Бишкектен троллейбустар толугу менен алынарын мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Калаа башчысы мунун баары шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн жасалып жатканын белгилеген.
«Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр чубалгылары, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Азыр троллейбус белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Ал эми электробус жана башка коомдук транспорт мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы тиет. Троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик», — деген Жунушалиев.
Азыр Бишкекте жолдор оңдолуп жаткандыктан №11 жана №14 троллейбус каттамы гана жүрүүдө.