whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек

Ботобай ырчы

Ичкилик кыргыздардан чыккан Ботобай Жунус уулу — Кыргызстандын түштүгүнө эле эмес, кошуна Өзбекстандын көп жерине даңаза болгон легендарлуу төкмө ырчыларыбыздын бири. Анын ырлары ушул бүгүнкүгө чейин ооздон оозго көчүп ырдалып, эл арасында жашап келатат. Ал 1861-жылы Кания-Бостон деген кыштакта (Өзбекстандын Кожо-Абад районуна караштуу) жарды үй-бүлөдө туулган. 1944-жылы 83 жаш курагында  дүйнөдөн кайткан.

Ырчынын небереси Маликов Мадаминден адабиятчы Жаки Таштемировдун 1976-жылы жазып алган маалыматы боюнча, Ботобай ырчы 7-8-жашынан жетим калып, Ноокаттын Кара-Таш деген жерине (азыр Калинин кыштагы) таякелерин караан тутуп, аларды каралап туруп калат. Дагы бир маалыматта Ботобай жаштайынан атасы өлүп, жетим калып, турмуштун айынан апасын ээрчип Ноокаттын Караташ деген жеринде таякелерине келгендиги айтылат.

Кыскасы, тестиер Ботобай турмуштун ачуу-таттуусун эрте татып, кыйынчылыгын эрте көргөн. Айтымда, 9-10 жашында Бостонго кайра барып, 12-13 жашынан ырдап баштаган.

УИАнын Кол жазмалар фондусунда Ботобай ырчынын уулу Малик аксакалдын: “…Биз Булакбашынын этегиндеги үчдөбөлүк Бостон болобуз. О вакта мен тогуз жашта эдем, жергиликтүү бийликтегилер атамды өлтүрөбүз дешет, бардык үй-мүлктү таштап ушул жерге качып келебиз. Бул жерде отуруп калганыбыз тага журт болот. Өзү жетим калып, катынды 30 жашында алган экен. Биз отуздагы баласы экенбиз. Ошондо атам азыркы эсепте 1866-жылы туулган болот, 1944-жылы 78 жашында өлгөн, мен урушта эдем. 1905-жылы Мойдунбек маңа ырдабайт деп атамды өлтүрмөкчү болот, ошондо атам менен бирге баарыбыз качып келгенбиз. Анда Калмат ажы деген туугандарыбыз бар эде, Мойдунбек ошону бала-чакасы менен атып таштайт. Анан буйрук берет: «Тез Ботобайды таап келгиле», – деп. Атам болсо Өзгөн жакка бир кишиге ырчы болуп жүрүп кетет. Мойдунга мени алып барышат. Мен тогуз жашта элем. Мойдунбек мени көрүп туруп «бул балага убал, койо бергиле, Ботобайды мен өзүм таап алам», – деп мени бошотуп коёт. Атам жетим жүрүп арка жакта Чыбыр деген болуштун эшигинде ырчы болуп жүрөт, бул жакка 30 жашында келет, энебизди алат. Мойдунбектен коркуп ырдабай, бекинип жүрөт, тынчып калганын сезген Мойдунбек атамды чакыртып алып, жарашышат, анан Мойдунбекти атам ырдап жүрөт”, – деген баалуу маалыматы бар (КР УИАнын улуттук кол жазмалар фонду, инв №612 жазып алган Ж.Таштемиров).

Шакирти Сы¬дык Алайчиев – Бала ырчынын айтымында, Ботобай атактуу акын Орозаалы аке менен он үч жыл бирге жүрүп, кызматын кылып, батасын алат. Барпы апыз: ”Орозаалы жөн эле киши эмес, ырдаса сайрап  жаткан булбул токтой калып  уккан киши” деп баа берсе, адабиятчы Абдыкерим Муратов: “…Ботобай көп белгилүү ырчылардын устаты болгон, ошол эле кезде өзү ырчылыктын сырларын устаттарынан, алардын ичинен Орозаалы дегенден үйрөнгөн. Аты уламышка айланган Орозаалы Кокон ордосунун ырчысы болгон, анын ырын Кудаярхан өзү ырдап уккан, ошол шартта устаты Меке, Мединага барып, ажылык парзын аткарып да келген. Ботобай болсо анын кызматында он үч жыл жүрүп, ак батасын алган. Аны менен кадимки Барпы апыз, Бала ырчы, Сыдык, Ташмат, Абдымомун, Колдош, Арзыбай деген ырчылар үзөңгүлөш жүргөн” – деп жазат.

Окумуштуунун айткандары Ботобайдын шакирти Сыдык Алайчиев – Бала ырчынын айткандары менен дал келет: “Он алты жашымда Ботобай ырчыга кошулуп кеттим. Ноокат, Жүлгөдөн – Амира, Туяк, Ташмат, Кубат, Арзыбай, Абыл, Үчүкө деген ырчылар чыккан. Ошолорду көрдүк. Ботобай жоош, кечиримдүү, куудул, нысаптуу адам эле. Мага насаат кылчу: “Балам, туз таткан жериңе кара санаба. Келин-кызына жаман көзүң менен караба, бирөөнүн акысын жебе, атыма салам деп, үй ээсинен бейжооп тамдын башына чыгып, бир боо чөп таштаба…”

Бозо, арак иччү эмес. Ошол үчүн эл аны жакшы адам деп, Ботобай акелеп сыйлашчу.

Ботобай бойдок маалында Чолпон аттуу кызга ашык болуп калып, «Ак Чолпон» деп ырга кошуп жүргөндө, ошол айылдын жигиттери каршылык кылышып, минип жүргөн атын кармап алып, куйругун кесип коюшат. Саар менен караса, атынын куйругу кесилип калганын көрүп кошуп ырдайт экен.

Ботобай менден жыйырма беш жаш улуу эле. Өз ажалынан өлдү. Мен мугалим болуп жүргөндө бар эле. Кийин көрбөй калдым”.

Өзгөндүн үстүндөгү Жазыда берилген Жаныбектин атасы Сагымбайдын ашына Бекназар, Барпы, Нышан, Токтогул, Ботобай ырчылар келишет. Коногу болгон күнү Ботобай Бала ырчыны да чакырып алат. Ал келгенде боз үйдө Токтогул, Барпы, Нышан, Көржолдош деген ырчылар олтурган болот.

Алды менен Барпы ырдап, кезек Ботобайга келет. Ал терме ырларынан ырдайт. Ойлуу тыңшап отурган Токтогул: “Ботобай чечен ырчы экен”, – деп баа берген экен.

Ырчы тууралуу айрым бир адабий иликтөөлөрдө “акын өмүрүнүн алгачкы кезеңинде Өзбекстандан чыккан корбашыларга ырчылык кылып жүрөт. Кийин иштин түпкүлүгүн түшүнүп, алардан четтеп, куугунтукка алынган” деген маалымат айтылат. Арийне, мындагы “акын өмүрүнүн алгачкы кезеңинде” дегени так эмес. Себеби, басмачылык, корбашылар кеңеш өкмөтү келгенден кийин гана пайда болуп, бул убакта акын 60тарга келип калган курагы болгон. Ошол эле учурда ырчынын басмачылар менен байланышын танууга болбойт. Ботобай ырчыны көрүп, анын ырын угуп калгандардын бири Матназаров Сабыр (Ноокат району, Көк-Бел совхозу, Көк-Бел поселогу, Жаңы-Базар кыштагы) адабиятчы Жаки Таштемировго: “Мен Ботобай менен Арзыбай  ырчыны көргөнмүн. Аларды жакшы билемин. Ботобай ырчыны ырдатып дагы көргөнбүз. Мен басмачылар менен көп жылы күрөшүп келгенмин. Балким, басмачылар ырдатса ырдаткандыр. Ботобай курал көтөрүп, эч качан жаңы түзүлүшкө каршы чыккан эмес. Биринчи олимпиадага катышып, жаңы түзүлүштү мактап ырдаган экен. Ошол ыры жагыптыр деп эл сөз кылып жүрдү. Ботобай ырчынын ырларын көп укканым менен үйрөнүп калганым жок” – деп болгонун болгондой айтып берген экен.

Небереси Маликов Мадаминдин маалыматына таянсак, Ботобай ырчы Сабыр, Самат деген корбашылар, Жаңыбай паңсат дегендер атып өлтүрүшөөрдө (Кара-Ташка) качып келет. Качып-бозуп Жалал-Абад тарапта да ырдап жүргөн. Ал убакта Мадаминдин атасы – Ботобайдын уулу Маликтин жаш кези экен. Каарданган корбашы, паңсаттар Маликти да өлтүрүп кое жаздаптыр. Басмачылардын башчыларынын зулумдугунан тажаган Ботобай үй-жайын, малдарын бүт калтырып, балдарын жетелеп Кара-Ташка баса берет.

Маликов Мадамин ошол мезгилде жаңы төрөлгөн эжеси 56 жашка чыкканын эске алып, “чоң атам Ботобай 1920-жылы ушул жерге келип, ошону менен ушул жерде туруп калыптыр. Артель уюштурулганда чоң атам Ботобай биринчилерден болуп колхозго кирген экен. Ошо бойдон өмүрүнүн акырына чейин колхоздо болду. Эч жакка барган жок” – деген маалыматы чындыкка жакын деп ойлойбуз.

Ырчынын корбашылар менен болгон байланышы дагы да такталар, ачыкталар, антсе да “Ботобайдын көп жылдар бою оозго алынбай, чыгармачылыгы иликтөөгө кирбей калышы да ушуга (басмачыларга — автор) байланышкан” деп ишенимдүү айта алабыз.

Олимпиада демекчи, Ботобай 1936-жылы республиканын борборунда өткөн олимпиадага катышканы, 1937-жылы анын “Күлүк аттын сыны”, “Терме”, “Сүйүү”, “Ленин туу-ралуу ырлар” деген чыгармалары жазылып алынганы, ал ырлар Кол жазмалар фондунда сакталып турганы тууралуу маалымат бар (https://ky.wikipedia.org/wiki/Ботобай).

А.Көчкөнов аттуу автор Ботобай ырчынын өмүрү-чыгармачылыгын изилдөө боюнча кыйла эмгек жасаган экен. Ал ырчы тууралуу топтогон материалдарына таянып: “Ботобай Жунусов 1866-жылы Өзбекстандын Кожоабад районундагы Каныя -Бостон деген кыштагында жарды адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Жунус кыргыздын Ичкилик урууларынын Жоокесек, Бостон урууларынан болгон. Алар үч ага-ини болуп, турмуштун запкысынан үч жерде жашап калышат. Бирөө Өзбекстандын Кожоабад районундагы Үчтөбө, Каниябостондо, Булакбашы деп да коюшат, экинчиси Өзгөндүн Куршабында, Жалалабад, Базаркоргон тарапта көп жүрүп калышынын себеби да мына ушул тууганчылык маселесинен келип чыгат. Ошол мезгилдеги сур заман Ботобай ырчынын үй-бүлөсүнө да катуу залакасын тийгизип, атасы Жунус киши колдуу болуп жарык дүйнө менен кош айтышат. Душмандардын сүрүнөн, айбатынан корккон жесир эне, күйөөсүнүн сөөгүн жерге жашырууну да туугандарына таштап, баласын алып түн жамынып Ноокатка, Караташка төркүндөрүнө баса берген. Бирок, тага журтундагы турмуш дагы абат болуп кетпейт, эки жылча туруп туулган жери Каниябостонго көчөт. Балалык кези ушул чөлкөмдө өтүп, турмуштун татаал сыноолорун башынан кечирет. Элдик жомокторго, ырларга, макал-лакаптарга ышкыбоз бала Ботобайдын жүрөгүнө энесинин айткандары уюй берет. Дастияр болуп калган мезгилде ай-тойлордон ырчылардын, өлөңчүлөрдүн чыгармачылыгы кызыктырып, турмуштун көйгөйлөрү Ботобайды ырдата баштайт, бул мезгилде ырчы он үч жашка чыгып калган эле” – деп жазат.

Жараткан өзү жар болуп, жаш кезинен шыгы ойгонуп, таланты жетилген Ботобай ырчы Кыргызстандын түштүгүнө белгилүү, ошол мезгилдин мен-мендеген ырчылары зор сый-урмат көрсөткөн ырчылардан болгон. Аны Өзбекстанда өткөн тойлорго атайылап чакыртып кетишкен. Буга караганда, ал кыргызча жана өзбекче эки тилде бирдей сабалатып ырдаган акын болгон көрүнөт.

Чоң окумуштуу Сулайман Кайыповдун: “Чын чынына келгенде Ботобай ошол кездеги ичкилик кыргыздардан чыккан акындардын лидери. Ал ырдап атканда эч ким алдына кире калып ырдаган эмес. Нурмолдо деген чоң ырчы болгон түштүктө, эч ким ага даай алган эмес.Ошону деле:

Боз ат минген Нурмолдо,
Бокту жебей тур  молдо ,
Аксыдан чыккан Нурмолдо,
Акшыңдабай тур молдо, – деп сөзгө жыгып ырдашкан. Бирок, Ботобайга эч ким анте  алган эмес. Атүгүл Токтогул деле угуп туруп, “ыр ушунда экен” деп койгон” – деп жазганы Ботобайга берилген калыс жана чыныгы баа деп айтсак болот. Ушуга улай эле фольклор изилдөөчү Буудайбек Сабыр уулунун: “Ботобай кезегинде Токтогул, Калмурза, Барпы сыяктуу чоң акындардын бири болгон экен. Ноокаттан чыккан. Ошол кезде кара-суулук Бала ырчы Сыдык дегенди өзүнө шакирт кылып атка учкаштырып, өзү менен баласындай алып жүрчү экен” дегенин да эскере кеткибиз келет.

Сыдык – Бала ырчы Ботобай аны 1912-жылы Сагын бийдин ашына ээрчитип барып, ал жерде кадимки  Сатылган уулу Токтогул менен  учураштырганын эскере келип, “Устазым Ботобайды Токтогул акын өтө сыйлаарын ошондо көрүп-билдим”, – дегени да көп нерседен кабарлап турат.

Адабиятчы окумуштууларыбыз “кыргыздын ичкилик канатынын  өкүлдөрү болгон  ырчылардын лирикасы  башкаларга окшобойт, комузу жок ырдашат. Ырдын түзүлүшү, колдонгон каражаты, композициялык курулушу, куплеттердин түзүлүшү, обону да таптакыр башкача. Өтө жөнөкөй, бирок, ошончолук терең, ары уккулуктуу” деп белгилегендей, түштүк жергесинен чыккан ырчылардын чыгармаларынын тили –жибектей майин, шабдаалыдай ширин тил.

Эрге давир келгенде,
Эки күлүк тең байлайт.
Жерге давир келгенде,
Жер чымырап көк чайлайт.
Бакка давир келгенде,
Эки булбул тең сайрайт.
Арийат – намыс келгенде,
Азамат эрлер бел байлайт.
Жаз айланып күз кетет,
Саратандан муш кетет,
Насипка карап кыз кетет,
Пайгеден озуп ат кетет.
Бир иш берсе атказып,
Бир азамат март кетет.
Куш уйасы зов болот,
Кум куйулган тов болот.
Кушту асманга учурган,
Эки канат пар болот.
Орозгарди кызыткан,
Өмүр шерик жар болот.
Булбул жайы бак болот.
Пашанын жайы так болот.
Жамандан киши дак болот,
Жакшыга жаман жете албайт,
Жарышкан  озуп өтөлбайт.
Ар буйумдун наркы бар,
Жакшы менен жаманның,
Ортосунда паркы бар.
Акыл менен парасат.
Адамыга бергендир.

Ботобай ырчынын термесинин ушул кыскача үзүндүсүнөн эле анын акындык дарамети канчалык экени дароо көзгө урунат, терменин тили да шириндиги менен өзүнө тартат.

Кийинки жылдарда Ботобай ырчынын эл арасында ооздон оозго көчүп айтылган чыгармаларын жыйноо иштери жүрүп, чыгармачылыгы изилденип, жазуучу Мамат Сабыров, көрүнүктүү илимпоздор Өмүрзак Мамаюсупов, А.Муратов, А.Көчкөновдор бул багытта чоң иш жасап жатышканы колдоого арзыйт. Буюрса, бул демилгелүү иштер мындан ары да уланат деген ойдобуз.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар