whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси курула баштады

Бишкекте дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси курула баштады

Бишкек шаарынын Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Имарат план боюнча тик бурчтуу формада болот, эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт.

Комплексте төмөнкүдөй жайлар каралган: процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, кабыл алуу бөлмөсү, гардероб, күрөш залы, телескопиялык трибуналар, кийинүүчү жайлар, душ кабиналары, башчынын кабинети, коридор, машыгуу залы, санузел жана машыктыруучунун кабинети.

Белгилей кетсек, бул дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу Бишкек шаарында спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн шарттарды жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар