Cоюз мезгилинде стабилдүү иштеп турган бир катар завод-фабрикалар, комбинаттар эгемендик жылдарында жеке колдорго өтүп, айрымдары таланып-тонолуп жок болсо, айрымдары салыгын төлөй албай карызга батып, ишмердигин жүргүзө албай, кайрадан мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондой ишканалардын катарында Кара-Балта спирт заводу болгон. Буга чейин мамлекеттик ишканаларды колдоо максатында чыккан Президенттин жарлыгы аталган заводдун өнүгүүсүнө өбөлгө болгонун убакыт көрсөттү.
Ишмердигин жүргүзгөндөн бери 500дөн ашуун жумуш орундарын түзүп, кирешелүүлүгү, кубаттуулугу жогорулап, мамлекеттин казынасына миллиондогон салык төгүп, эл аралык конкурстарда ийгиликтерди жаратып келе жаткан “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору ИБРАЕВ Аман Жумагуловичке коомчулукту кызыктырган бир катар суроолор менен кайрылдык.
– Аман Жумагулович, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы кайсы убакыттан бери ишмердигин жүргүзүп келе жатат? Сиз жетектеген жылдардан бери ишкана кандай ийгиликтерге жетише алды?
– Кара-Балта спирт заводу тарыхы бар, мамлекеттик ири ишкана. 1942-жылдан бери иштеп келе жатат. Алгач Украи-нада ачылган экен. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Украинадан Кыргызстанга заводдун жабдыктары көчүрүлүп келиптир. Кыргызстанга алып келишкенде заводдун жабдыктарын, аппараттарын талаага орнотушуп, иштетишип баштаптыр. Кийин иштеп жаткан учурда заводдун имараты курулган экен. Ошол жылдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кара-Балта спирт заводу ишмердигин жүргүзүп, продукция өндүрүп келе жатат. Бирок Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин кыйынчылыктар жаралып, иштебей турган учурлар болгон. Тактап айтканда, завод 2013-жылдан тартып иштебей турган. 2021-жылы иштетели деген аракеттер болуп, 2022-жылдан тартып толук кандуу иштеп баштаган.
1942-жылы завод иштеп баштагандан бери мамлекеттин карамагында болгон. Бирок эгемендик жылдарда жеке менчикке өтүп, мамлекетке салыгы төлөнбөй калып, карызга батканда кайрадан мамлекет өз карамагына алган. 2015-жылдарда завод иштебегендиктен эч кандай киреше тапкан эмес. 2020-жылы 38 миллион, 2021-жылы 41 миллион сомго жакын чыгашага кириптер болгон.
Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен 2022-жылдан тартып завод киреше таап, көрсөткүчтөрү жогорулап баштады. Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн катышуусундагы эл аралык конкурстарда алдыңкы орунга ээ болуп, ийгиликтерди жаратып келе жатат.
– Бүгүнкү күндө заводдун кубаттуулугунун көрсөткүчү кандай?
– 2022-жылы 173 000 000 (жүз жетимиш үч миллион) сом киреше таптык. 2023-жылы тапкан кирешебиз 405 000 000 (төрт жүз беш миллион) сом болду. Кудай кут кылсын. Мамлекеттин карамагына өткөндөн бери ийгиликтерди жаратып, киреше менен иштеген заводго айландык. Өндүргөн продукциябыз бардык талаптарга жооп берет.
– Заводдун материалдык-техникалык базасы учурдун талабына жооп береби? Заводдун учурдагы өздүк капиталы канчалык?
– Завод мамлекеттин карамагында болгондуктан ага коюлган мамлекеттин талабы да күчтүү. Модернизациялык базасы күчтүү, замандын талабына жараша жаңы технологиялык процесстерди киргизип турабыз. Жакында эле Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн 17 – Эл аралык конкурста Кара-Балта спирт заводунан чыккан продукция “2024-жылдын мыкты спирти” деген номинацияда 2-орунга ээ болду. Конкурска катышкан көптөгөн өлкөлөрдүн арасынан 2-орунга ээ болуу Кыргызстан үчүн да, биздин завод үчүн да абдан чоң жетишкендик.
“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү күндөгү өздүк капиталы 491 000 000 (төрт жүз токсон бир миллион) сомду түзөт.
– Буга чейинки маегиңизде продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоо максатында долбоорлор менен иш алып барарыңызды айткан элеңиз. Ал долбооруңуз жүзөгө аштыбы? Кайсы чет өлкөлөр менен кызматташтыкта иш алып баруудасыз?
– Кандай гана өндүрүшчү болбосун анын максаты – чыгарган продукциясын экспорттоо эмеспи. Биздин ишканада да өндүргөн продукциябызды экспорттоону биринчи орунга коебуз. Анткени Кыргызстандын рыногун 100 пайыз камсыздагандан кийин экинчи талап экспорт болуп калат экен. Эфирдик альдегиддик фракция, тактап айтканда, бул спирт чыгарууда калган калдык продукция. Мына ушуну Өзбекстанга, Казакстанга экспорттойбуз. 2022-23-жылдары Россия Федерациясына медициналык спирт экспортточубуз. Азыркы учурда Россия менен Украинанын ортосундагы жана экономикалык кырдаалга байланышкан инфляциядан улам бул долбоорубуз убактылуу токтоп турат. Бирок, Россия Федерациясы менен бул долбоорубузду жандандырабыз деген ойдобуз.
– Спирт ичимдиктерин чыгарган “АЮ” компаниясы “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөнү эл арасында айтылууда. Бул айтылган кептердин чындыгы канчалык?
– Ооба, “АЮ” компаниясы мамлекетке өткөндөн кийин Кара-Балта спирт заводунун карамагына өткөн. Бүгүнкү күндө “АЮ” компаниясынын базасында өзүбүздүн продукцияны өндүрүп жатабыз. Жакында Кытай Эл Республикасына алкоголдук продукция экспорттоо боюнча келишим түздүк. Бүгүн-эртең экспорттогону турабыз.
– Сиз жетектеген завод өндүргөн продукция дүйнөлүк стандартка жооп береби?
– Жогоруда айтылгандай биздин завод мамлекетке карагандыктан ага талап да жогору. Албетте, биз продукция-ны өндүрүүдө талапка ылайык бардык технологиялык процесстерди сактайбыз. Өндүргөн продукциябыздын сапаты жогору болгондуктан көптөгөн өлкөлөрдүн катышуусунда болуп өткөн эл аралык конкурста 2-орунга ээ болдук. Ал эми эл аралык конкурска катышууга өндүрүлгөн продукциянын сапаты атайы лабораторияда тиешелүү адистердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана уруксат берилет.
– Кара-Балта спирт заводунун продукциясы башка фармацевтикалык компаниялар чыгарган продукциядан эмнеси менен айырмаланат? Өзүңүзгө белгилүү болгондой рынок шартында атаандаштык күч эмеспи, сиздер өндүргөн продукцияга суроо-талап канчалык?
– Учурда Кыргызстанда бизден башка да көптөгөн фармацевтикалык компаниялар медициналык спирт чыгарышат. Бирок медициналык спирт этил спиртинен гана чыгат. Ал эми этил спиртин Кыргызстанда бир гана Кара-Балта спирт заводу чыгарат. Башка фармкомпаниялар бизден чыккан этил спиртин алып, андан медициналык спирт чыгарышат. Алардан айырмаланып, биздин завод чыгарган медициналык спирттин баасы арзан жана туруктуу. Бизде коюлган баа туруктуу боюнча сакталып келе жатат. Кара-Балта спирт заводунан чыккан медициналык спирт сапаты жагынан да жакшы. Сапаты жакшы болсо эмнеге баасы арзан деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени биздин спиртти ооруканалардан тартып, бардык мамлекеттик медициналык мекемелер колдонгондуктан жеткиликтүү болсун деп баасын төмөн кармап жатабыз. Менимче, Кыргызстандын булуң-бурчундагы медициналык мекемелердин дээрлик баары биздин завод чыгарган медициналык спиртти колдонуп жаткандыктан суроо-талап жогору эле го деген ойдомун.
– Республиканын бардык аймактарындагы медициналык мекемелерди этил спирти менен камсыздоого заводдун мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?
– Кыргызстандын бардык аймагындагы медициналык спирт колдонгон медициналык мекемелер, дарыканалар, ооруканалар, медициналык спиртке муктаждыгы бар мамлекеттик же жеке менчик ишканалар болобу баарысы Кара-Балта спирт заводунун медициналык спирти менен толук кандуу камсыздалып турат. Мындан сырткары бизде 2 000000дон (эки миллион) ашык 100 миллиграммдык спирт запас катары сакталып турат. Кара-Балта спирт заводу кайсы учурда болбосун, кандай гана кырдаал жаралбасын Кыргызстанды медициналык спирт менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүгү жетет.
– Сиздердин продукция алыскы аймактарга кандай жолдор менен жетет? Медициналык мекемелер заводдон өзүлөрү келип алып кетишеби?
– Бизде логистика, жеткирип берүү каралган эмес. Биз өндүрүүчүбүз. Лицензиясы бар мамлекеттик санитардык борборлор болобу, медициналык мекемелер болобу, же жеке менчик дарыканалар болобу, өзүлөрү келип заводдон сатып алып кетишет. Биз кампадан жүктөп беребиз. Медициналык спиртти ар ким келип, түздөн-түз сатып ала албайт. Сатып алууга лицензиясы барларга гана сатылат.
– Бүгүнкү күндө сырьену кайдан алып жатасыздар?
– Кара-Балта спирт заводу спирт чыгарууда эки сырье менен иш алып барат. Биринчиси – курамында канты бар патока-мелассаны (кант, шекерди чыгарууда калган калдык) кайра иштетүү менен спирт алуу ыкмасы. Экинчиси – курамында крахмалы бар буудайды иштетүү ыкмасы. Буудайды өзүбүздүн дыйкандардан алабыз, жетпегенин тендердин негизинде Россиядан, Казакстандан алабыз. Патока-мелассаны Кошой жана Кайыңды кант заводунан алабыз.
– Инфляцияга байланыштуу азык-түлүктөрдөн тартып дары-дармектерге чейин баалар өстү, сиздердин продукциянын баасы да жогоруладыбы?
– Азык-түлүктүн жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн сайын жеке менчик фармацевтикалык компаниялардын продукциясынын баасы өстү. Ал эми биздин заводдо медициналык спирт 2021-жылы чыгарылганда кандай баада болсо, азыркы учурда да ошондой баада. Учурда Кара-Балта спирт заводунун кубаттуулугу жогорулады, 2021-жылы болгону 2400 далл спирт чыгара алса, азыркы күндө 6000 даллга чейин спирт чыгара алат. Ошондуктан кирешелүүлүктүн үлүшү да, кубаттуулук да жогору болгондуктан баасын ошол бойдон кармоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.
– Бүгүнкү күндө эмгек жамаатыңызда канча адам иштейт жана алардын орточо эмгек маянасы кандай? Эмгекчилериңизге карата кандай шарттар каралган?
– 2021-жылы биздин эмгек жамаатта 193 жаран иштесе, азыркы учурда 518 адам эмгектенишүүдө. Эмгек маяналары 2023-жылы 30 пайызга көтөрүлгөн. 2024-жылы 50 пайыз көтөрдүк. Бүгүнкү күндө алып жаткан эмгек мая-на жамаатыбызды толук канааттандырат. Бул боюнча эч кандай маселе жок. Убагында премия алып турушат. Эс алуу жайларына жөнөтүп турабыз. Эмгек өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн материалдык жардам көрсөтүлөт.
– Заводдун мамлекетке төккөн бир жылдык салыгы тууралуу айтып берсеңиз…
–2023-жылы Кара-Балта спирт заводу мамлекетке 171 000 000 (жүз жетимиш бир миллион) сом салык төлөгөн. 2024-жылдын 6 айында 55 000 000 (элүү беш миллион) сом салык төлөдү. Буга чейин алкоголдук продукция өндүргөн жеке менчик компаниялар акциздик салыкка 1 000 000 000 (бир миллиард) сомго жетпеген каражат төгүп келишсе, Президенттин указынын негизинде Кара-Балта спирт заводу жана мамлекет спиртти көзөмөлгө алгандан кийин 2023-жылдын жыйынтыгында 4 000 000 000 (төрт миллиард) сомго жакын салык төгүлдү.
– Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылыгымды билдирем! Элиңиздин чыгаан уулдарынын бири, мыкты жетекчи жана мыкты өндүрүшчү катары коомчулукка кайрылууңузду жолдосоңуз.
– Мамлекеттик ишканалардын өнүгүүсүнө өбөлгө болуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичке ыраазычылыгымды билдирем. Алдыбызга коюлган максаттарды, талаптарды чечүүгө шарттар түзүлүп берилип жатат. Бир эле Кара-Балта спирт заводунда эмес, бардык тармактардагы мекемелерде, ишканаларда жетишкендиктер болуп жатат. Азыркы кыргыз бийлиги Президентибиздин жетектөөсү менен туура багытта баратат деп ойлойм. Кыргызстан тынчтыкта, бакубаттуулукта, өсүп-өнүгө берсин!
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”
калп ырыс кесет!