Республикабыздагы айыл аймактарын ирилештирүү реформасы Чүй облусунун Сокулук районунда да ийгиликтүү жүрүп жатат. Натыйжада “Сары-Өзөн” аталган кулакка жагымдуу айыл өкмөтү пайда болду. Бул айыл өкмөттүн администрациясы Сокулук айылынын борборундагы мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Сагынбеков биз менен болгон маегинде төмөнкүлөргө токтолду.
Айылдык кеңеш, эл менен иштешип жатабыз
– Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө үч айыл аймагы бириктирилип райондогу эң ири айыл өкмөтү болуп калды. Анын курамына 9 айыл: Бөрүлү, Четинди, Төш-Булак, Асылбаш, Киров, Биринчи Май, Сокулук, Арал, Төмөнкү Арал айылдары кирип, туруктуу жашагандардын саны 25297 адам. Мен өз ишимди ушул айылдардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдөн баштап, алардын суроо-талаптарын, өтүнүчтөрүн угуп, ошолорду чечүүнүн үстүндө иштеп келе жатам.
Кайсы жерде болбосун эл ишеничине ээ болгон айылдык кеңештин депутаттары менен бирге иш алып барганда жакшы натыйжаларга жетсе болот. Өз убагында ушул жерде депутат болгондуктан, үч аймактан шайланган айылдык кеңешинин 43 депутатын чогултуп, жаңы төрага шайлап, алардын жардамын көрүү максатын койдум. Алар көпчүлүк добуш менен айылдык кеңештин төрагалыгына Бектемиров Таалай Эрмековичти шайлашып, бардык жерде иштерди жандандырып, баалуу сунуштарын берип жатышат. Ар бир айылга айыл башчыларын тандоодо дагы, айылда урмат-сыйга ээ болгон адамдарды сунушташканда биз да колдогонбуз. Алар Төлөнбек уулу Бек, Абдырахманов Самир, Сагынбеков Жолдош өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып жатышат.
Татыктуу кадрлар тандалды
– Ал эми учурдагы реформанын талаптарына ылайык кадрларды тандап алууга өзгөчө мамиле жасалып, областтан, райондон түзүлгөн комиссия ар бир кызмат орунга тандоодо алардын кесиптик чеберчилигин, билимин, иш тажрыйбасын, адистигин жана башкаларды эске алып тандалып алынган. Үч айыл өкмөтү бириккенден кийин 13 гана адам иштеп жатабыз. Алар өз иштерин талапка ылайык иштеп жатышат.
Билим берүү
– Биздин айыл өкмөтүнүн аймагында 8 мектеп жана бала бакчалар бар. Алардын ремонт иштерине жардам көрсөтүүнү колго алып жатабыз. Алсак Сокулук айылындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан № 2 бала бакчанын имаратын оңдоо, калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бюджеттен, АРИСтен 18300,0 сом бөлүнүп, долбоор даярдалып, ишке ашыруу үчүн иш кызуу журуп жаткан убагы.
Ден соолук…Спорт
Жашоочулардын спортко болгон кызыгуусун канааттандыруу үчүн Биринчи май, Сокулук айылдарында салынып жаткан спорттук комплекстерге оңдоо иштери жүргүзүлүп, керектүү шаймандар менен камсыздоо жагы колго алынган. Ден соолукту чыңдоо жагына да көнүл бурулуп турат. Асылбаш айлындагы ФАПка АРИС тарабынан 800000 сомго медициналык аппаратура жана керектүү буюмдар алынган. Жакында тапшыруу аземи өткөрүлөт.
Санжыргалуу Сары-Өзөн деген ат баарына жагууда
– Сары-Өзөн деген ат биздин жашоочуларга абдан жакканынын дагы бир далили Сокулук айылынын жарымы биздин айыл өкмөтүнө караштуу Бишкек- Ош жолунун эки жак бетинде жайгашкан. Крупская атын которгондон бери бул айылдын жашоочулары бизге Сокулук айылынын атын Сары-Өзөн деп которуп бергиле деп көп жолу кайрылышты. Алардын суроосун канааттандыруу үчүн айылдык кенештин депутаттары 1924-жылдын 20-майында Сары-Өзөн айылы болсун деген токтом кабыл алынып, райондук мамлекеттик администрациясына кайрылышкан. Ал жактан дагы 10-июнда сунушту канааттандырган токтом кабыл алынып, иш кагаздар даярдалып жатат. Демек жашоочуларыбыздын суроосу ишке ашып Сокулук айылынын биз тарабы Сары-Өзөн айылы боло турган болду.
Ички жолдор оңдолууда
– Учурда айыл өкмөтүнө караган ички жолдорду оңдоп түзөө, асфальт төшөө иштери кызуу журүп жаткан учуру. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120000 сом каржыланган. Мунун натыйжасында көчөлөр көркүнө келүүдө. Бул иштер жылдын экинчи жарымында дагы улана бермекчи.
Жаңы мал базар курулууда
Биздин аймакка караштуу мал базарды көчүрүү маселеси бир топтон бери козголуп, жогорку жетекчилер да кийлигишип, маселе оң жагынан чечилгенин окурмандар жакшы билишет. Биринчи Май айылынын жанынан жер бөлүнүп берилип, жаңы мал базары курулууда. Курулуш иштери бүтөөргө жакындап калды.Чүй облусунун өнүктүрүү фондусунан 150000 сомдук долбоор өтүп, азыркы учурда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул мал базар бардык шарты бар чоң мал базар болот деген ишенимдебиз.

Айылдык курултайга даярдык
– Биздин айыл өкмөтүндө дагы бир жаңы саамалык – биринчилерден болуп бир топ жыл мурун айыл аймагынын курултайын өткөрүүнү баштаганбыз, жыл сайын өткөн курултайда айыл өкмөтү бардык тармак боюнча аткарылган иштер туурасында отчет берип, алдыдагы максаттар белгиленип турат. Бул курултайды ушул деңгээлге жетишине зор салым кошкон биздин ардагер кызматкерибиз, райондун ардактуу атуулу, республикалык курултайдын бир нече жолку делегаты Г.С Колюженная. Жаңы бириккенден кийинки быйыл өтүүчү 12- курултайыбызга кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Катышкандар менен өзүм баш болуп чогуу бүтүргөн иштерибизди терең анализдеп, алдыда аткарылуучу иштерди аныктайбыз.
Социалдык жардамдар…
– Сары-Өзөн айыл аймагында 2022-23-жылдары Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун негизинде, жалпысынан 38 үй-бүлө мамлекеттен 100 000 сомдон жардам алып, анын ичинде: 23 үй-бүлө мал чарбачылыгы, 1 үй-бүлө такси кызматында, 10 үй-бүлө тигүү тармагында жана 4 үй-бүлө соода иштерин жүргүзүү менен алектенишүүдө. Ошондой эле, быйылкы жылы да 17 үй- бүлө мамлекеттен, 5 үй-бүлө жергиликтүү бюджеттен 100 000 сомдон алып, жакырчылыктан чыгуу максатында иш баштоо алдында турушат. Социалдык жардам алып ишкерлик, мал чарбачылык менен алектенип жаткан үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен жана кайрымдуу фонддор, жеке ишкерлер тарабынан жем-чөп, азык-түлүк, акчалай жана кышкыга көмүр-отун жагынан жардамдар берилип турат. Ошондой эле, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген баада ижарага берилүүдө.
Ниязалы УСУПБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу» гезитинин
сырт кабарчысы