айтып берип, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Нурайым менен Бегайымдын айткан тамсилдери эмес, алардын актердук чеберчилиги көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Ошондой эле, балдарыбыз орус тилдүү болуп жаткан заманда, кыздардын кыргыз тилинде таптак тамсил айтып жатканы ар бир көрүүчүнүн ичин жылытты.
Нурайым менен Бегайымдын чоң апасы Шадыканова Айнура кыздар кичинесинде аябай ыйлаак болушканын айтат. “Эки жашына чейин күнү-түнү ыйлагандыктан, атасы, апасы, таенеси, мен болуп төртөөлөп бакканбыз. Көрсө, ошол ыйдын артында ушундай талант жаткан тура. Неберелерибиз Нурайым, Бегайым менен сыймыктанабыз. Келечекте төбөсү көрүнгөн, кыргыз элине кызмат кылган кыздардан болушун тилейбиз”,-дейт.
Кыздар эки жаштан өтүп калганда ата-энеси аларга кечкисин уктаар алдында дайыма жомок айтып, окуп берүүнү адатка айлантышкан. “Жомок окуганда да жөн эле окуп берип койбостон, түлкү болсо, түлкүнүн образын кийип, кайгылуу учуру болсо, кайгырып, ыйлап, күлкүлүү жерине келгенде каткырып, айтор ар түрдүү кылып айтып берчүбүз. Ошондон улам образдуу айтканды үйрөнүп калышты көрүнөт. Кыздар жомок айтып бермейин укташчу эмес. Мага караганда атасы көбүрөөк окуп берчү. Азыр деле ошондой. Ачыгын айтканда, атасы менден мурда эле: “Кыздарды ийримдерге берели. Ар тараптуу болуп өсүшсүн. Эмнеге шыктуу болсо, ошол багытка басым жасайлы. ªздөрүн тапсын”,-деп бардык шартты түзүп бергенге аракет кылат. Балдарыбыздын ою менен болуп, көңүлдөрүнө карап турат ”,-дейт апасы Абдрасулова Аксана. А.Абдрасулова 2010-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун “Актердук чеберчилик” бөлүмүн окуп бүтүргөн. Учурда Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы Ч. Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектебинде хореограф болуп эмгектенет.
“Жолдошум кыздарыбыздан бир нерсе чыгат. Алар таланттуу, көп нерсеге шыктуу деп мурдатан эле айта берчү. Бирок, мен анчейин маани берчү эмесмин. Бир жолу “Соң-Көл бермети” деген бий тобу аркылуу “Баластан” студиясына “Данегим” теле берүүсүнө конокко чакырып калышты. Ошол эфирден кийин кыздарыбыздын чын эле жөн кыздар эмес экенине ынанып калдык. Эфирде өздөрүн эркин сезип, ырда десе ырдап, бийле десе бийлеп, суроолорго так, даана тартынбай жооп бергендерин көрүп кубандык. Ошондон кийин кошумча кружокторго бере баштадык”, – дейт апасы.
Ал эми Нурайым менен Бегайымдын атасы Сарбанов Туратбек алыскы тоолуу аймакта жашагандарына карабай, ыңгайы боло калганда алтынчы, дем алыш күндөрү атайын Бишкекке алып келип, шаар кыдыртып, парктарга ойнотуп турарын айтат. “Бактылуу балалык үчүн эң башкы нерсе бул – ата-эненин балдарга убакыт бөлүүсү деп түшүнөм. Алар менен сүйлөшүү, эмнеге кызыгарын, эмнеге кызыкпасын билүү, ошондой эле, кандай каалоолору болсо ошолорду ишке ашырганга аракет кылуу бул ата-эненин милдети. Ошондуктан, мен жумуштан 15 күндүк эс алууга чыкканда, балдарыма сапаттуу көңүл бурууга аракет кылам. Алар менен чогуу ойнойм, китеп окуйм, түрдүү видеолорду тартабыз”, – деди ал.
Балдарынын шык, жөндөмүн байкап, талантын өнүктүрүү үчүн баарына даяр болгон аталардын бар экени кандай кубанычтуу. Адатта, көбүнесе балдардын окуусуна, түрдүү ийримдерге катышуусуна ж.б. учурларга апалары маани беришет эмеспи…
Ата-энесинин, чоң ата-чоң энесинин мээримине бөлөнүп чоңоюп келаткан эгиз кыздар Нурайым менен Бегайымга кең келечек каалайбыз. Балалыктары бактылуу өтсүн. Өнөрлөрү өссүн. Келечекте ийгиликтүү кыздардан болушуна тилектешпиз…
А.Акимбаева