whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек

Битик. Таш тамга

Эс оорусу

Жужан учурун келтирип, чалкалай бере, аны менен аралыкты узартып, кериле боюн чыңай болушунча бийик көтөрүлгөн чокмору менен Билгини капталдан сокту. Анысы тайып кетпей, тулганын дал ортосуна тийди. Оңбогон жужан неткен карылуу эле. Билги сокку алдында саамга бурула көз кыйыгы менен душмандын чокмор кармаган жоон, түктүү, тарамыштуу билегин көрүп калды. Башынан башталган оору денесине тегиз жайылды да зыр бере, жүрүнө таманына жете, токтобой туруп алды. Көзү караңгылап, теңселе бере эсин жоготту. Жыгыла берерде жанындагы жигит курунан кармап токтотуп, жөлөй, уруш талаасынан алып чыгууга аракет кылды. Жужан бир сокку менен эле чектелип калбады. Найзаны колуна ала майдан талаасынан чыгып бараткан Билгинин атынын соорусуна мылгып калууга да үлгүрдү. Жаныбар зыр бере боюна тараган оорудан жаны ачына ачуу кишинеп, очорула барып оңолду. Бирок жыгылбады. Жужан найзасын жулуп алганда шыркырана үн берген кан соорусунан атып чыга жерге куюлду. Ошентсе да, үч буттаса да акылдуу ат кыйралаңдап, аны уруш талаасынан алып чыкты.

Артынан сая түшө, дагы урууга камынган жужанды ат коюп келип калган айылдыктар Билгиге жеткирбей, аны сүрө кармашып калышты. Кол салгандар курмандыгын биротоло аттан түшүрө чаап, жок кылып жибере албагандан кийин, тиштерин жара чайнашып, артка чегиништи. Билгини жана келген эки жоокер дарыгерлерге калтырып, кайра кармашка киришти. Дарыгер алардан анын кандайча жараланганын сурап, билип, аны аттан түшүрүп, бири жөлөп, экинчиси тулгасын алып, этияттап, жерге жаткырышты да аны жакшылап карай баштады. Тулганын орду башына бата бергенден улам сокку аябагандай кара күч менен урулганын билишти. Андан башка эч нерсе таппагандан улам тынч жатсын, ага мындан башка дары жок деген ой менен башка жарадарларды карай башташты.

Билги эсине келгенде экөө, өзүнө иниси кошула катуу жараланып, жерде жатканын көрдү. Биринчи ирет ал өзүнөн мурда инисинин абалын билгиси келди. Дарыгерлер бириге аны карап жаткан экен. Көзүн ачкан Билгини көргөн сөөкчү жанындагысына бул жакты өзүм бүтүрөм дегендей белги берди. Ошондо ал бери басып келип, эсине келген Билгини карап, «кандайсың» дегендей суроолуу карады. «Жакшымын» дегендей жоопту алгандан кийин ал өзүн карап турган атка келди. Жаныбар бир бутун көтөрө куюлган каны басылбай, кыйналып турган экен. Дарыгер анын көзүнөн бир ирмемде сыртка жылт эте чыга калган жашын көрдү да аны абдан аяп кетти. Ат ооруга чыдабай ыйлап жаткандай түр берди. Аракеттенип, курмушу күйгүзүп, аттын соорусуна басты. Куюла чыгып жаткан кан шырылдап күйө бир топтон кийин ката берип басылды. Акылдуу ат жаны ооруса да өзүнүн дарыланып жатканын сезгендей кармоосуз эле тынч туруп берди. Акырында ал аттын найза тийген жерине жука кийиз салып, аркан менен таңып таштады.

Ага иниcинин катары менен катуу жарадар болгонун көргөн айыл башы чаап келип, алардын абалын көрүп, аттан түшүп кайгыра карады да дарыгерлерге жолтоо болбоюн деп, четке чыга берди. Анын түнөргөн жүзүнөн, түйүлгөн кабагынан жанындагылар кайгыга алдырып турганын байкашты. Эгерде экөө катары менен жаздым болуп кетсе айыл элинин, өзүнүн бир эмес, эки капталы эңшерилип түшөрүн сезинди. Айыл башынын абалын байкаган дарыгер аны жубата сүйлөдү:

– Теңир жалгаган экен, Билгинин баш сөөгү аман. Аны туулга сактаптыр. Чокмор аябагандай катуу согулган экен, туулга баш сөөккө бата бериптир. Мээси чайкалып калса керек, эсине келип, келбей жатат. Эми ага жалаң тынчтык керек. Ага бериле турган жардам кыймылдабай жатыш. Чайкалган мээ ошондо гана ордуна келет деген ишеним бар.

Ушу маалда Билги дагы эсин жогото берди. Тунжур дүйнө аны өз өлкөсүнө алып барып, кетирбей турду. Бул жерде иши болбогондон кийин дарыгер сөөкчүгө кошулду. Ал жарадардын кийимин чечип, жараны көрүп турган экен. Экөө жылаңачтап, оң ийинин карап, урунган жерди көрүп, ичиркене түшүштү. Абал алар ойлогондон да оор болуп чыкты. Чокмор согулгандан баштап шырылдана аккан кан оң капталын суу кылып жибериптир. Сөөк бычырата майдаланып, арасынан кан агып жатат. Дарыгерлерге сөөктөрдүн бири-биринен ажырай, чытырата үнү угулгандай болду. Билгинин инисинин оң ийини катуу ооругандан күңүрт онтоду. Оорунун оор толкундары түрмөк болуп түрүнө, эсин оодара улам кайталана берди. Ал ушул убакта оң капталы бүтүндөй зыркыраган ооруга айланганын сезинди. Анын басылар түрү көрүнбөдү. Ошондо да агасы эсине түшө анын абалын сурады. Аны караган дарыгерден өзүн соорото турган жооп алгандан улам өзүнө келди. «Тууган да, – деп ойлоду дарыгер. – Кан деген кыйын турбайбы. Өлүм алдында жатса да агасынын абалын сурабадыбы. Анысы жакшы болду. Эми көңүлү аз да болсо жайына келди».

Ушунда Билги да эсине келе инисин, андан өтө жакында жүрүп кеткен кармашты эстеди. Баары жужандардын атайын даярдалган тобу учурду күтүп, жалгыздай түшкөн өзүнүн инисине карай жапырт ат коюудан башталган эле. Алар аны байкары менен жете келип, жабыла курчашты. Иниси адегенде бой бербей бир-экөөсүн аттан түшүрө чапты. Бирок жалгыздык кылып, көпкө топурак чача албады. Ал бет алдындагылар менен алышып жатканда билектүү бирөө капталынан качырып, чокмор менен башка берип калды. Билгинин иниси аны байкай бере буйтай берүүгө да үлгүрдү. Ошондо күчтүү колдон согулган оор чокмор анын оң ийинине зыңгырата тийди. Ошол замат Билгинин иниси ошол жаккы капталы жок боло, кыймылдабай калганын сезди. Сөөктүн бычырата сынган үнүн укту. Көзү караңгылап, теңселе берип оңолду. Дагы урууга умтулган жужанды ат коюп, жете келген айылдагылар токтотуп, аны өлүмдөн арачалап калгандай болду.

Билги оор эстенүүдөн көзү караңгылай берип оңолду. Анан оюн бура үстүндөгү көгөргөн асманды, андагы өзүн аяп карап тургандай элес калтырган ак булуттарды көрдү. Азыр асман кандай тунук, үнсүз. Азыркы көрүнүш кандуу кармаш жүрүп жатса да жашоо улана бере тургандыгын, бирөө кетсе экөө анын ордун басарын эсине сала бере жаткансыды. Билги ойлоно эс тарткандан дал ушул көгөргөн асман, андагы жорто жүргөн булуттар катуу таасир бергенин эстенди. Бурула дарыгерлер инисин карап жатканын көрдү да абалын билгиси келе ордунан турууга аракет кылды. Ошол замат көзү караңгылап, эсин жогото жыгылды да көптөн кийин өзүнө келди. Арадан бир топ убакыт өтсө керек. Дарыгерлер дале инисин карап жатышкан экен.

Билги эсин жогото электе өмүрүндөгү элестүү иштерин сыдырына баштан-аяк эстеп чыккысы келди. Эмнегедир көңүлү өзү ойлогондой айныбады. Мындан ары кандай болот, аны бир теңир билет. Ал келип турган учурду коё бергиси келбеди. Эгерде жаман айтпай жакшы жок болуп, тунжур дүйнөгө сапар алса, кызык жашаган өмүрү эстелбей калып калат деп чоочунду. Карабайсыңбы, чокмордун урумунан кийин кайран эс кылтылдап, келип-кетип турат. Оңбогон жужан аны ченеп сокпоптур. Башка бата берген туулганын орду азыр шишип, жооноё, көтөрүлө бергенин колу менен сыйпалап байкады.

Ал эс тарткандан берки жашоосун билет. Балалык чагы жөнүндөгү окуяларды ойлоно аны апасьнан, бүбү кемпирден, кошуна аялдан жана бакшы менен атасынан уккан. Алардын арасынан кошуна аялдын элеси эмнегедир калдайып көрүнө берди. Аз сүйлөгөн, өзүн дайыма жакшы күткөн, жумуштан эринбеген, боорукерлигин иши менен билдирген, берешендиги сураганын аябастан бере бергени менен билинген, өңдүү-түстүү деле эмес, күйөөсүнүн сөзүн жерге таштабаган, сураганда дайыма жардамга келген кошуна аял жөнүндө өтө жакшы ойдо эле. Бирок, анын жашоодо согончогу канабады. Төрөбөгөндөн кийин ал Билгини төрөгөн аялдай карады. Апасына жардамдашып, аны эне катарында бакканын эстеп, ал жөнүндө мурда эмгегине анча маани бербегенин, өзүн асмандан түшкөндөй караганын ойлоп, өзүн күнөөлөдү. Ушунда ал адам өлүм алдында гана актыкка келип, эсине келет тура деген ойго бекип-бекибей  турду.

Эсин жыйганда ушул кезге чейинки жашоосу кызык жана кайталангыс болуп чыкты.

Бүбү кемпир

Бала төрөлгөндөн тартып эле айылдагы кишилерди таң калтырып келет. Себеби дегенде аялдар “ыңаалап” жарыкка келген баланы колдоруна алып көрүп, мүчө-башын байкап, ага баа беришчү. Бала энесинин денесинен бөлүнө сыртка чыкканда башкалардай болуп ыйлабай, тынч түштү. Анын бул жоругуна төрөлүп түшкөн наристелердин канчаларын көргөн кемпирлер айраң болушту. Бала жөнүндө ар ким, ар кандай ой жоруп, байкамдарын ортого коюшту. Алардын арасынан чачы эрте агарган, анысы акылмандыгын билдирген, бул жарык дүйнөдө Муңгуш бакшынын айтуусуна караганда ашык жашап, өлүп гана көрбөгөн, «жылаңач кемпир» деген атка конгон бүбү кемпир баланы көз токтотуп карап, оюн ишенимдүү билдирди:

– Балага ушул дүйнө жакты, башкалар сыяктуу ыйлап түшпөдү. Сырт дүйнөнү түшүнбөсө да жактырып карады. Ал ушул убакка чейин караңгы жерде жашап келбедиби. Жарык дүйнөнүн кызык экенин туйду.

Жанындагы өзү курактуу кемпир анын сөзүн аягына чыгарбай суроо салды:

– Туйду дейсиңби? Койчу, кайдагыны айтпай. Жаңы төрөлсө аны кайдан туйсун.

Бүбү кемпир тигинин сөзүн бөлүп, оюнан ажыратып жибергенин жактырбады. Ошентсе да ага жооп берди.

– Ооба. Баланын өзү билбеген, өзү түшүнбөгөн, чоңойгондо гана унутуп-унутпаган туюму болот. Биз деле көрүп билбегенди туябыз го. Бала ооруганда аны ыйлоо менен билдирет. Дүйнөгө адеп келгенден тарта туюму менен тааный баштайт.

Ушунда гана курбусу анын сөзүнө ынанды. Туюм дегендин маанисин түшүнгөндөй болду. Кайра суроо жаңыртпагандан кийин ал мурда айтылып бүтө элек оюна кайтып келди:

– Баладан боорукер, кайрымдуу, өнөр адамы чыккыдай. Ал ушул жактырган дүйнөдөн эл кааламын таап чыгат.

Ал ушинте өтө ишенмдүү айтып, жанындагы кемпирди нукуп өттү. Бул анын жаш кезинен берки көнгөн адаты. Бүбү кемпир бул кылыгын такыр таштай албай койду. Ушундан улам Айман деген кыз кезиндеги аты калып, Нукума деген аты элге жайылып кетти. Табият тарабынан адамдын жан дүйнөсүнө жашынан салынып коюлгандан кийин аны таштоо кыйын, ал турсун мүмкүн эместиги бүтүндөй ушул кезге чейинки адам жашоосу менен далилденип келет.

Анын азыр адам туюмун таап айтканын, баладан өнөр адамы чыгат деген сөзү үйдөгүлөргө жагып, жакпады. Дегинкиси аларга өнөр адамынан мурда жоокер киши керек болуучу. Бул азыркы кездеги, дегеле жоокерчилик замандын койгон талабы экенин олтургандар билишет. Анын үстүнө баланын сырт дүйнөнү жактыра түшкөнүн Бүбү кемпирдин байкап айтканына карабастан, үйдөгүлөр ишенип, ишенбеди. Себеби түйүлдүк болуп түйүлүп, караңгылыкта тогуз ай жаткан бала башка, айырмалуу дүйнөгө чыкканда чоочунат, ошондон улам ыйлап түшөт деген божомол алардын эстеринде.

Баланын энеси да азыркы айтылган сөзгө ишенип-ишенбесин билбей турду. Бирок, Бүбү кемпирдин айтканы ага жага бербей калды. Ушул сөз божомол болбой чындык болуп калса эмне деп, теңирден тиленди.

(Уландысы бар)

Курманалы Сапарбаев, жазуучу

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар