whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент: "Финансы министрлигинин иши өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугуна оң таасирин тийгизди"

Президент: «Финансы министрлигинин иши өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугуна оң таасирин тийгизди»

Бүгүн, 7-июнда, президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,8 млрд. сомду түзгөн. 3 жылдан кийин бул көрсөткүч 577 млрд. сомго жетти. Ал эми быйыл консолидацияланган бюджетинин көлөмү 670 млрд. сомго чыгат деп болжолдонууда. Ошондо дээрлик 400 млрд. сомго көтөрүлөт.

Ал эми бюджеттин каражаттары социалдык объектилерди, авто жолдорду, ирригациялык курулмаларды, каналдарды курууга жана оңдоп-түзөөгө, ошондой эле региондордун инфратүзүмүн жакшыртуу жана мамлекеттик компаниялардын уставдык капиталын көбөйтүү сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталып жатканын президент айтып өттү.

“Мурда ири долбоорлор тыштан карыз алып жүзөгө ашырылып келген болсо, азыр өзүбүздүн ички ресурстарыбыздын эсебинен пайдаланып, ишке ашыруудабыз. Натыйжада фискалдык өзгөрүүлөр кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин бюджетинин экономикадагы үлүшүн чоңойтуп жатат. Бюджеттин кирешесинин өсүүсү элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча саясатыбызга салмактуу негиз болуп берди. Ал чоң-чоң долбоорлордон тартып, жарандарды социалдык колдоо чөйрөсүнөн дагы байкалууда. Албетте, мунун баары биздин Финансы министрлигибиздин туура эсеп-счет жүргүзгөндүгүнөн болуп жатат”, — деди өлкө башчысы.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар