Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта Олимпиада оюндарында кимдер лидер, кимдер алтынга талапкер?
Париж Олимпиадасында Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт. Алардын ичинен жеңил салмакта алтын байгеге талапкер Жоламан Шаршенбеков экенин дүйнөлүк адистер дагы баса белгилеп жатышат. Ошондуктан грек-рим күрөшүндө 60 кг чейинки салмак категориясында Жоламанга кимдер атаандаш болорун, алардын дараметин талдоого алып көрөлү!
Бул салмакта соңку Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчес 60 килограммдан 67 килограммдык салмакка өткөнү көптөгөн балбандардын алтын байгеге карай жолун ачты.
60 кг салмакта күчтүү, таланттуу жана чыгаан балбандар көп. Бирок учурда негизги фаворит кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков болуп турганын адистер айтышып, анын чеберчилигине жогору баа берип келишет. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Жоламан дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш байге утуп, Азиянын үч жолку чемпиону. 2022-жылкы Азия оюндарында бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Жолборстой шамдагай Жоламан бир нече жылдан бери бардык атаандаштарын чочутуп, апкаарытып келатат. Чынында Жоламан табында болуу менен эки жыл катар дүйнө чемпиондук наамын коргоп, чемпиондук курду эч кимге алдырбай келүүдө. Физикалык жана техникалык жактан күчтүү Жоламандын эң негизги фактору – анын кайраттуулук, атаандашынан жалтанбаган мүнөзү. Токио олимпиадасынан жолу болбой калгандан бери Жоламан бармагын тиштеп, Парижде финалга чыгып, алтын медаль тагынууну самап, даярдык көрүп жатат. Спорт адистери дагы Жоламанды баш байгеге бирден бир башкы талапкер экенин айтышууда.
Жоламандын негизги атаандашы жапониялык Кеничиро Фумита болушу ыктымал. 28 жаштагы Кеничиро дагы оңой жоо эмес. Ал Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси. 2017- жана 2019-жылдары дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон тажрыйбалуу балбан. Токиодо финалда кубалык Луис Орта Санческе алтынды алдырып коюп, арманда калган. Бул ирет ошол мүдөөсүнө жетүүгө бардык күч-кубатын жумшайт. Кеничиро дүйнөлүк чемпионатта Жоламан Шаршенбековго эки ирет утулуп калып, келме кезегин күтүп жүрөт. Бирок Олимпиада оюндарында кимдин жылдызы жанат, аны алдыдагы таймашуулар аныктайт. Ошондой болсо дагы чүчүкулак кандай түшсө Кеничиро жарым финалга чыгып калышы, бул ирет дагы Жоламанга атаандаш болушу ажеп эмес.
Париж Олимпиадасында алтын байгеге талапкер болушу ыктымал болгондордун бири азербайжандык Мурад Сахавет оглы Мамедов. Ал 2024-жылдын май айында Стамбулда өткөн Дүйнөлүк квалификация-лык турнирде жарым финалдык беттеште жеңишке жетип, 2024-жылкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Мурад Мамедов олимпиадалык цикл баштала электе эле жаркырап чыга баштаган таланттуу балбандардын бири. Ал эми Венгриядагы акыркы турнирде финалда Виктор Чобану менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, өзүнүн мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтө алды.
Жогоруда мен атын атаган үч балбандан калган атаандаштарынын баары чочулап турушат. Ушул үчөө грек-рим күрөшү боюнча олимпиада оюндарында керемет күрөштү көрсөтөт деп күйөрмандар күтүп турушат. Башка балбандар деле оңой жоо эмес. Алар дагы күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратып, жылдызы жанып калышы дагы ыктымал.
Мисалы, кытайлык Лиуго Цао дүйнө чемпионатынын коло байге ээси жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү. 2023-жылы апрелде Астанада өткөн Азия чемпионатында Цао 60 кг салмакта 3-орун үчүн күрөштө казакстандык Эрнур Фидахметовду жеңип коло медалга ээ болгон.
Бул салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Өзбекстандык Илхомжон Бахромов 2023-жылы Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Бахромов жубатуучу мелдеште ирандык Мехди Мохсеннежадды жеңип коло медалга ээ болгон. Илхомжон дагы байгелүү орундарга аракет кылаары бышык.
Дагы бир баш байгени мелжеп турган молдавиялык Виктор Чобану 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Европанын чемпиону. Европа чемпионатынын үч жолку күмүш байге ээси. 2019-жылы Европа оюндарында үчүнчү орунду ээлеген. 31 жаштагы тажрыйбалуу балбан Виктор 2021-жылы Токиодо өткөн жайкы олимпиада оюндарына катышып, 8/1 финалда Жоламан Шаршенбековду утуп алганы менен байгелүү орунга илинбей калган.
Виктор 2024-жылы апрелде Бакуда өткөн европалык квалификациялык турнирде Париж Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Карт бөрү дагы байгелүү орунга жетсем деп турат.
60 кг салмакта жолдомо алгандар:
Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ (Кыргызстан)
Кеничиро ФУМИТА (Жапония)
Лигуо ЦАО (Кытай)
Илхомжон БАХРАМОВ (Өзбекстан)
Мехди МОХСЕН НЕДЖАД (Иран)
Райбер РОДРИГЕС (Венесуэла)
Кевин ДЕ АРМАС (Куба)
Абделькарим ФЕРГАТ (Алжир)
Моамен МОХАММЕД (Египет)
Виктор ЧОБАНУ (Молдова)
Энес БАЗАР (Түркия)
Айдос СУЛТАНГАЛИ (Казакстан)
СеУнг РИ (Түндүк Корея)
Садык ЛАЛАЕВ (Бейтарап, Россия)
Мурад МАМЕДОВ (Азербайжан)
Георгий Тибилов (Сербия)
А дейбиз, бу дейбиз, кыргызстандык күйөрмандар 5-августта килемге грек-рим күрөшүнөн чыга турган дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков менен кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарованы колдоого алып, сүрөөнгө алып туралы.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы