Турмушта бирөөнүн кусуруна калып, кийин өзү кырсыкка кабылып калган адамдар көп эле кездешет.
Канымкан улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, бирөөгө жамандыгы жок боорукер адамдардын чөйрөсүндө, жөнөкөй эле колхозчунун үй-бүлөсүндө өсүп чоңойду. Энеси Бүбүйна өтө намыскөй бир атадан тараган отуздай үй-бүлөнүн урпактарын ынтымакка чакырып, башын бириктирген аял эле. Жалгыз кызы Канымканды “элден калбай бир кесиптин ээси бол, менин тилимди алсаң доктурдун эле окуусун оку” деп медицина институтунан окутту. Жалгыз кызын окуусун бүткөнчө эч нерседен кем кылган жок. Көптөн күткөн күн да келип, Канымкандын диплому да колго тийди. Бөлүштүрүү комиссиясынын чечими менен алыскы Тянь-Шань районундагы бир участкалык больницада врач болуп иштеп калды. Айыл Нарын шаарынан 40 км алыс Нарын дарыясынын жээгине жайгашкан экен.
Ал убакта айылдардын район, областтын борбору менен байланышы оңоло элек. Сельсоветте да, колхоздо да автомашиналар жок кез. Катуу оорулар түшүп калса аларды Нарынга жеткире алышпай кыйынчылыктарды башынан көп өткөрүп жатты. Айла жок медициналык жардамды өзү берип жүрдү. Кээ бир убакта оору адамдын жанынан чыкпай, уйкусуз түндөрдү өткөргөн күндөр да болду. Турмуш деген адамды ушинтип такшалтып, өзүңдө ишеним пайда болот экен. Баардык эле ооруканага түшкөндөр айыгып кетпей өлүмгө учурагандар да болуп жатты. Түшүнбөгөн адамдар мындайда “туура эмес дарылады” деп врачты күнөөлөшөт эмеспи. Ошентип, ишинин ачуу-таттуу даамын татып жүрө берди. Өзүнүн суроосу менен Москвада, Фрунзеде өтүүчү квалификациясын өстүрүү курстардан окуп келди. Эми чакыруу боюнча райондон, облустан консультанттар да келүүчү болушту. Мурункуга караганда иштөө бир топ эле жеңил болуп калды.
Жумуш деп жүрүп өзүнүн жеке турмушуна көңүл бурбай жүрүптүр. Ана-мына дегиче жашы отузга чукулдап калыптыр. Канымканга көз салып колун сураган көп эле жигиттер болгон. Бирок алар Канымкандын көңүлүнө толчу эмес. Ошол айылда төрөбөгөн аялы менен ажырашып бойдок жүргөн Жолон деген зоотехник шынаарлап сөз айтып жүрдү. Ал Канымкан жашаган үйдүн адамдарына чукул тууган экен. Эми эки жактан тең аракет күчөй баштады. Акыры тагдырга моюн сунуп Жолон менен баш кошуп жашап калды. Жолондун карыган ата-энеси бар экен. Алар бир чычкандай небереси менен өзүнчө жашап жатышкан. Канымкан аларга барып кир-когун жууп, үйлөрүн иретке келтирип, тамак-аштарын толуктап, дары-дармегин дайындап жүрдү. Мурунку келиним бизди карачу эмес эле, бул келинимдин көргөн-өскөнү жакшы жер болсо керек деп ичтери жылып калды кары кишилердин.
Жолондун Карыпакун деген агасы колхоздо чабан болуп мал баккан киши экен. Алар жайында жайлоого чыгып, кышында кыштактын четиндеги кашарга түшүшөт. Айылга анда-санда каттабаса көпчүлүк учурда мал менен алек. Аялынын аты Батмакан. Өтө ичи тар адам.
Канымкан өзүнүн сылык мүнөзү, кызматы менен элге алынып кеткен. Шаарда окугандык кылып өзүнө ылайыктап жакшы кийинет. Кымбат баалуу сөйкө, шакек салынып жүрөт. Буларды көргөндө Батмакандын ичи күйүп, тили буулуп сүйлөй албай туруп калчу болду. Айылда той-тополоң болуп турат эмеспи. Ага Канымкан да чакырылат. Үй ээси “жогору чыга гой” деп төрдү көрсөтсө, “жеңемден өйдө отуруп аламбы, жеңем төргө чыксын” дейт. Анда үй ээси: “жеңеңди өз үйүңдө сыйлап ал, сенин жолуң улук, анын үстүнө сен биздин “умай энебиз” болуп калбадыңбы” дейт. Айылдын аттуу-баштуу аялдары Канымканды сөзгө тартышат. Ал эми Батмаканга көңүл бурган киши болбойт. Ошол үчүн Батмакандын күйбөгөн жери күл болот. Үйүнө келип жамандаганы эле Канымкан, жокту бардай, чымынды төөдөй кылып сүйлөгөнгө эптүү.
Бизди жамансытат экен, мени менен сүйлөшкүсү келбейт. Анын кадырлагандары сельсовет, башкарманын аялдары. “Кулак укса курсак кайнайт” болуп Карыпакун келинине ызырынып жүрө берди. Бир күнү Карыпакундардыкына теңтуштары келип ичип отурушкан. Сөздөн сөз чыгып коноктор Канымканды мактап калышты. Батманын “Анын эмнесин мактайсыңар, жеткен куу неме экен, дары-дармек беримиш болуп ата-энебизди бизге душман кылып салды. Бизден жийиркенип үйгө келбейт” деп деле көп сөздөрдү айтып салды. Карыпакун кызуу. Коноктор кеткенден кийин айылга чаап жөнөдү. Канымкан декретте ай күнүнө жетип үйүндө отурган. Карыпакун үйгө кирип келип келинин ыплас сөздөр менен сөгүп кирди. Көзү кызарып канга толуп кеткен, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. Бир убакта чоң өтүк менен столду тепти эле, анын үстүндөгү чыны-чайнектер жерге жайнап калды. Эзелки өчү бар немедей аларды тепкилеп сындыра баштады. Канымкан эч сөз айтпай ыйлап отура берди. Жолон үйдө жок болчу. Ал болгондо мушташ чыгып кетет беле.
Карыпакун жедеп чарчаганда эшикти тарс эттирип катуу жаап чыгып кетти. Анын мындай кылыгы ушуну менен эле бүтүп калган жок. Мас болгондо келип жүрдү. Акыркы сапар келгенде Канымкан “Эми күнөөбүз болсо ачык айтпайсызбы, идиш аякта эмне күнөө? Мындан ары мас болуп келбеңиз. Келсеңиз милиция чакырам” деген сөз таасир эттиби же башка себептер болдубу кайнагасы келбей калды.
Ал арагын ичип жүрө берди. Бир күнү оң бутун сүйрөп баса албай калды. Оорусу күчөгөндөн күчөп, уйку бетин көрбөй калды. Нарынга барып көрүнсө врачтар бутуңа кан чуркабай чирип (гангрена) баштаптыр деп Фрунзеге жөнөтүп ийишти. Фрунзе шаарындагы республикалык ооруканада хирургдар оң бутун ампутировать этип салышты. Баягы чыны-чайнекти талкалаган бут денеден ажырап, акыр-чикир салган идишке түшүп калды. Карыпакун бутунан ажырап балдакка күнү түшүп калды. Жолон бир айча жайлоодо жүргөн, айылга келип агасынын ооруканага түшүп калганын укту. Фрунзеге барып Карыпакун балдак менен басып жүргөнүн көрдү. Аны ооруканадан чыгарып айылга алып келди. Канымкан ал-ахыбалын сурамакка барса кайнагасы аны көргүсү келбей ары карап жатып алды. Хирургдар толгон-токой уколдорду жазып берген экен. Аларды медсестрасына жасатып жатты. Он чакты күн өткөндө медсестра: “Эже, кайнагаңыздын экинчи бутунун да бармактары карара баштады” дейт. Аны дароо Нарынга алып келишип облооруканага жаткырышты. Дартына ал жерден да жардам кыла алышпады. Акыры асылган оору аны алып тынды. Өлүк сыйнатын Жолон өз мойнуна алып “кара ашына эмне мал соелу?” деп жеңеси Батмаканга кайрылды. Ал оозун куу чөп менен аарчып: “Бизде мал калган жок, баарын төлөмдөрүнө берип салгам” деди. Жолон: “Менин силерге кошуп жүргөн малдарым барбы?” деп сурады. Батмакан: “Сеники да, атамдын кошкон малдары да өлүп калган” деди. Өлүк үстүндө чырылдашып мал доолашып жүрмөк беле, бирөөнүн бээсин карызга алып кара ашына союп, өлүктү жерге берип, элге табак тартып өз милдетинен кутулду. Жолон пенсияга чыксак эл сыяктуу жайлоого чыгып бээ байлап кымыз ичсек деген ой менен өзүнүн, атасынын менчик малдарын агасына кошуп жүрчү. Мына эми чычкак улагы жок отуруп калды.
Тааныш чабандарга кошкондо төлү жоголсо да малымдын башы аман турмак экен деп каңырыгы түтөдү. Канымкан: “Элдин кошкон малдарын менчиктеп алган агаң ошолордун үзүрүн көрбөй жер алдына жатып калды. Андан көрө өзүңдүн, балдарыңдын аманчылыгын тиле. Мал табылаар” деп сооротту. Жолон менен Канымкан үч эркек, эки кыздуу болушту. Балдары чоңоюшуп, Фрунзеден окушуп жогорку билимдүү болушту. Жолон пенсияга жашы жеткенде кыштоодон жер кестирип алып балдары менен жашаганга үч бөлмөлүү үй, малга сарай салып алды. Мамбанктан кредитке акча алып ага жалаң мал сатып алды. Атасынын боз үйүн тигип жайлоого эл катары чыгып жүрдү. Сатып алган малдары төл бере баштады. Төлдүн эсебинен карызынан кутулду. Малы дүркүрөп өстү. Төлдүн эсебинен мингенге автоунаа, балдарына Бишкектен үй сатып берди. Балдарынын баары ыймандуу, адамгерчиликтүү ата-энесин сыйлаган, эл оозуна кирген адамдар болуп чыга келди. Жолондун кайтыш болгонуна 4-5 жылдай болуп калды. Канымкан балдарынын, неберелеринин сыйын көрүп жашап жаткан кези.
Окен МАМАТКАНОВ,
Бишкек шаары