whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Жапаров: "Кыргызстан бардык экономикалык милдеттенмелерин аткарууга жөндөмдүү өнөктөш"

А.Жапаров: «Кыргызстан бардык экономикалык милдеттенмелерин аткарууга жөндөмдүү өнөктөш»

Кыргызстан өзүнүн бардык экономикалык милдеттенмелерин аткарууга жөндөмдүү ишенимдүү экономикалык өнөктөш. Бул тууралуу “MINEX Борбордук Азия” X тоо-геологиялык форумунда сүйлөп жатып, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Форумдун конокторунун алдында сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров өлкөдөгү жалпы кырдаалга – акырында инвестициялык жагымдуулукту жана жигердүүлүктү аныктаган саясий, экономикалык жана социалдык процесстердин өнүгүшүнө токтолду.

«Биринчиден, өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышынын негизинде өлкөдөгү саясий туруктуулукка жетиштик. Биз көмүскө экономиканы кескин кыскартууга, бюджетке түшүүчү салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө, ошого жараша мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына, «балык менен эмес, кайырмак менен» деген принцип боюнча калктын аз камсыз болгон катмарынын активдүүлүгүн жогорулатууга, социалдык контракттарды уюштурууга, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы катуу күрөш жүргүзүүгө жетиштик Жыйынтыгында өлкө президенти Садыр Нургожоевич баштаган өлкө жетекчилигинин багытын калктын 82%ы колдойт. Бул фактыны биз эмес, Эл аралык республикалык институт (IRI) ачыктады. Эл бардык тармакта жакшырып баратканын көрүп, сезип турат. Үч революциядан кийин өлкө азыр экономикага, жаратмандыкка бурулду деп айта алабыз», — деди ал.

Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасынын өсүшү өзгөчө туруктуу өнүгүүнү көрсөттү – ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түздү. Экономикалык өсүш бардык тармактар тарабынан камсыз кылынууда. Айрыкча курулушта жогорку инвестициялык активдүүлүк жана рекорддук өсүш темпи байкалууда. Алсак, 2024-жылдын биринчи кварталында негизги капиталга инвестициялардын өсүшү 66,6%ды, курулуштун дүң продукциясы 53,8%ды түздү. 2023-жылы тарыхый этаптан өттү – өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 миллиард сомдон ашыкты (болжол менен 14 млрд. АКШ долларын) түздү, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жогору.

ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөн. Кыраакы акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин басаңдады. Мындан тышкары, 2024-жылдын май айына карата инфляциянын жылдык деңгээли 4,4%ды түздү. Фискалдык реформалардын натыйжасында акыркы 3 жылда консолидацияланган мамлекеттик бюджет эки эсеге өстү.

«Жакында Moody’s рейтингдик агенттиги өлкөнүн кредиттик рейтингинин болжолун терстен туруктууга көтөрдү жана эмитенттин жергиликтүү жана чет элдик валютадагы узак мөөнөттүү рейтингин B3 деңгээлинде тастыктады. Бул фактылар, мен жогоруда айткандай, мамлекеттин өзүнүн финансылык милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткара алган ишенимдүү өнөктөш катары чыңдалгандыгын көрсөтүп турат», — деди ал.

МинКаб башчысы жакында эле коңшу мамлекеттер менен кылымдын курулушу боюнча документке – Камбар-Ата ГЭС-1ге кол коюлушу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү максаттарга жетүү жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригип кете аларынын мисалы экенин белгиледи. Бул долбоор аймактагы энергетикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаңы этабын символдоштурат.

«Башкача айтканда, кээ бир сенсациячыл журналисттер божомолдогондой, Борбор Азияда суу ресурстарына ээ болуу шоусу болбойт, бирок бардык элдердин жыргалчылыгы үчүн тынчтык кызматташуу болот. Биз өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз. Биз өнөктөштөр менен байлыкты адилет бөлүшүүнү каалайбыз. Уинстон Черчилл: «Капитализмде байлык адилетсиз бөлүштүрүлөт, ал эми социализмде жакырчылык адилеттүү бөлүштүрүлөт» деп айткан. Тарыхыбызда жакырчылык бир тарапка, байлык экинчи тарапка калыс бөлүштүрүлгөн учур болгон. Биз өнөктөштөр менен байлыкты адилет бөлүштүрүүнү, элибиздин кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалайбыз», — деди ал.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров ар бир инвестор Кыргызстандагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, активдүү инвестициялай алат деп баса белгилеп, натыйжаларга жана жаратууга багытталган мамилелердин жаңы барагын ачуу мезгили келди деп кошумчалады.

Форум “Борбордук Азиядагы тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген теманын алдында өтүүдө. Форумга Борбор Азиянын 22 өлкөсүнөн, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы Чыгыштан 100дөн ашык компания жана уюмдар катышууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар