whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов, андан ары Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүу токтотулат.

Бул убакта жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу жана шаардык кызматтардын рационалдуу иштеши үчүн диаметри 400 мм болгон суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, шаар тургундарын күн бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн 14 унаанын жардамы менен ичүүчү сууну жеткирүү уюштурулат. Ошондой эле биодааратканалар орнотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар