whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик желекти өрттөгөндөр кармалды

Мамлекеттик желекти өрттөгөндөр кармалды

Ансыз да коомдо дин жаатында ар кандай жиктелүүлөр, бөлүнүп-жарылуулар тыйылбай жатканда белгисиз адамдардын Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кетиши элдин эсин эки кылды. Бул окуядан соң Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери бул боюнча атайын иштер жүргүзүлөрүн айтышса, Кыргызстан диний мусулмандар башкармалыгы муну мамлекеттик органдар дыкат иликтеп, чара көрүшү керектигин билдирген болчу. Буга удаа эле муфтият ЖМКлар аркылуу элди Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер–мамлекеттик туу, герб жана гимнди кастарлап жашоого үндөгөн чакырык таштаган. 

1-июнда УКМК менен ИИМдин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик желекти өрттөгөн Бек-Абад айылынын 19 жаштагы тургуну А.К.М. жана 16 жаштагы А.Н. кармалышты. Тергөөдө алар “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды. А.К.М. аталган уюмга 2022-жылы мүчө болуп кирип, ант берип, 2023-жылдан тарта Бек-Абад айылынын жашоочуларын уюмга тарта баштаган. Ошол жылы ал А.Н.ны өзүнө окуучу кылып алган.  2024-жылдын жазында алар Жалал-Абад шаарынын «Береке» базарынан ак кездеме, «Бек-Абад» базарынан кара маркерлерди сатып алышкан. 29-майдан 30-майга караган түнү экөө араб жазуусу бар ак желектерди даярдап Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептердин дарбазаларындагы жана уюлдук оператор мунарасындагы мамлекеттик желектерди алмаштырышкан. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик желектерди  өрттөшкөн.

Түнү жасалган кылмышты иликтөө учурунда А.К.М. аттуу жарандын 1979-жылы туулган апасы Т.М.Ю., 1995-жылы туулган агасы А.у.А. да кармалды.  Ошондой эле анын жакын туугандары “Хизбут-Тахрирдин” жактоочулары экени, атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган. А.Н. болсо салттуу исламды карманган таякесинин камкордугунда ата-энесиз өскөнү белгилүү болду. А.К.М. болсо экстремисттик идеологияны Бек-Абад айылынын тургундары 1980-жылы туулган Б.М.Ш. менен 1977-жылы туулган У.З.С. дан үйрөнгөнүн айтып берген. Булар өз кезегинде жашы жете электерге жашыруун “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп келишкен. Мындай маалыматтар алынган соң бул адамдар жашаган үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, экстремисттик адабияттар табылган. Ошол эле учурда, алдын ала сурамжылоо учурунда кармалган жарандар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү «Хизбут-Тахрирдин” мүчөлөрү экенин тастыкташкан. Натыйжада желекти өрттөөнү уюштурган А.К.М., анын жардамчысы А.Н., өрттөөнү уюштуруучунун апасы Т.М. Ю. жана уюштуруучунун агасы А.У.А. жана  экстремисттик адабияттардын дааватчылары Б.М.Ш. жана У.З.С.лар да кармалышты. Кармалгандардын баарына тыюу салынган “ХТ” экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда. Ал эми өрттөөнүн уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылды. УКМКнын, ИИМдин маалымдашынча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, аталган уюмдун аялдар канатынын мүчөсү болгон А.К.М. 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген. Так ушул Атабеков айыл өкмөтүнөн 2014-жылы Сирияга кеткендер көп болгон. Демек, бул аймакта али да болсо экстремисттик уюмдун тамыры бар десек болот. Андыктан, бул иш боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттери, Кыргызстан диний мусулмандар башкармалыгы тынымсыз иш алып барып, өспүрүмдөрдүн салттуу ислам дининен башка агымга тартылуусуна жол бербеш керек.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар