Туз насип буйруп Чикагого…
«Туз насип буйруду» дегендей 2013-жылдын май айында менин турмушумда жагымдуу өзгөрүүлөр болду. АКШга барууга виза ачылып, 27-майда Иллинойс штатында жайгашкан Чикаго шаарына келдим. Ушул күндөрү неберем жарык дүйнөгө келмек. Биз күткөндөй эле, мен жеткен күнү уул неберем жарык дүйнөгө келип, үй-бүлөбүзгө чексиз кубаныч тартуулады. Сүйүнүчүбүз коюнубузга батпай, уулум экөөбүз көпкө чейин кучакташып, сагынычтын жана кубанычтын көз жашын араң токтоттук.
Уулум унаасын аэропорттон түз эле бейтапканага айдады. Үстүмө ак халат кийип, мен дагы палатага кирдим. Неберемди колума алып, жыттап, бир топ отурдум. Наристенин жытын сагынып калыпмын. «Өмүрлүү, бактылуу болсун” деп атын Өмүрбек койдук. Палатанын температурасы албетте мени чыйрыктырды. Сары жөжөмдү үшүтүп салчудай сезилди. Кондиционерди өчүрүп салууну сунуштадым, бирок бул жакта бейтапкана эмес, дүкөндөр (ал мезгилде супер маркеттер бизде ачыла элек кези), дарыканалар, тамактануучу жайлар, жада калса автобус сыяктуу коомдук транспорттор жайында салкын болот экен. Муздак чөйрөдө зыяндуу бактериялар жокко эсе болоору анык, балким мамлекеттик көзөмөл органдары талап койгондо, бизде деле жайкы аптапта коомдук транспортто жол жүрүү ыңгайлуу б.а. комфорттуу болмок. Кышкысын жылуу, жайкысын салкын жагымдуу шарттар өзгөчө коомдук транспортту пайдаланган пенсия курагындагы жарандарыбыз, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жаш балалуу энелер, такси кызматын пайдалана албаган окуучулар, студенттер үчүн зарыл эмеспи. Дүйнө жүзүндөгү жаштарды өзүнө тарткан АКШнын жетишкендиктери жөнүндө көптөгөн видеолор, интервьюлар, подкастар жана маалыматтар интернет желесинде арбын.
“Миң уккандан бир көргөн”
“Миң уккандан, бир көргөн” дегендей төрт жылга барабар өмүрүмдүн бир үзүмү “цивилизациянын борбору” аталган мамлекетте өткөнүнө өкүнбөйм. Тескерисинче, “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, элибиздин жашоо деңгээли өсүшкө баратканы кубандырат. “Бирок” деген кеп бар, эң эле оболу америкалыктардын саламдашуусунан баштасам, таң аткандан күн баткыча спорт кийимдерин кийип алып сейилдеп баскандары баскан, күндүн нурунан кубат алуу үчүн түшкү тыныгууда тамактануудан соң милдеттүү түрдө жөө басууга, велосипед тебүүгө да жетишишет. Бет алдыдан чыккан адам тааныш болбосо да саламдары түз. Жүздөрүнөн жылмаюу кетпегени өтө жагымдуу жана жаңы барган мигранттарга үлгү десем жаңылышпайм. Бир күндө 5 маал учураша бермей адат экен, кутман таң (good morning), кутман күн (have a nice day), кутман кеч (good evening), кутман түн ( good night), кандайсыз (how are you) деген саламдашуулар жаңы баргандар үчүн өтө жагымдуу жана бөтөн тилди кабыл алууга тоскоолдукту алып салгандай эле болду мен үчүн.
Коомдук транспортту пайдалануу маданиятына сөз жок. Унаалардын тазалыгы, ыңгайлуулугу, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын жасалган тепкичтер, пандустар арабалардын өлчөмүнө ченелип, аялдаманын деңгээлине чейин төмөндөп, кайра жогору көтөрүлөт. Жүргүнчүлөр аялдамага келген кезеги менен жөөлөшпөстөн, айдоочуга ар бири жылмайган жүзү менен саламдашып кирип, рахматын айтып, жакшы күн каалап (have a nice day) түшүп калышат. Саламдашуу маданиятынын окуусу барбы дейм да. Дегеним, Кыргызстанда коомдук унаага түшкөндө мен улуу болсом да учурашып өтөм, бирок алик алып баш ийкеген айдоочулар аз, кайра “эже мени тааныйсызбы?” – деп сурашат же жооп берүү жок.
Кайтып келген жылдары “Саламатсызбы!” деген төш белги (значок) же жарнамага буйрутма берип, коомдук жайларга таратсамбы деген ойлорум болгон. Нааразычылыгы же көйгөйү бар америкалыктар плакатка жазып, тактага илип алып, эл топтошкон жайларда, аялдамаларда эч кимге тоскоолдук жаратпастан, өзүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышат. Балким журналисттер, блогерлер көңүл бурат же тартип сакчылары жардамга келет деп күтүп тынч тура беришет экен. Светофорго токтогончо ар кыл жанрдагы жаш музыканттардын аткаруусундагы ырларды, обондорду угуп, ыраазычылыгын билдирип, кээ бири акча таштаса, экинчиси коштоп ырдап – бийлеп кол чаап кубаттайт. Бул көрүнүш демократиянын – эркиндиктин белгилериби деп калчумун. Азыркы күндө Бишкектеги жаштар да көчө артисттери боло башташты, такшалуубу же каражат табуунун аракетиби, айтор уруксаты болсо, тартип бузбаса эмнеге болбосун?
Кесибим мугалим болгондуктан, борбор калаабыздагы мектептерде, колледжде жана китепканаларда эмгектенип келем. Окуучуларга, студенттерге айтканыбыз айткан, тарбияны бергенибиз берген, бирок бала тарбияны ата-энеден, үй-бүлөдөн алат, чоңойгон, өскөн чөйрөсү таасирдүү болоорунда шек жок. Жаштарыбызды тарбиялоону саламдашуудан, жылмаюудан баштасак жаңылбайбыз. Кытай эли мамлекетинин экономикасын жылмаюу менен гана дүйнөнүн эң алдыңкы орунуна чыгарып келишкени сыр эмес. Кабак-кашты бүркөп алып, кагынып-силкинип жооп берүү, улууларга сөз кайтаруу, тоготпоо менен мамиле кылуу коомубузда көп учурайт. Улуу муундар өзүбүздү коомдо алып жүрүшүбүз менен жаштарга үлгү болуп берсек деген сунуштар көп айтылат. Учурашканда “саламатсызбы”, “рахмат”, “жакшы калыңыз” деген сыйкырдуу сөздөрдү эринбей, жылмайып туруп айтсак маанай ачылбайбы, көңүл көкөлөбөйбү. АКШга жетүүгө жаштардын көбү умтуласыздар, кыялданасыздар. Келгиле, алтындарым, адегенде саламдашканды унутпай, адат кылып алалычы!
Кыргызстаныбызга суктангандар четинен чыгат, жете албай жүргөндөрү канча? Кылымдарды карыткан элдик педагогикабызды жаштарга өткөрүп берүүдө жогорку муундар мени колдойт деп ишенем.
Америкалык жашоо образы
Барганыма бир ай өтпөй эле алыс эмес жерден акысыз англис тилин үйрөтүүчү курстан сабак алып жүрдүм, курсташтарым испан тилдүүлөр болуучу. Алардын тилине түшүнбөсөм да, жүздөрүндөгү жылмаюу мен үчүн жагымдуу, тез эле аралашып, тилди өздөштүрө баштадым.
Уулум такси кызматында, келин студент, мен алгачкы 2 ай неберем менен алекмин. Эртели-кеч сейил бакка, балдар үчүн аянтчага күндө чыгабыз, ошол жылдары Чикагодо 5 миңдей кыргыз кыз-жигиттери бар эле, азыр көбүрөөк болуп калышты. Балдар аянтчасындагы төшөлгөн резина же төгүлгөн таарындылар, кыймылдуу оюндар үчүн орно-тулган инвентарлар (азыр менчик бала бакчалардан көрүүгө болот), баланын коопсуздугун эске алуу менен кылдат даярдалган селкинчек отургучу өтө ыңгайлуу жайгаштырылган. Бөбөктөр үчүн аянтчада өспүрүмдөр топ тээп же кубалашып чуркап тоскоолдук жаратпайт. Таштандыларды таштоо, семичке чагуу дегенди, көчөдө, өзгөчө коомдук жайда же балдардын жанында чылым чегүү, мас болуп тартип бузуу дегенди, үйлөнүү үлпөт той, кортеж унааларды көрө алган жокмун.
АКШдагы эң чоң болгон Мичиган көлү Чикагонун жашоочуларынын сүйүктүү эс алуучу жайы болгондуктан, элдин агымы үзүлбөйт экен. Ошого карабастан көлдүн жээгинин тазалыгы өтө суктандырат. Коомдук жайлардын, көчөлөрдүн тазалыгы чыны менен эле көз кубантат. Тамак-аштын калдыктары көк өңдүү челекке салынат да, көк машина алып кетет, кагаз кутулары (коробкалар) сары челекке чогултулуп, сары унаа алып жөнөйт, чөп-чар, жалбырак, бутактарды жашыл челектен жашыл өңдүү унаа жүктөөрү менен дароо майдалап, туурандылары кайрадан сейил бактарга төгүлөт. Газон чөптөрү жана түркүн түстүү гүлбакча көңүлдү сергитет. Карыган же ооруган бир түп бакты кесип салуу үчүн көптөгөн мекемелердин текшерүүсүн (анализдөө) өтүп, улуксатын алуу талап кылынат. Терек жашына, узундугуна жараша бааланып, бир күндө канча өлчөмдөгү абаны тазартаары аныкталып, ошол аймакка (менчик короо болсо дагы) көрсөткүчкө барабар болгон сандагы бир нече түп бак-дарактар отургузулушу аныкталгандан кийин гана уруксат берилет. Бакты кесер күн кошуналарга эскертилип, ал көчө полициянын көзөмөлүндө болот дагы унааларга жол жабылат. Мунун бардыгы мыйзамдуу түрдө адамдардын коопсуздугу үчүн каралган иш-чаралар. Кошуналар демекчи алардын макулдугу сөзсүз керектелет. Кошуна темасы өтө опурталдуу, себеби аны менен сый болбосоң, балдарыңа катуураак кыйкырып койсоң же түндөсү катуу музыка чыгып, анын уйкусун бузуп койсоң, заматта полиция келет, айып пул салат же жоопко тартат, баланы ата-энеден убактылуу ажыратып да коет.
Балдардын жана аялдардын укугу биринчи орунда турат, кийинкиде кары адамдардын укугу корголот, андан соң жаныбарлардын укугу каралган, андан кийин эркек жолдоштордун укугу турат экен.
Аялдар дем алыш күндөрү курбулары менен дүкөн кыдырып, салондорго барып эс алса, жолдоштору балдары менен эс алуу бактарына же машыгууга барышат. Дем алыштарын үй-бүлөсү менен таза абада, спорт менен машыгып өткөрүү адатка айланган. Окуучулардын чейректик каникул күндөрүндө атасына же энесине эмгек өргүүсү берилет. Балдар үйдө өз билгенин кылбай, маалы менен тамактанып, ойноп, сейилдеп, спорт менен машыгып, киного, китепканага баруусун ата-эне өз мойнуна алат жана кокустуктардан алыс болушат. Бизде дагы ата-энелер укуктарын пайдаланып, балдарына көзөмөлдүктү күчөтсө деген тилегим бар. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын, туура келе турган оң жактарын кабыл алууга эмнеге болбосун?
Бала 3 жашка чыккандан тартып бала бакчада (kindergarten) жумасына 3 жолу 2–3 саат акырындап мектепке даярдоо башталат. Бала эки айынан дагы, бир жашынан дагы баштап баккан бакчалар бар, менчик бакчаларды ачууга мамлекет колдоо көрсөтүп, үй шартындагы менчик бакчаларды көп. Эки айдан дегеним, энелерге ымыркай төрөлгөндөн кийин эки ай гана үйдө отурууга уруксат, ошондуктан бала караганга тарбиячы алышат.
Үйдү, короо-жайды тазалоо кызматтары өтө өнүккөн. Андай фирмаларды АКШга барып, жашоого жана иштөөгө укук алган жарандар жеңил эле ачып алып, эмгектенип жатышат. Мамлекет бизнес – ишкердик баштоого ыңгайлуу шарттарды түзүп, мыйзамды сактап, салыктарды убагында төлөп турган жарандарды колдойт. Салыктардын эсебинен жолдор ж.б. инфраструктурасы өтө өнүккөн өлкө экендиги баарыбызга маалым, бирок жарандардын эмгекке, кызматына кылган мамилеси үлгү боло алат. Мисалы, чөнтөк телефонду алалы, иш башталгандан түшкү тыныгууга чейин чалууларды автоответчик кабыл алат. Тыныгуу учурунда гана сүйлөшсө болот (эгерде иш телефон менен байланыштуу болбосо). Офистерде кызматкерлер үчүн эс алууга жана иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Көпчүлүк энелер, программисттер үйүнөн иштешет. Интернеттик тейлөө өтө жакшы, бир айга 50 доллар төлөп коюп, АКШнын бардык 50 штаты менен кабарлашып турууга мүмкүн. Чалуулар кечки 9дан кийин токтойт, себеби кызматтан кийинки жеке убактысын уурдаганга барабар.
(Уландысы бар)