whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешБоор алмаштырууну үйрөтүшкөн боордоштор

Боор алмаштырууну үйрөтүшкөн боордоштор

12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, аталган ишти алып барган кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Жыйында бул маселе боюнча баяндама жасаган “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов белгилегендей, Кыргызстанда боор оорулары көбөйүп, бул жаатта операцияга муктаж жарандарыбыздын арбын экени баарыбызга маалым. Бул көйгөйдү өлкө башчысы да өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү иштерди алып баруу тууралуу тапшырмаларды берген. Ал арада Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинде эмгектенген мекендешибиз Закир Азизов демилге көтөрүп, иштер башталган. Натыйжада аталган университеттин ректору Ахмед Кызылай башында турган дарыгерлер тобу Кыргызстанга келип эки жараныбызга операция жасашты. Операция ийгиликтүү болуп, кыргыз медицинасында өнүгүүнүн жаңы барагы ачылды.

Андан тышкары, ал Инөнү университетинде жетимиштен ашуун кыргызстандык дарыгер бекер окуудан өткөнүн эске салды.

Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору, доктор Сезай Йылмазга, башкы дарыгери, доктор Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаковго Жогорку Кеңештин ардак грамоталарын тапшырды.

Инөнү университетинин ректору Ахмед Кызылай боорду алмаштыруу жаатында жасалган операция Кыргызстан үчүн эле эмес, чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу болорун билдирди.

А доктор Сезай Йылмаз мындай операция Түркияда алгач 1988-жылы жасалганын айтып: “Кыргызстандык дарыгерлер да тажрыйбасын арттырып, жакынкы жылдары саламаттыкты сактоо тармагында чоң бурулуштарды жасарына терең ишенебиз”, – деди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар