whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАк-Талаа боюнча алдыңкы упай топтогон – Айым Рыспек кызы

Ак-Талаа боюнча алдыңкы упай топтогон – Айым Рыспек кызы

Быйыл 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгында Нарын облусу боюнча 3 окуучу жогорку упай топтоп, “Алтын сетификатка” ээ болушту. Мындан сырткары, 200дөн өйдө балл алгандар да арбын болду. Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 447 окуучу ЖРТ катышып, 327си 110-216 чейин балл алышты. Учурда мына ошондой жалпы тестирлөөдөн жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрдү жер-жерлерде сыйлоо аземдери өтүп, аларга баалуу белектерди берип жатышат. Ошондой эле, аларды даярдаган мугалимдеринин эмгектери да бааланууда…

Рыспек кызы Айым быйыл Ак-Талаа району боюнча эң жогорку упайга ээ болду. Ал Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебин аяктады. Ак-Талаа районунан чыккан демөөрчүлөр Рыспек кызы Айымдын жетишкендиги үчүн өзүнө ноутбук, ал эми окуп билим алган мектебине автоунаа белек кылышты. Сабак берген мугалимдери да көз жаздымда калган жок.

“Менин жогорку балл алышыма биринчи кезекте ата-энемдин жана жеткиликтүү билим берген мугалимдеримдин салымы чоң”, – дейт Айым. Ал ЖРТден жогорку упай алуусунун эң негизги ачкычы – анын көп китеп окуганы болду деп эсептейт. “Себеби, мен гуманитардык сабактарга жакын болгондуктан, адабий жана көркөм китептерди көп окуганга аракет кылам. Кыргыз тили боюнча кароо-сынактарга, олимпиадаларга  5-классымдан баштап катышып келем. Мындай учурда китептен башыңды көтөрбөй окууга, изденүүгө милдеттүүсүң”, – дейт Айым.

“Эң кызыгы, ошондой иш-чараларга катышып жүргөндө, менин алдыңкы орундарга ээ болгонумду, айылдагылар мени шаан-шөкөт менен тосуп алып, куттуктап жаткандарын элестете берчүмүн. Анткени, буга чейин билчүбүз 1-2-орунду камсыздагандарга автоунаа белекке берилерин. Ошондуктан, тилек кылып койчумун. Кыялым мен элестеткендей таптак аткарылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Ак-Талаа районундагы Карасартов мектебинде болду. Ал жактан келатканда мени айылдын кире беришиндеги чоң жолдон айылдаштарым, класс-таштарым шаң менен тосуп алышты”, – дейт ал. Айым атасы Рыспек менен апасы Айнуранын колдоосу болбосо, мындай ийгиликке жете албастыгын айтат. “Атам жумуштары боюнча дайыма талаа-түздө. Ошондой болсо да, үйгө келген сайын: “Окугула, билим алгыла. Акча жөнүндө ойлонбогула, силердин окууңарга керек болгон акчаны кайдан болсо да таап келем”, – дей берет. Ал эми апам: “Башка иштерге алаксыбай, сабактарыңды гана оку”, – деп быйыл мени үй жумуштарына такыр аралаштырган жок. Кудай буюрса, ак эмгектерин, үмүттөрүн актаганга аракет кылам”.

“Азыр менин алдымда кесип тандоо жоопкерчилиги турат. Кесип тандоодон адашпоо керек дешет. Башкалардын кеңеши менен кесип тандап алсаң, өзүңө жакпай калышы мүмкүн. Ал эми өзүңө жакпаган ишти алып кетүү кыйынчылыкты туудурат эмеспи…  Журналист болом деген кичинекей кезимдеги кыялым бар эле. Бирок, барган сайын оюң, көз карашың, табитиң өзгөрөт экен. Учурда англис тилин орточо деңгээлде билем. Балким, ошол англис тили боюнча билимимди бышыктап жогорку деңгээлге көтөрөм. Айтор, толук бир кесипке токтой элекмин.”

“Адам арыктан аттарда анын чоң-кичинесине жараша кадам таштайт эмеспи. Анын сыңары алдыга чоң максаттарды койсо, ошого жараша аракеттерди жасайт экен. Мен “Алтын сертификат” алам деп максат койгом. Бирок, упайым жетпей калганы бир аз өкүндүрдү”, – деди Айым.

Рыспек кызы Айымдын класс жетекчиси Асанакунова Акина: “Айым 1-класстан баштап 11-класска чейин бардык сабактарын 5 деген баага өздөштүрүп келди. Ал аракетчил, ак көңүл, жүрүш-турушу боюнча бардыгына үлгү кыз. Классташтарынын арасында дайыма лидерлик касиетке ээ. Өзүнүн аракети, ата-энесинин колдоосу жана мугалимдеринин берген билиминин негизинде 216 упайды камсыз кылды. Район ичинде эң жогорку балл үчүн коюлган автоунааны биздин мектепке алып берди. Айым 8-классынан тартып Кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгып, кароо-сынактарга катышып олжолуу келип жүрөт. Быйыл да олимпиадага катышып, район боюнча биринчи, облус боюнча үчүнчү орунга ээ болду”, – дейт.

Ал эми Айымдын атасы  Жунусалиев Рыспек кызынын өжөрлүгүн, эмгекчил, аракетчил, тырышчаак экенин айтат. “Айым аябай өжөр кыз. Бир ишти жасайм десе, ал ишти баштаса аягына чыкмайын таштабайт. Көп окуйт. Жай болобу, кыш болобу саат 7де жатып алат. 10-11ге чейин уктап эс алат да кайра түнкү саат 2-3кө чейин сабак окуйт. Жаныңды кыйнабай эле койчу десек болбойт. Окууга, билим алууга болгон дилгирлигин көрүп, биз дагы шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Жок болуп жаткан китептерин таап беребиз. Кошумча курстарга жазылып алып окуйт. ЖРТдан жогорку балл алганы баарыбызды кубандырды. Бул Айымдын биринчи ийгилиги деп эсептейбиз. Кудай буюрса, келечеги алдыда. Кызыбыз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүгө даярбыз”.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар