whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери активдүү уланууда

Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери активдүү уланууда

Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушуна даярдык иштерин жүргүзүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражаттын эсебинен бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСинде көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннел казуу, жол салуу жана аны бетондоо, аба чубалгыларын тартуу, көмөк чордонун, жумушчулар үчүн убактылуу лагер куруу иштери аткарылууда.

«Энергетиктердин негизги максаты даярдык иштерин ыкчам бүткөрүү жана ГЭСтин курулушун эртелетүү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Бул багытта учурда аткарылып жаткан жумуштар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 318-чакырымынан №2 Прорезге чейин КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдунжалпы узундугу 5,6 чакырымды түзөт. Анын ичинен 3,6 чакырым жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлдү;
  • траспорттук туннелинин ТТ-2 жалпы узундугу чыгуу порталы менен 1388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 75 метр, экинчи чыгуу порталы тараптан 11,5 метр казылып бүттү;
  • 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, фазанын жалпы узундугу 4,605 км түзөт, узундугу 27,6 км болгон АЦ-150/24 эки чынжырлуу зымдар тартылды. Мындан тышкары 10 мамыча орнотулган;
  • КАГЭС-1 курулуш объектисинде подстанция ПС-110/6 кВ көмөкчордонду куруу, № 10, 11, 12 жана 13 авто жолдор тилкесинде топурак жана тоо тектерин өздөштүрүү иштери жүрүп жатат;
  • Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба (перемычка) орнотуу иштери аткарылып бүттү.
  • Көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын-ала долбоорлордун негизинде көпүрөнүн таянычтарын даярдоо жана №1,№4 таянычтарды орнотуу иштери жүрүп жатат;
  • Курулуш жумушчулары үчүн убактылуу лагердин негизи курулууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жасалып жаткан жумуштар ГЭСтин курулушун баштоону эртелетүү үчүн шарт түзүү масатында активдүү аткарылууда.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар