whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук банк эскертет. Сак болуңуздар!

Улуттук банк эскертет. Сак болуңуздар!

Акыркы убактарда алдамчылар Улуттук банкынын өкүлү делген, одоно жасалма документтерди көрсөтүү менен жарандарды алдап жатышат. Алардын максаты — жарандардын акча каражаттарына жетүү жана уурдап алуу.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке жана жашыруун маалыматтарды сурабай турганын эскертебиз. Белгилей кетсек, Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Андыктан, сак болуп, шылуундарга жеке маалыматты бербөөнү сиздерге сунуштайбыз.

Эч убакта жеке маалыматыңыздарды, картаңыздардын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиздер!

Эгерде өзүңүздөрдү алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуздар, болгон окуя тууралуу дароо банкка кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну сураныңыздар жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыздар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар