whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкОштогу сел каптоо боюнча 4 экс-чиновник камалды

Оштогу сел каптоо боюнча 4 экс-чиновник камалды

Оштогу сел каптоо боюнча 4 экс-чиновник камалып, бир депутатка издөө жарыяланды.

УКМК бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет:

▪️Туран кичи районундагы үйлөрдү каптаган селдин себеби иликтенип, ал жердеги жаан-чачындан топтолгон суулар акчу каналдын орду менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталды.

▪️Кылмышка шектүү делип, бул жерге убагында жооптуу болгон Ош шаарынын экс-вице-мэри, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы, Оштогу “Кадастр” филиалынын мурунку жетекчиси жана Оштун мурдагы башкы архитектору кармалган.

▪️4 чиновник убагында райондогу сел акчу каналдын 2,2 гектар жерин Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га мыйзамсыз алууга жардам берген.

▪️Депутат шектүүлөрдүн макулдугу менен каналдын ордун толтуруп, жерди тегиздеп, 30 участокко бөлүп, ар бирине документ даярдап чыккан. Андан соң тилкелерди турак жай курууга сатып жиберген. Андан улам сел акчу каналдын ордуна үйлөр түшкөн.

▪️Ошондуктан өткөндөгү сел Бакыт, Күрөңкөев жана Молодежная көчөлөрүндөгү үйлөрдү каптап кеткен.

▪️УКМК бул ишке шектүү делген 4 чиновникти кармап, ал эми шаардык кеңештин депутатына издөө жарыялады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар