whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы иш сапары менен Түркияга барды

ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы иш сапары менен Түркияга барды

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев 8-14-июлда иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аны Түркиянын Жандармасынын башкы кол башчысы армиянын генералы Ариф Четин Ардак кароол менен тосуп алды.

Иш сапардын негизги максаты Түркиянын Жандармасынын башкы кол башчылыгы менен КР ИИМдин Ички аскерлеринин ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө Жандарманын аскердик техникалары, атайын каражаттары жана өздүк курамдын күжүрмөн кызмат аткаруудагы даярдыктары, жашоо шарттары менен таанышуу болду. Ошондой эле Жандарма жана Жээктен Коргонуу Академиясында билим берүү багытында кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Эскерте кетсек, Түркиянын Жандармасы менен ИИМдин Ички аскерлеринин ортосунда кызматташтык узак убакыттан бери жемиштүү уланып келет.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар