whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактар«Алтынкен» компаниясы балдарды майрамы менен куттуктады

«Алтынкен» компаниясы балдарды майрамы менен куттуктады

«Алтынкен» компаниясы  2024-жылдын 31-майында Кемин районунун кичинекей тургундарын 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Көптөн күткөн майрамдарына карата балдар үйүн ар түрлүү шариктер менен кооздоп, тарткан сүрөттөрүн атайын тактага илишкен.

Иш-чара Орловка шаарында жайгашкан “Нурмээайса” балдар үйүнөн башталды. Куттуктоого Кемин районунун акими Кутпидин Шакиров, Орловка шаарынын мэри Бактыбек Чанчаров жана «Алтынкен» компаниясынын башкы директорунун орун басары Акыл Токтобаев баш болгон жооптуу кызматкерлер, РИИБнын кызматкерлери катышты.

“Нурмээайса” балдар үйүндөгү тарбиялануучулары белектерге көңүлдөрү көтөрүлүп, келген меймандарга өз күчтөрү менен даярдалган чакан концерттик программасын тартуулашты. Алардын “Мама” аттуу ырын укканда, коноктор көздөрүнө жаш алды.

«Алтынкен» компаниясы  салтка  айланган белектерин балдарга таратып, “Нурмээайса” балдар үйүнө 1 кой, 5 кап ун, өсүмдүк май, жер-жемиш, таттууларын тартуу кылышты. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, 2022-жылдын  24-майында «Алтынкен» компаниясынын башкы директору Вэн Яфэнь 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кемин районундагы жардамга муктаж 125 балага жардам берүү максатында  500 миң сом бөлүп,  акчалай жардам көрсөткөн.

Акыл ТОКТОБАЕВ:

– Балдар, силерди Балдарды коргоо күнүңөр менен «Алтынкен» компаниясынын атынан куттуктайм. 1-июнь – бул балдарды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам деп койсок болот. Анткени, бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү күнү.

Ошондуктан, кандай кырдаалга туш келбегиле биздин келечегибизсиңер. Компания ар дайым силерге жакындан жардам берип келген жана жардамын бере берет. А силер жакшы окугула, тартиптүү болгула, силерге ден соолук, окууңарга ийгилик каалайм, – деди Акыл мырза.

Иш-чара Кемин шаарында уланды. Анда, Кемин районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 90 баласына акчалай жана материалдык жардам көрсөтүлдү. Тизмеге ата-энеси жок жетим балдар жана оорудан майыптыгы бар балдардын ар бирине  50 кг ун, 5 литр өсүмдүк майы, таттуулар салынган пакет шарлары менен таратылды.

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кутпидин ШАКИРОВ:

– Бала жылмайса, аалам жылмаят, – деп бекеринен айтылбагандыр. Балдар – биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңоюуга укуктуу.

Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо үчүн мамлекет, ата-энелер, жалпы эле чоңдор аларды зордук-зомбулуктан, турмуштун суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп тарбиялашыбыз керек. Келечек ээлерин коргоп алуу – биздин милдетибиз.

Баарыңарга бактылуу балалык, бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайм.

Орловка шаарынын мэри Бактыбек ЧАНЧАРОВ:

– 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз. Бул күнү ар бир ата-эне балдарына мээримин жана сүйүүсүн төккөнгө умтулат. Эң башкысы, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден соолук, тоодой бак-таалай каалайм. Акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. Майрамыңар менен балдар!

“Нурмээайса” балдар үйүнүн директору Гульнара КИРИБАЕВА:

– Бүгүнкү күн балдарга кубаныч тартуулаган күн, ушул күн жакындаган сайын балдарыбыз «Алтынкен» компаниясын күтүшөт. Себеби, жыл сайын балдарга таттуу, балмуздак ж.б. майрамдык белектерин тартуулашат. Чындыгында, бул компания ишмердигин баштаган күндөн тарта биздин «Нурмээайса» балдар үйүнө жакындан жардам берип келет. Ар бир майрамда келип куттукташат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, компаниянын жетекчилерине  ыраазычылыгымды айткым келет: ишиңерге ийгилик, ден соолук болсун. «Алтынкендин» иши өркүндөп өссүн, кыргыз эли анын ичинде кеминдиктер үчүн ушундай кайрымдуулук иштериңер көп болсун, – деди Гульнара айым.

Орловка шаарынын тургуну Жумаилова Перизат:

– Ар бир ата-эне баласынын ден соолугу чың, аман-эсен, акылдуу өсүшүн каалайт эмеспи. Бирок, кызым оорукчан болуп калганы менин жүрөгүмдү оорутат. Мага жана кызыма мамлекет тарабынан, «Алтынкен» компаниясы жакындан жардам бергени кубандырат. Жалгыз эмес экенбиз, жардамдар берилип жатат деп ойлоп коем. Мына өзүңүздөр көрүп тургандай компаниядан белектерди көрүп ар бир бала сүйүнүп жатышат. Андан сырткары, ун, май алып, үйүбүзгө дагы жардам. Ыраазычылык «Алтынкен» компаниясына,  иштерине ийгилик болсун, – деди Перизат айым.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

 

 

 

 

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар