whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек

Турду аке

Касиеттүү Ысык-Көл жергесинен жети аке чыкса, көкүрөк Таластан (илгери-илгери Талас өрөөнүнүн күн чыгышын ушинтип атап коюшкан) Турду аке, Мамаш аке, Нусубалы аке, Үтүрөкөй аке, Токтор аке, Токтоной аке, Чолпонбай аке деген сөздөрү коргошундай салмактуу, акылы тунук, сөзгө чечен, акылга бай, асыл адамдар чыгыптыр.

Аке деген сөздүн чечмелениши мындай. Талас өрөөнүндө кыргыз менен казакты тоонун бир кыры эле бөлүп, илгертеден кою короолош, үйү улагалаш кошуна отурушкан экен. Казактарда атасын – аке деп коюшат. Аке – үй-бүлөнүн туткасы, тиреги, камкорчусу, асыроочусу деген маанини билдирет. Өткөндөгү асылдардын аке аталып калышы, алар – өз журтунун туткасы, бир уруу элдин тиреги,  камкорчусу болушканы менен байланышкан. Ошондуктан, Талас элинде колунда барлар менен жокторго, аксак менен тексектерге, улуу менен кичүүгө жасаган калыс мамилеси аркылуу эл арасында бийик кадыр-баркка жеткен, акылы даана, ар бир айткан сөзүндө уютку, көрөңгөсү бар адамдарды журт атасы катары көрүшүп, аларга аке деп кайрылышкан.

Таластык акелердин арасынан эл арасында көбүрөөк айтылып, аңызга айланганы – Турду аке. Ал болжол менен 1826-жылы жарык дүйнөгө келип, 1914-жылы 88 жашында дүйнөдөн өткөн.

Турду акенин уруусу жетиген. Жетигендин ичинен Нусуп молдодон тарайт. Нусуп молдонун – Кыргый, Кыбал, Молдоийрек деген үч уулу болуптур. Кыбалдан беш уул – Кудайберди, Тагаймат, Байсейит, Миңсейит, Түлөкабыл. Кудайбердиден үч уул – Кудайменде, Ормош, Жалаңнайза.  Кудаймендеден –Бейше, Жаныбай, Кесексары. Бейшеден беш уул – Төлөбай, Итемген, Чокой, Байдөөлөт, Аргымбай. Байдөөлөттөн – Шалтак. Шалтактан – Ажы, Атажан, Бердике, Бектен, Бекмурат. Ажыдан – Турду,Итийбас.

Турду акенин уруусу – шалтактар Таластын көкүрөгүндөгү Бакай-Таш тоосунун этегинен баштап, өрөөндүн күн чыгыш тарабын, азыркы Көпүрө-Базар айылы орун алган түздүктү жана саздак жерлерди, түштүгүнөн Кетиктин белиндеги Талды-Булак тегиздигин ээлеп турушкан. Бул жерлер суу десе суусу мол, малга жайыты кенен, чалкайган Сардалаасы бар, мал чарбачылыгына да, дыйканчылыкка да ыңгайлуу аймак. Айтылуу Каракол, Кумбел, Кара-Кыштак, Орто-Кошой, Чоң-Кошой, Боз-Айгыр, Бакай-Таш, Жылаңач, Желди-Суу, Жел-Тийбес, Жаргарт, Сандык, Өтмөк Турду акенин эли жайлаган жайлоолор. Бакай-Таш жайлоосунан Талас өрөөнүнүн баш-аягы алаканга салгандай көрүнүп турат. Манас бабабыздын доорунда айкөл атабыз Кең-Колду жайласа, Бакай бабабыз мына ушул жерлерди жайлап-кыштап, анын урматына Бакай-Таш аталып калганы айтылат. Андан көп алыс эмес Шумкар-Уя деген аскалуу тоо бар. Бакай-Таш менен Шумкар-Уя тоолорун Кетиктин бели бөлүп турат. Манастын ак шумкарын ушул аскадан кармаган дешет. Азыр Сардалаа аталып кеңирсип жаткан алакандын отундай берекелүү аймак бир убактарда айтылуу Айдың-Көл болгон делет аңыздарда.

Ал мезгилде таластык кыргыз уруулары  Кара-Кыштак аркылуу казак баурлар менен катташса, Жаргарт, Өтмөк аркылуу Нарын, Ысык-Көлдөгү теңиртоолук, алайлык, анжияндык,  Кумбел аркылуу чүйлүк кыргыз уруулары менен катташып турушкан. Бир сөз менен айтканда, Турду аке байырлаган аймак тогуз жолдун тоому болуп, кайсы бир кылымдарда Улуу Жибек Жолу өтүп, Каракол суусунун өйүз-бүйүзүндө (азыр Көпүрө-Базар айылы орун алган чөлкөмдө) кербен сарайлар болуптур. Кийин бул аймак казак, өзбек соо-дагерлери көп каттаган соода-сатык борборуна айланып, Каракол суусуна салынган эски көпүрөнүн ордуна Турду аке миң жылдык арчадан кыйдырып апкелип, араба, көлүк өтө тургандай чоң көпүрө салат. Мурдатан эле Көпүрө-Базар аталган аймактын атагы артып, кыргыз-казак-өзбектердин соодасы кызыган базарлуу аймакка
айланат.

Айтымда, Турду аке баштаган шалтактар мал-келдүү келишип, 3 миңдей кою, миңден ашуун жылкы жана уй, торпок-танасы, 100гө жакын төөсү бар экен. Малды 10 чакты үй-бүлө малчылар караса, 20-30 түтүнү жатакчылык кылып, Сардалаага арпа айдап, буудай себишчү экен.

Турду аке узун бойлуу, ак жуумал, кызыл беттүү, узун жаак, кырдач мурун, үнү ачуу, сакалы жайкалган, адамды тиктегенде көзүнүн оту далысын тешип өткөн, сүрдүү киши болгонун сүрөттөшөт. “Башына сүлөөсүн же суусар тебетей, үстүнө желең баркут күрмө кийип, анын сыртынан илбирстин же карышкырдын териси менен тышталган ичик кийип, же желбегей жамынып жүрчү экен. Атка минсе камчы албаган, узун жеңи менен камчыланган, өтө боорукер, сылык сүйлөп, бир адамга жаман айтпаган, кара кылды как жарган калыс киши болуптур. Эки жакка чыкканда, алмак-салмак мине турган, камчы чаптырбаган – бири тору кашка, бири жээрде кашка эки күлүк аты бар экен” (Б.Нурманбетов. “Турду аке”,Б.2000-ж. 28-б. ).

Турду акенин кадыр-баркы уруулаш туугандарынын арасында гана эмес, Талас, Кетмен-Төбө, Сары-Өзөн Чүй өрөөнүндө, кошуна Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен Олуя-Ата, Чимкент, Кулан, Меркеден баштап алыскы Семейге чейин кыргыз-казак элинин арасында бийик болгон. Анын атагы Семейге дейре жеткенине улуу баласы Кыдыралыны Семейден орус-тузем мектебинен окутканын далил катары айтсак болот. Бул факт анын кадыр-баркынын бийиктигинен гана эмес, Турду акенин заман кайда ооп баратканын көрө билген көрөгөчтүгүнөн, өз заманынын алдыңкы адамдарынын биринен болгонун кабарлап турат.

Турду акеден беш уул: Кыдыралы, Сасман, Абдылда, Байдылда, Нуралы. Алар тууралуу кийинчерээк сөз кыларбыз.

Ал Чүйдөн Жангарач, Байтик, Бошкойлор менен ылым санашып, туугандашса, Кетмен-Төбөдөн Рыскулбектин балдары менен жамандык-жакшылыкта катташып, жылуу мамиле түзгөн. Илгери Суусамыр жайлоосу үчүн уруулар ортосунда союл көтөргөн чабыштар болуп, күн чыгышын солтолор, жумгалдык саяктар ээлеп, күн батышын негизинен кетментөбөлүк бай-манаптар жайлачу экен. Турду аке урушуп-талашып, чатакташпай эле Рыскулбектин тилин таап, анын өз макулдугу менен Муз-Төр, Жайсаң, Ала-Бел жайлоолорун бөлдүрүп, кол тийгис кылып бекиттирип алыптыр. Ошондон кийин бул жайлоолор Турду акенин укум-тукумдары, шалтак уруусу ээлеген жайлоо аталып, энчилүү болуп калат. Бул мезгилде Рыскулбектин тукуму кыйын чыгып, солтонун тың чыкмаларына Суусамырдан жер бербей, түү деген түкүрүгү жерге түшпөй турган учуру экен.

Ырчы Үмөталы:

Мурутуңду муз чалды,
Муз-Төрүңдү кушчу алды.
Жайсаңыңа жайлады,
Чубатып кулун байлады.
Турду тоотуп кенебей,
Ала-Белге жайлады.
От жериңди алдырып,
Жиниң чыгып кайнады.
Эми кайгырган менен айла жок,
Өкүрсөң да пайда жок, – деп Рыскулбектин балдарына карата ырдаганы айтылып жүрөт.

Турду аке уруу башчыларынын ынтымагын бекемдеп, араздашкан мыктыларды жараштырган жаратмандык касиети тууралуу көп айтылат. Ошол заманда Таласта азыркы Ак-Жар аймагынан чыккан уруусу майтык Кудайберген деген болуш болгон. Ал Кең-Колдун оозун жайлап, ошо тегеректеги саруу, кушчу урууларына бийлик-суулугун жүргүзгөн. Ал эми азыркы Кара-Ой айылынын аймагында ошол тегеректеги кушчу, жетигендерди Чалдын уулу Кудайберген бийлеген. Экөө эки жерде болуш болгонуна карабай, бири-бирин боорго кысып кучакташып, дос болгондун ордуна, качан да болбосун араздашып, бири-бирин жоо санап, кези келген жерде бири-бирин сөзгө сындырып, бири-бирине кыр көрсөтүп, анысы Талас өрөөнүндөгү элге эле эмес, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен.

Күндөрдүн биринде Турду аке экөөнү жараштырууну көздөп конокко чакырат. Эки Кудайберген менен бирге эки уруу-нун акыл кошор аксакалдары да кошо келишет. Конок каадасы эки-үч күнгө созулуп, санжыра кеп, чечен сөздөрдөн бери айтылып, комуз чертилип, дастандар айтылып, акыры эки Кудайбергендин эки кишини эриктирбеген, үч кишини зериктирбеген жосунсуз жоруктары сөз болуп, алар да бири-бирине болгон нааразычылыктарын айтышат. Турду аке түндүктү тиктеген бойдон, үндөбөй угуп отурат. Бир маалда комдонгон жолборс-той алдыга обдулуп: “Ээ, улуу-кичүү агайын, күңкүлдөп артынан айтылган сөздөн, ачуу да болсо бетке айтылган сөз жакшы. Бир өзөндүн суусун ичип, бир өрөөндүн абасынан дем алган эки Кудайберген бүгүн ичтеги буктарын чыгарып алды көрүнөт. Мындан ары эл арасында эки Кудайбергенди бири-бирине кайраштыргысы келип, узун ушак, кыска каңкуу чыгаргандар болсо, аксакалдар аларды тыйып койгула. Силер да, эки Кудайберген ар ким сөз ташып келсе, алардын айтканы чын же калп экенин териштирип-тепчибей, чагым кепке ишенип, ээрчип кеткениңерди койгула. Казак менен кыргызга төбөсү көрүнгөн эл жакшыларысыңар. Экөөңөр бириксеңер күпүлдөп аккан дайра болосуңар. Араздашып, бири-бириңе тетири карасаңар силерди токойдо жүргөн чөөлөр да талап кетет. Бөлүнүп-жарылсаңар силерди сагызган да алат. Мындан ары акылдашып чечим кабыл алып, төрт дубанды кыдырсаңар чогуу кыдыргыла. Бириңер сүйлөгөндө бириңер кубаттап тургула. Ошондо силерге арстан да катыла албайт. Бүгүндөн баштап майтык Кудайберген Кызылбаш Кудайберген болсун, Чалдын баласын Карабаш Кудайберген атайлы. Качан да болбосун ырыскылаш жана үзөңгүлөш жүргүлө, ооматыңар артсын, – деп алакан жайып бата тартканда, алты канат ак боз үйдө отургандар баары бата тартышат. Ошондон кийин Кызылбаш менен Карабаш Кудайбергендердин ортосундагы ыйкы-тыйкы тыйылып, ынтымагы артып, даңазалары ого бетер арткан окшобойбу.

Кайсы заман, кайсы элде болбосун, эл арасын ыдыратып, ынтымагына доо кетиргендер кездешпей койбойт. Мындай ичи толо арам, анысы аз келгенсип жатып ичер жалкоо, кылтыйган митаамдарды жер кантип көтөрөт десең.  Бир жылы эрте жазда казак агаиндер арык-торук малын Кара-Кыштактан Көк-Кыя аркылуу ашырып, Талды-Булак, Өтмөк аркылуу Суусамырга айдап калышат. Көктү тое жеген арык мал ичи өткөктөп, улам бир карагандын көлөкөсүнө жата калып, айдаган кишиси жалкоо, кашаңыраак болгондуктан, короосунан кала берип, төштө жайылып жүргөн кыргыздардын, жаныбай жана жалаңнайза урууларынын малына кошулуп кетет. Чоочун мал дароо эле көзгө урунат да, жакын тегеректеги элдин малы эмес, казак малчылар айдап бараткан малдан калып кетип кошулган мал экенин билишип, тоого айдап жиберейин дешсе, карышкыр бөлө тартып кетиши ыктымалдыгын ойлошуп, эки-үч күн мал менен кошо жайытка чыгып, мал кайтаргандар баш-көз болуп турушат. Арадан үч күн өтүп, мал жоктогон казактар келишип, койлорун таанып, түгөлдөп айдап кетишет да, казактардын койчусу кыргыз малчыларга ыраазылык айтуу ордуна Олуя-Атага, оезго даттанат. Ошентип, заматта эле териштирүү башталып, күнөөсүз күнөөкөр болгондор чакырыла баштайт. Иш узакка создугуп, кыргыз тарап чоң күнөөгө тартылып, чоң айыпка жыгыла турганы Турду акеге жетет. Турду аке жигиттерине чанач-чанач кымыз, бышкан кой-козунун эттерин арттырып, кара кашкасын минип, жерде кашкасын жетелеттирип, Олуя-Атага жете келип, дароо доочу казактар отурган боз үйгө түшүп, салам айтып кирип барат. Турду аке келет деп күтпөгөн казактар:

– Чакырып келтире албаган Турду акемиз келиптир гой, төргө өтүңүз, – төрдөн орун беришет. Жанында сөзгө чечен, кыржылардын кыйыны Бөлөкбай болуш бар экен. Аңгыча чай келет, кымыз ичилет, эт тартылат. Мал-жандын амандыгын сурашып болгондон кийин, Турду аке отургандарды кыдырата тиктеп:

– Улуу-кичүү агаиндер, күнөөсүз күнөөлүү болсок да, улуу башымды кичүү кылып, бир эси жок, галдирбай, кеңкелес койчунун айынан эки элдин ынтымагына доо кетип калбасын, өңдө көрсө жүз таят болуп, жылуу учурашкан менен, ичибизде ит өлүп, бири-бирибизге тиш кайрашып калбайлы деп алдыңарга келип отурам. Тентек, кесебир ар элде бар. Арийне, акыл калчап, акыйкатын айтып, ак менен караны ажырата тургандар да аз эмес. Ошон үчүн элбиз, ошон үчүн журтпуз. Эгер, кыргыз менен казактын түбүн сүрүштүрсө, бир эл, бир журт болуп чыгабыз. Ансыз да далай жоолаштык, далай тартыштык, далай тытыштык. Андан эмне таптык, эч нерсе тапкан жокпуз. Акыйкатты көргүсү келбей, канчалаган эрлерибиз өлдү. Биз да ошолордун кейпин кийип тытышпайлы. Адам малдан артык эмес, артык болсо, Кара-Кыштак толгон кыргыздын малы жатат. Кааласаңар мүдүр калтырбай айдап кеткиле, алтын баштуу балдарыбыз ак жеринен күйүп кетпесин. Силер да ак сөзүңөрдү айткыла. Акыйкаттыкка келели, – дегенде, казактардын арасынан жашы улуусу туруп келип, Турду акени кучагына кысып, “Чекилик силерден эмес, бизден кетип калды окшойт, мындан ары бул каргыш тийген окуя жаман түштөй унутулуп, агып жаткан сууга айталы. Казак менен кыргыздын ортосунда мындан ары доо болбосун, доо болсо да эки эл бири-бирине жоо болбосун, –деген экен.

Кайран Турду акенин тунук акылы, туура сөзү менен ак жеринен күйгөндөр акталып, кошуна жашаган эки эл араздашпай, төш тийиштирип, ынтымакташып тараган тура.

Бир жылы Турду акеге Кетмен-Төбөдөн Мүсүркан аттуу алыскы досу келип, эки-үч конок болгон соң, “Турду аке, өзүңө айлам куруп, амалым кетип, турмуш кыстап келди элем. Бул жагына тартсам, ал жагына жетпейт, боз үйлөрүбүз бозоруп, элимдин үстү тозуп кетти. Кийими жок, куур тон менен жүргөнү анча. Ажаат ачпасаңыз болбойт, ортого түшүп, кийим-кечек, мата, жип-шоона алпербесеңиз болбойт. Анан эки-үч жылга кырк жылкы берип туруңуз, буюрса үчүнчү жыл дегенде жылкыларыңыздын башын апкелип берем. 40 бээнин эки жылдагы төлү бизге кылган жардамыңыз болсун” дейт.

Турду аке Мүсүркан сурагандан көбүрөөк кийим-кече, мата, жип-шоона алперип, аны жардамым болсун деп бир төөгө артып берип, сураган кырк жылкысын да алдына салып айдатып иет. Арадан эки-үч жыл өтөт. Мүсүркандан кабар жок. Арадан төрт кар жаап, бешинчи жылга кеткенде, Турду аке Кетмен-Төбөгө той-ашка барып калып, ошол жерден Мүсүрканга жолугуп калат. Турду аке бетке чаап сүйлөгөн, каары кайнап, ачуусу келгенде ата-бабасын, жотосун калтырбай сөккөн сөгүнчөөктүгү бар экен, Мүсүркан Турду акени көрүп шашып калат да, камчысын мойнуна салып, алдына жыгылат. Үйүнө чакырып, кысыр эмди тай союп коноктоп, кырк жылкыны тандап, Турду акенин жигиттеринин алдына салат. Ойдо жок жерден олжолуу болушкан Турду акелер Таласка кайткан жолдо, Ала-Белге жетпей, жолдон обочороок жерде аппак боз үйлөр кыдырата тигилип турганын, үйдөн алыс эмес желе байланып турганын көрүшөт. Салт боюнча желелүү үйгө кайрылып, кымыз ичип, суусунун кандырып кетишкен эмеспи. Турду акенин тобу да кайрылып, дөңдө үй мүйүз тарта тогуз коргоол ойноп отурган топко салам айта бастырып барышат. Алар Керимбай болуш жана анын уруулаш аксакал-көксакалдары болуп чыгат. Мал-жай сурашкан соң, Керимбай болуш:

– Турду аке, өнбөй турган жерден жылкыңызды өндүрүп алган экенсиз. Бул да болсо сиздин кадырыңыз. Конок болуп, эртең кетиңиз, – дейт.

– Конок болсо бололу, кайда шашып жатты элек, – дейт Турду аке.

Мал-жанды, аркы-беркини сүйлөшө отуруп, бир маалда кымызга кызыган Керимбай болуш:

– Турду аке, улама сөздөн, эски сөздөрдөн сүйлөшүп отурганча, эрмек кылып тогуз коргоол ойнойлу, – дейт капысынан.

– Ойносо ойнойлу, – дейт Турду аке.

– Тогуз коргоолдун шарты бар. Мелдешип ойнобосо, оюн кызыбайт, мелдешели. Утсаңыз, кырк жылкыңызга кырк жылкы кошуп берем. Утулсаңыз, жылкыларыңыз меники болсун, – дейт анда Керимбай болуш.

– Болуптур, мелдешип ойносо ойнойлу, бул да ата-бабалардан калган салт. Мен деле бул жылкылардан үмүт этпей калгам. Кокусунан жолугуп калсак, мойнуна курун салып кечирим сурап, кырк жылкыны алдыма салып берди, айдап келатабыз. Сен айткан кырк жылкың буйруктуу болсо, аны да айдап кетербиз. Кокус кырк жылкы бизге буйруксуз болсо, анда Кетмен-Төбөдө кала берер, айтор айыл аралаган аңызга айланбасак болгону, – деп мыйыгынан күлөт.

Ошентип, Турду аке менен Керимбай болуш каш карайганча тогуз коргоол ойноп, кетмен-төбөнүн мыктысы бир да ута албай коет да, айткан сөзүнө туруп, эртеси убада кылган кырк жылкысын берип, Турду акенин астына келишкен күлүк тартып, үстүнө тон жаап:

– Турду аке, сиздин акылыңызга, өткүрлүгүңүзгө, тайманбастыгыңызга дагы бир жолу таазим кылам. Сизге эркелеп коем деп чекилик менден кетти. Эл-журтуңуздун сыйына арзып, кадырыңыз артып, беделиңиз көтөрүлө берсин, – дегенде, Турду аке:

– Ээ, балам, биз сынай турган курактан капкачан өтүп калган адамдарбыз. Каны кызуу кезде кетирген кемчиликти жууса кетет, акыл токтотуп калган кездеги чекиликтен Теңир сактасын. Эл башында жүргөн азамат ар дайым эл сынында жүрөт. Андыктан бизге ашыкча сүйлөп, көбүрөөк күлгөнгө да болбойт. Калыстыктан, акыйкаттыктан өткөн байлык жок, улуу менен кичүүгө, бай менен жардыга бирдей караган болуш бол, – деп алаканын жайып, ак батасын берген экен.

Турду аке касиеттүү киши болгон. Бир жылы жанына Жаналы, Кабай деген жигиттерин алып, Чүй тарапка түшүп, кайра кайтканда, жуп Ашмарадан өтүп калганда, жамгыр жаап күн да кечтеп кетет. Аттарын бастырып отурушса алдынан жалгыз боз үй көрүнөт. Үйгө жакындай беришип, үй ичинен чыккан эркектин кыйкырыгын, аялдын бышактаган ыйын угушат. Турду аке аттарынын башын буруп кетүүгө камданган жигиттерин токтотуп, “Эрди-катын урушуп жатса керек, эмнеге чатакташканын угуп, жараштыра кетели” дегендей белги кылып, “Кудайы конокпуз” ат үстүнөн кыйкырып дабыш салып, унчукпай туруп калышат. Аңгыча үйдөн бир жигит баш багып, алар менен саламдашарын же саламдашпасын билбей, “булар кайдан келе калды, биздин кыйкырыкты уккан чыгар?” – деген бушайман түр менен каткан бойдон туруп калат. Анда Жаналы:

– Эй, баурым, кудайы конок боламыз. Аттан түшөлүбү, же кете берелиби, жообун айтсаңчы, – дейт.

– Мейли, түшүңүздөр, – деп жигит үйүнө кирип кетет. Турду акелер аттан өздөрү түшүп, артына жүргөн куржундарын кошо ала түшөт. Үйгө кирсе, боз үйдүн ашкана тарабына жоолук салынган келин башын жерге салып отурган болот. Кабай куржундагы боорсок, эт, набаттан алып чыгып, чаначтагы кымыздан жан кеселерине куюп, жигит менен келинди дасторконуна чакырып, өз тамактары менен өздөрү сый көрүп, курганышып, ал күнү жата конок болушат.

Эртеси эрте туруп, жуунуп-тазаланып, түндө отко кое берилген аттарын апкелип, куржундарын артынып жатканда, обочороок дөңдө турган Турду акеге ак жоолук салынган келин келип чайга чакырып, ызаатын билгизип, кайра артын салбай артка кетенчиктейт.

Үйгө киришсе, түндө коноктор үчүн салынган төшөктөр чекчейте жыйылып, кудайы коноктор үчүн деп жаңы сый төшөктөр салынып, дасторкон жайылып, ырыстуу даамдын баары жайнайт дейт. Келин бир-эки чыныдан чай куйганда, үйдүн ээси жигит бир табак этти булоолонтуп кирип келет.

– Кечээ тетири карап ыңгыранды дебеңиздер. Турмушта нелер болбойт. Бу келиниңиздер экөөбүз он жылдан бери балалуу болбой, кечээ да ошонун айынан казан-аягыбыз кагышып жаткан маалда келип калдыңыздар. Биз же келгиле деп айта албай, бир аз осолураак иш болду. Балалуу үй базар, баласыз үй мазар деген чындык экен. Бир үйдө экөөбүз эле тиктешип отурсак, мал-жаныбыз аман, курсагыбыз ток болгону менен бир нерсең кемип тургандай аябай эле жаман экен. Кечирип коюңуздар, сыйыбызды көрүп, батаңыздарды берип кетиңиздер, – дейт жигит. Келин да унчукпай баш ийкегилейт.

– Ээ, балам, жашоо ошентип сынайт. Берген да, алган да бир Жараткан өзү. Минтип турмуш сынап турганда, бири-бириңерге жөлөк-таяк болгонго не жетсин. Түндүгүңөрдөн жарык нур түшүп, коломтоңордо балдардын изи жатат. Теңир этегиңден жалгасын, келиним. Кабагыңды ачып, күндөй күлүп жаркылдап жүр. Балдарыңар казактын мыкты эр-азаматтарынан болуп эр жетилээр. Ырыскыңар, мал-жаныңар мындан да көбөйөөр, далай адамдарга жарыгыңар тиер. Мындан кийин бул үйдө кабагы бүркөлгөн киши болбосун, – деп ак батасын берип, апкелген тамагынан ооз тийишип кетип калышат.

Арадан эки-үч жыл өтөт. Ошол жылы Турду аке Узун-Булактын төмөн Кырк-Булактагы кыштоосунда отурган экен. Бир маалда сырттан бир бала чуркап кирип: – Турду аке, эки-үч чоочун кишилер келатат, алдында өңөргөн балдары бар экен, – дейт. Бир маалда атчандар үйгө жакындап, “Ой пирим ооуу, осы Турду акенин үйүбү? – деген эркектин үнү чыгат. Жаналы менен Кабай келгендерди аттан түшүрүп үйгө алып киришет. Эркек менен аял бири баланы, бири кызды жетелеген бойдон кирип келишип, Турду акенин бети-башынан, сакалынан өпкүлөп: “Биздин Кыдыр акебиз, акжолтой периштебиз, пайгамбарыбыз” деп алмак-салмак алкап, жандары калбайт. Ошондо барып Турду акенин эсине Меркедеги окуя түшүп, “Ой, силер Жаманкара менен Айжансыңарбы? Балдарыңарды апкелгилечи бери, деп эки баласын эки тизесине отургузуп, улам бирин жыттап, көзүнө жаш кылгырган экен.

Ушуга улай дагы бир окуя. Жаныбай уруусунан Супатай баласы жоктугун ойлой берип, сары оору болуп төшөккө бүк түшүп жатып калат. Кабар Турду акеге жетип, сабатар Үтүрөкөй, каймазар Чоюбек ажыны ээрчитип, Супатайдын айлына жакын эл сыйынган касиеттүү булакка токтошуп, ал жерге Супатайды аялы менен чакыртат.

– Супатай, алаканыңарды жайгыла. Баланы бере турган Улуу Жараткан. Батадан да багы ачылып, көшөгөсү көгөрүп, коломтосуна кут конгон Кудай сүйгөн пенделер болот. Ыйык жерден тиленген тилек, берилген бата багыңарды ачып калгысы бардыр, – дейт. Баары колдорун жайып, Супатай менен аялынын көздөрү чачырап, бала тилешет.

– Бир жылдан кийин кыздуу болгула, – деп Чоюбек ажы биринчи болуп батасын берет.

– Андан кийин балканактай балалуу болгула, – деп Турду аке бата кылат.

– Андан кийин да үчүнчү балалуу болгула. Бизден эмес Кудайдан, –- дейт Үтүрөкөй.

Касиеттүү адамдардын айткандары айткандай келип, төрт-беш жылдын аралыгында Супатай бир кыз, эки эркектүү болот.

Кайсы бир жылы кыш оор болуп, жаз кеч келип, кош айдоо кеч башталат. Ошого жараша бышыкчылык да кечигет. Турду аке баласы Абдылда менен жигити Жаналыны чакырып, ороодогу эгин канча бар экенин билгиле деп тапшырат. Анда канча пуд бар экенин билелиби же канча кап бар экенин тактайлыбы? – деп сурайт уулу Абдылда.

– Эгинди кап менен ченегиле. Бышыкчылыкка чейин элге таратып берели дегеним го, – дейт Турду аке.

Ороодо болжол менен 30 каптай буу-дай жана арпа бар экени белгилүү болот. Турду аке ошого жараша көп үй-бүлөлүү кедей-кембагалдарга бир каптан бекер таратып берген экен.

Кайран Турду аке качан да болсо үч чоң боз үй тиктирип, жайлоодо болобу же кыштоодо болобу, көчүп-конуп жүрүптүр. Бир үйүндө өздөрү жашаса, биринде конок тосуп, үчүнчү боз үйдө тамак бышырып, оокат ичилчү экен. Качан да болсо казаны очоктон түшпөй, келим-кетимдүү, ток казан адам болуптур.

Турду акени көрүп-билип калгандардын айтымында, ал 1914-жылы ала жазда жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. 88 жашка келсе да, акыл-эсин жоготпой, сөзүнөн жаңылбай, качан да болсо калыстыкты туу тутуп, адам эмес айбанга да залалын тийгизбептир.

Турду аке кайтыш болгондо, Эсенамандын ырчы уулу Үмөталы:

Айрылып калдык улуудан,
Ак туйгун учту туурдан.
Теңдеши жок киши эле,
Айтылуу кушчу уруудан.
Кемип калдык улуудан.
Көк туйгун учту туурдан,
Көп кеңеш берчү киши эле,
Көрөсөн кушчу уруудан.
Кеменгер эле эл-журтка,
Тутуму шалтак уруудан.
Турду акем эле абабыз,
Аны эми кайдан табабыз.
Өзүңдөй эми теңдеш жок,
Күлүккө кимди чабабыз.
Капилет кеттиң дүйнөдөн,
Калкыңда жоктур күйбөгөн.
Калкыңда адам жок эле,
Кадырлап сени сүйбөгөн.

Ашы кийинки жылы күздө өтүп, Ош, Наманган тараптан 15 атка сылай жүктөлгөн мөмө-жемиш, шире алынат. Таластын көкүрөгүндөгү Каракол, Кумбел жайлоолоруна кеткен өзөнгө 300дөй боз үй тигилип, 300дөй жылкы, миңдей кой-козу союлуп, Кыргызстандын төрт дубанынан, казактардан меймандар чакырылат. Уулу Сасман болуш менен Нанайдын уулу Токтогул болуш ашты башкарып, Үмөталы төкмө аштын жарчысы болот. Ашта ар кандай оюн-тамашалар болуп, аламан байгеге 150 күлүк чабылган экен.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар