Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштерин убагында бүтүрбөгөн ишканага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.
2023-жылдын башында Бишкектин 19 жолун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду капиталдык оңдоо үчүн “Б.Г” ЖЧКсы тендерге катышып, 145 млн. сом суммадагы каражат алышкан. Жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген. Бирок бүгүнкү күндө 9 гана көчө иш жүзүндө бүткөрүлгөнү такталды.
“Б.Г” ЖЧКсы тарабынан курулушту кечиктирүүнүн себептери катары: курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу ж. б. ар кандай жагдайлар белгиленип, бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алар тастыкталган эмес. Ошондо эле буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдүн ар кандай мүчүлүштүктөрү жана кемчиликтери аныкталып, подряддык уюмга аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн.
«Б.Г.» ЖЧКсынын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын толугу менен мойнуна алып, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик берди.
УКМК мамлекеттик тапшырыктардын алкагында подряддык уюмдардын милдеттенмелерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет, антпесе күнөөлүү адамдар КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.