whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСанарип министрлиги сандан жаңылганбы?

Санарип министрлиги сандан жаңылганбы?

Оболу, бул чакан макала жеке өзүмдүн пайдам үчүн бирөөлөрдү жамандайын деген кара ниетте жазылбаганын эскерте кетким келет. Болгону жакынкы күндөрү башыман өткөн окуяны окурмандар менен бөлүшөйүн деген максатта сунуштап отурам.

Президентибиз С.Н.Жапаровдун Кыргызстандын жарандары алып жүргөн эски паспортторду жаңы паспортко алмаштыруу жөнүндөгү жарлыгы менен ЖМКлардан таанышкан соң мыйзамды сыйлаган жаран катары өзүм жашаган борборубуздагы Октябрь райондук Калкты тейлөө  борборуна (ЦОН) бардым. Кезек күткөндөр көп экен, ар ким ар кандай иш менен келгендер. Мен сыяктуу жашы бир топко барып калган жарандар да бар, алардын көпчүлүгүн жашыраак жакын адамдары коштоп жүрүштү. Мени да адегенде уулум коштоп барып, ал жумушуна кеткенде кызым келди. (Ковид оорусунан кийин менин угуум начарлап кеткен.) Арадан эки саат убакыт өткөн соң кезегим келип, ичкериге чакырды. Документти алмаштырууга келгенимди айтып, паспортумду сундум. Оператор кыз компьютерин ачып, дарегимди сурады. Мен айтып бердим. Бирок кыз жарандардын маалымат базасында мен бар, үй бар, бирок андай батир жок экенин экрандан көргөзүп, башка столго баруумду өтүндү. Аерден да оператор жигит маалымат базасында паспортуңузда көрсөтүлгөн батир жок, паспортуңузду алмаштыра албайбыз деп ийин куушурду.

– Анда эмне, менин паспортум жасалмабы? – деп күлүп сурадым. Оператор жигит ийнин куушуруп, кийинки кезекте турган жаранды чакырды. Анан кызым экөөбүз дагы бир бөлмөгө кирдик. Аерден да компьютерин ачып, маалымат базасында паспортуңуздагы батир жок деген тааныш жооп уктум.

– Анда базада мен жашаган үй бар экен, паспортума ошол үйдү каттатып койгула, – дедим.

– Андай болбойт, сиз жашаган батирдин номери жок болуп жатат базада, – деп сылык жооп берди.

– Анда паспортумду алмаштырбай эле коёюн, жашым деле бир топко келип калды, “даканса” жетет го, – дедим бурулуп баратып.

– Нике күбөлүгүңүздү алып келиңиз, уулуңуз өзүнүн паспорту, үйдүн техникалык паспорту менен чогуу келсин, текшерип көрөбүз, – деди ал айым.

Ошо менен өйдө төмөн чапкалып, такси жалдап улам бир сураган кагазды ташып, үч күн өтүп кетти.

Ырас, бул окуяда Октябрь райондук Калкты тейлөө борборунун кызматкерлерине күнөө таккым келбейт, бирок бюрократтык мамиле таасын көрүнүп турду. Ал эми паспортумда көрсөтүлгөн батирдин маалымат базасында жок экендиги Санарип министрлигинин кызматкерлеринин өз иштерине жоопкерсиздик, шалаакылык мамиле жасагандыгы айдан ачык күбө болуп турат. Эгерде жогорудагы окуяга жеке эле мен кабылганда бул макаланы жазмак эмесмин. Маалымат базасында мага окшоп үй-жайсыз калгандарды ошол жерден учураттым.

Калкты тейлөө борборунун бир кызматкери мен жашаган даректеги каталыкты компьютерге шылтагысы келди, бирок мен компьютердин тилин жакшы билгендиктен, компьютер жаңылбасын, компьютерде иштеген адам жаңыларын далилдеп айттым.

Бул макаланы жыйынтыктап жатып, Санарип министрликтин жарандардын маалымат базасын түзгөн кызматкерлери мени жана мага окшогондорду үй-жайсыз калтырбай, өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасап, бардыгын өз-өз ордуна коюп коюусун талап этем. Себеби, мындай министрлик түзүлгүчө менин маалымат дарегим өз ордунда турган. Мен ал даректе 1983-жылдан бери катталуудамын.

Жылкычы ЖАПИЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну

 

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар