Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Алиханов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, кесиптештердин жолугушуусу 8-12-июлда Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууну алкагында өттү. Кыргызстандын делегацисынын курамында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков, «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров бар.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкууланып, өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтык жана инвестициялык долбоорлор маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Данияр Амангелдиев эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстан Россия менен экономиканын ар кыл тармактарында жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.