whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЫсык-Көлдө ТМУнун бизнес форунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Ысык-Көлдө ТМУнун бизнес форунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форумунун алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн кол өнөрчүлөрдүн жана буюмдардын көргөзмөсү өттү.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, көргөзмөгө түрк мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери келип, коюлган продукциялар менен таанышып, улуттук тамак-аштардан даам татышты.

Иш-чарага министрдин орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстанда аккредиттелген өлкөлөрдүн элчилери, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдөн – Венгриядан, Түндүк Кипрден жана Европа палаталарынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын бай маданиятын жана салттарын чагылдырган кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, зергер буюмдар, текстиль жана тамак-аш азыктары коюлду. Форумдун коноктору экспонаттарды кызыгуу менен карап чыгып, чеберлерге суроолорун берип, жергиликтүү деликатестерден даам татышты.

Форумдун катышуучулары иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешип, түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдиришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар