Өткөн аптада улуттук адабият, анын ичинде китеп окурмандары үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти С.Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн 50 китептин бет ачары болуп өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул туурасында социалдык баракчасына: “Урматтуу кыргызстандыктар, кадырлуу адабият окурмандары, китеп сүйүүчүлөр!
Өтө маанилүү жаңылык менен бөлүшүп, маңдай жарыла кубанып турам.
Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен кыргыз тилинде 50 китеп, ар бириси 2 миң нускада басылып чыкты. Мамлекет башчыбыз былтыр августта кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыкка кол койгондон бери, маданият тармагында көптөгөн жаңылыктар болуп атканын көрүп жатасыздар.
Китептердин арасында дүйнөлүк классикалардын котормолору, кыргыз жазуучу-акындарынын китептери, балдар адабияты бар. Жакынкы күндөрү республикадагы бардык китепканалар ушул жаңы чыккан китеп менен толукталып, окурмандарга сунушталат.
Сиздер жакшы билгендей өлкөбүздөгү китепканалар кыргыз тилиндеги жаңы адабият менен толукталбай келген. Бул китептер иштин башталышы гана. Мындан ары акын-жазуучулардын талапка жооп берген китептери мамлекет тарабынан колдоого алынып, басылып чыгып турат. Ал эми негизги көңүл котормого, аларды биздин элге адаптациялоого бурулмакчы” деп ой бөлүштү.
Чындыгында да мамлекет башчысынын колдоосуна ээ болгон бул долбоор коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, 100 автордон 100 китеп долбоорун салтка айландыруу керектигин, ал китептерди жер-жерлерге таратып, айылдык китепканаларды айылдык интеллигенциянын, китеп окурмандарынын башын кошкон маданияттын куттуу очогуна айландыруу зарыл экендигин белгилеп жатышат.
Биерде белгилеп койчу нерсе, Президенттин колдоосу менен чыккан китептер китепканаларга таратылып , авторлорго калем акы төлөнөт. Эгер соңку 33 жылда китепканалар фонду толукталбай, авторлор калем акы алмак түгүл, өз китептерин өз каражаттарына чыгарып калганын эске алсак, анда бул долбоор мамлекет тарабынан каржыланып, улуттук адабиятты материалдык колдоого алган акыркы чейрек кылымдагы алгачкы саамалык экенин белгилеп коюуга тийишпиз.
Улуттук жазуучулар союзу тарабынан тандалып алынып, жарык көргөн чыгармалардын катарында Топчугүл Шайдуллаеванын “Кадакчы”, Бейшебай Усубалиевдин “Жомок”, Элмира Ажыканованын “Дубал саат”, Жумабек Токтогазиевдин “Белгисиз адамдын жазгандары”, Калчоро Көкүловдун “Жата конок”, Папан Дүйшөнбаевдин “Могойнаама”, Рыспек Адиевдин “Күндү тоспо”, Мамат Сабыровдун “Ырчы менен корбашы”, классикага айланган котормолордон И.Калашниковдун “Каар заман”, Р. Гамзатовдун “Менин Дагестаным”, Дж. Лондондун “Мартин Иден”, Я. Кавабатанын “Миң канаттуу турна”, С.Цвейгдин “Бейтааныш аялдын каты” ж.б. бар. “Балдар адабияты” сериясынан да бир катар китептер жарык көргөн.
Бизде минтип Президент Садыр Жапаровдун кызматка келиши менен улуттук адабиятка көңүл бурулуп, колдоого ээ боло баштаса, кошуна өлкөлөрдө адабиятты мамлекеттик деңгээлде колдоо анчейин жаңылык деле эмес. Аларда союз кезиндегидей эле адабий гезит, адабий журналдары жарык көрүп, акын-жазуучуларынын китептери мамлекет тарабынан каржыланып басылып, калем акысы төлөнүп келет.
Кошуна Өзбекстан өткөн жылдан баштап “Түркий адабияттын дүрданалары” долбоорун баштады. Алар тили жагынан тектеш кыргыз, казак, түрк, татар, азербайжан, башкыр, түркмөн, якут, каракалпак, алтай, хакас, ногой, кумык, шор, төбөй ж.б. түрк тилдүү адабияттын мыкты үлгүлөрүн өзбек тилине которуп, 100 томдук китеп чыгарууну максат көздөп жатышат. Былтыр Бишкекке атайы ушул максат менен келип, кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн топтоп кеткен өзбек калемгери Зухридин Исамидинов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев китеп белек кыла турган жакшы адаты бар экенин атайын баса белгилеп айтканы эсибизде. Бизде деле ушундай эле долбоорду демилгелеп, бирок аны “Дүйнөлүк адабияттан 1000 китеп” атап, дүйнөлүк классиканы которсок, кыргыз адабий тилинин өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн болмокпуз.
Китеп –- көөнөргүс байлык. Бизде да бир жылдары грузиндер кызын узатканда сөзсүз түрдө салт катары Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырын” сепке кошуп берерин, биз да кыздарыбызга сеп бергенде, Саякбай менен Сагымбайдын вариантындагы “Манас” эпосун жана Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” романын кошуп берүүнү салтка айлантышыбыз керектиги демилгеленген. Бирок, ал деле унутта калды. Атүгүл соңку 25 жылда улуттук адабият жок болуп кете жаздап, акын-жазуучулардын адабиятка чындап берилгендигинен эле сакталып калганы жашырын эмес.
Кыскасы, кыргыз коомчулугу мамлекет башчынын улуттук адабиятка жасаган камкордугун туура кабыл алып, аны ар тараптан колдоого алууга тийишпиз. Бул демилгени ишке ашырып жаткан Маданият министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу өз ишине ат үстүнөн мамиле жасабай, долбоорду абийирдүүлүк менен аткарат деген ишенимдебиз.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”