1943-жылы айылга Ысык-Көл драмтеатрынын артисттери “Сейтек” деген пьесаны койгону келип калышты. Оюндан кийин концерт беришип, акыркы номерде Жанкорозова Алийман “Саламы ушул Cайранын” деген ырын аткарып, көпчүлүктүн суроосу боюнча кайталап дагы бир ырдады. Согушту да, ооруну да унутуп, ошол обондун дүйнөсүнө кирип кеттик. “Кудайдын азабын тартпай, уктап эс алып албайт белеңер” деген улуулардын сөзүн укпай, Жанкорозованын ырын кайталап угушка, анын артынан ээрчип, кошуна айылдарга барып жүрдүк.
***
Өткөн кылымда Европадан Африкага барган туристтердин чоң тобу жапайы адамдардын курчоосунда калып калат. Колдорунда курал-жарак болбогон соң, алар эмне каршылык кыла алышмак эле, өлүмгө баш ийип туруп беришет. Жергиликтүүлөр найзаларын кезеп чукулдап кирип келишет. Туткундардын арасында бир музыкант бар экен. Ал скрипкадан Бетховендин бир кайрыктарын ойноп жиберет. Мына кызык, жапайы адамдар куралдарын жерге коюшуп, музыкага кулактарын төшөп отуруп калышат. Кийин алар туткундарга сый-урмат көрсөтүшүп жолго салып жиберишкен экен.
***
Кечөөкү Ата мекендик согушта күйөөсүнөн ажыраган аялдын иши алдыга жылбай, мындан көрө деп өлүп алууну чечет. Табуреткага чыгып даярдап койгон сыйртмак арканды мойнуна салган кезде радиодон атактуу ырчы Лидия Русланова ырдап калат. Ыр аялга ушунчалык таасир берген экен, ал чыйралып, кайраттанып, өзүнүн жаман оюнан кайтып жерге түшөт да, кийин эчен кыйынчылыктарды жеңип эл катарына кошулуп, Руслановага ыраазычылык айтып кат жазган экен.
***
1792-жылы Франция менен Германиянын ортосунда согуш жүрүп, немистер Франциянын территориясына сүңгүп кирип келишет. Француздар дүрбөлөңгө түшүп калышат. Ошол жылдын 25-апрелинде армиянын капитаны Руже де Лил колуна калем алып, көз алдында балдарынан ажыраган энелердин буркурап ыйлаганы, бөлүнгөн чарбалардын ээлеринин кайгы-муңу тартылып, ыр жазууга отурат.
Руже де Лил мурда музыкалык конкурстарга катыша коюп жүрчү экен. Эми жазган ырына ылайыктуу обон издеп, скрипкасын колуна алып кыңкылдатып үн чыгара баштайт. Белгисиз бир күч шыктандырып, керемет кайрык тапкандай болот. Эртеси чыгармасын Страсбург шаарынын мэри Дитрихке көрсөтсө, ал фортепианого салып ырдап көрөт. Көп узабай бул ыр “Рейн полкунун маршы” – деген ат менен элге тарап кетет.
Күндөрдүн биринде Франциянын дагы бир шаары Марсельде ыктыярдуулардын полку түзүлөт. Көп узабай полк Руже де Лилдин маршын ырдап, Париж шаарына кирип, шаңдуу чыккан марш шаардыктарды өзүнө жипсиз байлап алат. Француз армиясынын башкы командачысы шашылыш түрдө марштын миң нускада типографияда басылып чыгышына буйрук чыгарып, марш “Марсельеза” деген ат менен француз армиясынын баардык бөлүктөрүндө дүңгүрөйт.
***
Улуу Ата Мекендик согуш убагында Александровдун “Священная война” деген маршынын духу “Марсельезадан” ашса ашаар, бирок кем болгон эмес. Кызыл армиянын полктору “Вставай страна огромная, на священный бой” деген ырдын коштоосунда Кызыл аянттан түз эле фронтко жөнөгөнүн жакшы билебиз.
Окен МАМАТКАНОВ,
Бишкек шаары