– “Арыбаңыз”.
– “А баракелде, кандайсыңар балдарым”, – деп улуу адамдар менен саламдашчубуз. Апам бизге карыларга “арыбаңыз” деп салам бергиле дечү. Ал кезде маанисин түшүнбөсөм да, нукура тарбия алган экемин. Айтайын дегеним, ички жан дүйнөнү байыталы. Кыргыздын кыргызча тилин унутпайлы. Батышты туурап эмнеге жетишебиз. Балдарыбыз менен кыргызча тамак жеп, уктап, жомок айтып, кыргызча сүйлөшөлү. Жүрөгүндү кыргыз тилине ач!
Ошентип, менин балалыгым кыргызча өткөн деп көкүрөк кагып сыймыктанам. Улуттук оюндар ак чөлмөк, кыз куумай, жоолук таштамай, ак терек – көк терек. Эх! Ошол таттуу балалык күндөрүмдү сагынам.
Биз А.Керимбаев, Р.Абдыкадыров ж.б. не деген залкарларыбыздын ырларын ырдап, угуп чоңойдук. Азыр “тик-ток” сыяктуу интернет булактары жаш муундарыбызды уулантып бүттү. Интернет тармактарына азгырылып, нукура саламдашуу, нукура баарлашуу, нукура ырлар деги койчу бүт баары калып баратат. Жаштардан чоң сураныч кыргыздын нукуралыгын, кыргыздын таза абийирдүүлүгүн урпактарга өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз!
Кыздар, чоң энелерибиз, энелерибиз кийген кийимден эмнеге намыстанабыз. Кандай сонун элечек, ак калпак өңдүү улуттук кийимдерибиз бар. Паранжа, дамбал кийген уул, кыздар ачка болсок да өзүбүздүн намысыбызды сактайлы, маданиятыбызды сатпайлы. Кыргыз качан ошол дамбал, паранжаларды кийип, чүмкөнүп жүрчү эле. Өз каныбызда бар патриоттуулук сезимдерибизди өчүрбөйлү.
Башкысы, ар бир элди улут катары тааныткан анын эне тили. Эне тил – кандай жөнөкөй, терең, улук, мээримин чачкан сулуу тил. Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды жүгүртүп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат.
Айзада СУЛТАНБЕКОВА,
Аксы району, №37 Боспиек орто мектебинин тарых мугалими