whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешН.Шакиев Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолукту

Н.Шакиев Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолукту

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолду.

“Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Айрыкча, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди төрага.

Өз кезегинде президент Ильхам Алиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди жылуу кабыл алып, бул расмий сапар байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Муну менен катар Ильхам Алиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 млн. АКШ долларынан 100 млн. АКШ долларына чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгилеп, биргелешип ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар