whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБ.Төрөбаев Сокулуктагы асыл тукум мал чарбаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Б.Төрөбаев Сокулуктагы асыл тукум мал чарбаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган Сокулуктагы «Чабрец» фермердик асыл тукум заводу менен «Дана Агро» дыйкан чарбаларында болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр селекциялык, технологиялык жана малдын асылдуулугун арттыруудагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө импортту алмаштыруу, эл аралык стандарттарды жана алдыңкы технологияларды киргизүү менен асыл тукум малдын продукциясынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

Ошондой эле фермерлерге асыл тукум иштерин уюштуруу, малга тоют даярдоо боюнча семинарларды өткөрүү, мал чарбасына санариптик технологияларды киргизүүнүн артыкчылыктуу жактары каралды.

Иш-чаранын соңунда асыл тукум чарбалары туш болгон айрым көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү, малдын асылдуулугун арттыруу, жасалма уруктандырууда жетишкен тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн «Чабрец» менен «Дана Агронун» базасында практикалык семинарларды уюштуруу маселеси макулдашылды.

Айта кетсек, «Чабрец» фермердик асыл тукум заводунун ишмердүүлүгү ири мүйүздүү малдын голштино-фриз жана швиц породаларынан сүт, койдон эт-май өндүрүүгө багытталган. Анда голштино-фриз, швиц, абердин-ангусс жана гиссар өңдүү пародадагы асыл тукум мал багылат. Чарбанынын материалдык-техникалык базасы 18 гектар жер, 4 эгин оруучу комбайн, 23 трактор, 10 автоунаа жана башка 36 техникалык каражаттардан турат.

Ал эми «Дана Агродо» болсо голштино-фриз, симментал породасындагы уйлар багылат.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар