«Алтынкен» компаниясы Курман айт майрамынын алдында салтка айланган кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Ооба, өткөн жылы Кемин районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө, Кемин шаарындагы «Күн шооласы» карылар үйүнө жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, компания турмуштук оор кырдаалга кабылган 20 кызматкерлерине жардам көрсөткөнүн баса белгилеп кетүү зарыл.
Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда «Алтынкен» компаниясы Орловкадагы кеңсесинин жанында гуманитардык жардам берүү иш-чарасын уюштурган.
Бул улуу майрамга башкармалыктын төрагасы Вен Яфэн баштаган компаниянын өкүлдөрүнөн тышкары Орловка шаардык кеңешинин төрагасы Мурат Токтакунов катышып, чогулгандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Алтынкен» компаниясынын жетекчилигинин Кемин районунун калкын ар тараптуу колдоо боюнча жүргүзүп жаткан социалдык саясаты менен дал келген Курман айт кайрымдуулук майрамы өтө көңүлдүү өттү.
Ушул эле күнү «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү Кемин шаарындагы «Күн шооласы» карылар үйүнө барып, козу, мөмө-жемиш, ун жана өсүмдүк майы түрүндөгү белектерин тапшырышты.
Ошондой эле жардамды аймактагы бардык муниципалитеттерге таратышты. Бул күнү ар бир үй-бүлөгө 50 кг ун, 5 литрден өсүмдүк майы берилди.
«Алтынкен» компаниясынын алдыга койгон максаты карапайым калкка жакындан жардам берүү менен жакырчылыкты азайтуу, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын жашоосун оңдоо.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”