whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактар«Алтынкен» компаниясы медицина кызматкерлерин куттуктады

«Алтынкен» компаниясы медицина кызматкерлерин куттуктады

“Алтынкен” компаниясы Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Тагыраак айтканда, Кемин райондук жалпы дарыгердик практикалык  борборун, Кемин райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясын, Орловка шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерин куттуктады. Аты аталган мекемелердин кызматкерлерин куттуктоо менен ар бир мекемеге кутучалардагы жер жемиштер, ун, май,  кой алып барып беришти.

«Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл ТОКТОБАЕВ:

«Урматтуу саламаттык сактоонун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңар – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен “Алтынкен” компаниясынын атынан куттуктайм.

Бул майрам Саламаттыкты сактоо кызматкерлери кесиптик милдетин татыктуу аткарып, калкыбыздын саламаттыгына кам көрүп, өз ишине чексиз берилген мээрман дарыгерлерге таандык. Чындыгында, адамдар үчүн эң баалуу болгон өмүрү жана ден соолугу – сиздердин  колуңуздарда.

Силердин эмгегиңер жана боорукердигиңер үчүн, кең жүрөгүңөр жана кесипкөйлүгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем. Силерге жана жакындарыңарга чын дилден бакыт-таалай, бакубатчылык, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалайм. Ошондой эле Саламаттык сактоонун ардагерлерине да ак эмгеги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирем» – деди Акыл Токтобаев.

Майрамдык куттуктоо Орловка шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерин куттуктоо менен башталды. «Алтынкен» компаниясынан кутучалардагы жер-жемиштер, ун, койлор белек катары
берилди.

Орловка шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, Айнаш ДЕРБИШАЛИЕВА:

– Биз Кемин райондук оорукананын Орловка шаарындагы бөлүмү катары саналабыз. Бирок, ушул бөлүмдө 20 койкалык стационардык ооруканабыз бар. Анда 15 чоң адамдар, 5 балдар жаткан бөлүм. Ал жерде 6 дарыгер эмгектенет. Андан сырткары, УЗИ, флюорография (рентген) аппараттарыбыз дагы бар. Бул ооруканада жалпысынан 50 кызматкер иштейт.

Чындыгында Орловка шаарында жайгашкан “Алтынкен” компаниясынан жакындан жардам алып келебиз. Ар бир майрамды кур койбой, келип куттукташат. Өзгөчө, 2020-жылы болуп өткөн GOVID капсалаңында дары-дармектерди, аппараттарды алып келип, канчалаган адам өмүрүн сактап калганыбызды баса белгилеп кетким келет. Ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, компаниянын жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетким келет: «Алтынкенибиздин» алтыны түгөнбөй эле, элибизге кызматтарын кыла беришсин. Ал жерде Кыргызстандын жүздөгөн атуулдары кызмат кылып, үй-бүлөсүн багышат. Ошондуктан, ден соолук, иштерине ийгилик болсун деп айтмакчымын.

Кемин райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жетекчиси Гүлнара СЫДЫКОВА:

– Мен  Ысык-Ата район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кемин району боюнча башчысы болом. Биздин мекемеде 21 кызматкер эмгектенет. Ичүүчү сууларды, кичинекей жарандардан улууларга чейин вакцинация (эмдөө) иштери, ичүүчү таза сууну текшерүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо максатында жашаган чөйрөлөрдүн зыяндуу таасирлерине байланыштуу жугуштуу илдеттердин, кесиптик оорулардын, жугуштуу эмес (уулануу) жапырт оорулардын алдын алуу иштерин жүргүзөбүз.

Жамаатта Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниктери, ардагер кызматкерлерибиз, жаш кесипкөй кызматкерлерибиз бар. Албетте, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдүн бири катарында кадр маселесин айтсам болот. Себеби, санитардык дарыгерлер жетишпегендиктен пенсия курагындагы кызматкерлерибиз иштеп жатышат. Буюрса, 1-сентябрдан баштап маянабызды көтөрүлөт деп жатышат. Кадр маселеси чечилет деген үмүттөбүз.

Урматтуу Саламаттыкты сактоо кызматкерлери!

Ак халатчан адамдар – бул үмүттүн жана камкордуктун белгиси. Албетте, силер менен сыймыктанабыз кесиптештерим,  силердин араңарда белгисиз баатырлар бар – алар чын дили, жүрөгүнүн үнү менен айланасындагы адамдардын жашоосун жакшы кылат.

Эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күнү-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү үчүн күрөшүп келе жатасыздар. Сиздердин бейтаптардын дартына дабаа, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүтүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерге кажыбас кайрат, иштериңиздерге ийгилик, ден соолук каалайм, – деди Гүлнара Сыдыкова.

Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында Саламаттыкты сактоо күнү 7-июлда өттү.

Кемин райондук жалпы дарыгердик практикалыкборборунун директору Бакыт САТЫМКУЛОВ:

– Улуттун саламаттыгы – өлкөнүн келечектүүлүгүн аныктайт. Демек, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн саламаттыгынын чың болушу – сөзсүз түрдө өлкөнүн өнүгүүгө карай кадам ташташына шарт түзөт.

Өмүр сакчыларына жардамга келүүгө ар дайым даяр болуп, кесиптик милдеттерин жан үрөп аткарууга байланышкан татаал миссия жүктөлгөн. Бул миссия эбегейсиз эркти, энергияны, сезимталдыкты талап кылат эмеспи.

Дарыгерлер жоопкерчиликти бийик коюп, чебер колдору, камкор, мээримдүү мамилеси менен кереметтүү ийгиликтерди жаратышат.

Адам өмүрүнөн жана ден соолугунан артык эч нерсе жок. Бул баалуулуктардын сакчылыгында турган жалгыз гана кесип ээлери – бул урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери. Өз өмүрүн медицинага арнагандардын бардыгына ыраазычылыгымды билдирүү менентаазим кылам.

Себеби, элибиздин саламаттыгын чыңдоо, жарандарды сергек жашоого үндөө, оорулардын алдын алуу, замандын жаңы коркунуч-чакырыктарына туруштук берүүгө даяр туруу – жалпы барыбыздын  милдетибиз,кесиптештер.

Кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиңиздерге ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, жергебизге тынчтык каалайм!

Сөзүмдүн акырында, “Алтынкен” компаниясынын жетекчилигине терең
ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Сиздердин көңүл жаздымында калтырбай куттуктап, берген белегиңиздер менен Кемин райондук жалпы дарыгердик практикалык  борборунун кызматкерлерин куттуктайбыз. Учурда, 46 дарыгер, 170 медициналык кызматкер, жалпы 376 адам эмгектенет.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен өмүр сакчылар! – деп сөзүн бүтүрдү директор Б. Сатымкулов.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар