“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41,5 млн. сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8,7 млн. сом каражат бөлүп, 12 долбоорду ишке ашырган.
Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын» компаниясы «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен Талас облусунан чыккан, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева, Азиза Шумкарова, Бермет Нуридин кызы, Арууке Кадырбек кызына Азия чемпионатынын алдында акчалай сыйлык жана спорттук кийимдерди тапшырды.
Балбан кыздар компания-га ыраазычылык билдирип, айрыкча спортчуларга атактуу болгондон кийин гана колдоо көрсөтүлөөрүн, ал эми «Альянс Алтын» аларды башынан бери колдоп келе жатканын белгиледи.
“Компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Аны менен бирге бизди алдыда чоң жеңиштер күтүп турат деп ишенебиз”, – деген Нурзат Нуртаева Иордания өлкөсүндө 2024-жылдын 27-30-июль күндөрү өткөрүлгөн 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль, ал эми Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.
Үсөнаалы РЫСКУЛОВ – машыктыруучу: “Альянс Алтын” компаниясы Таластын чыгаан спорт чеберлерин колдоп келишет. Мына азыр менин спортсмен кыздарыма дагы колдоо көргөзүп жатканына өтө кубанып турам. Күрөшкө кийүүчү бут кийим, витамин, формаларына каржылык кылды. Буюрса, кыздарым Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнөгө таанытат деген ишенимим чоң. Себеби, менин кыздарым бүгүнкү күндө алтын, күмүш, коло байгелеринин ээлери. Ошондуктан, спорт чеберлерине колдоо өтө керек, буга чейин дагы витамин, спорттук кийимдерине акчалай каражаттарын бөлүп келген. Ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип кетким келет”.
Нурзат Нуртаева, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын чемпиону: “Учурда, спорттун эл аралык деңгээлдеги чеберимин, Азия оюндарынын эки жолку чемпионумун, мен мурда 23 жашка чейинки жаштардын командасындагы спортсмен болсом, эми гана чоң спортко аралаштым. “Альянс Алтын” компаниясы Талас өрөөнүнөн чыккан Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаровага окшогон мыкты спортсмендерге дагы жакындан жардамдарды берип келишкени мага стимул болчу эле. Мына азыр агайыбыз менен биздин команданы дагы сыйлап, каржылап жатканына кубанычыма чек жок.
Компания “Талас облусунун балбандары” мекемесине демөөрчүлүк кылып келе жаткан бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен бирге 11,6 млн. сом каражат жумшады. Андан тышкары колдоо көрсөтүү иретинде Кыргызстандын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн. сом которгон.
Ал эми “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду жогоруда белгилегендей 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спорт багытын колдоого 41,5 млн. сом каражат жумшады.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»