whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨмүрүбүз тыгындарда өтүп кетеби же...

Өмүрүбүз тыгындарда өтүп кетеби же…

Шаардыктардын көкөйүнө көкташтай тийип, шаар бийлигине карата нааразылык жараткан көйгөйлөрдүн бири – жолдордогу тыгын маселеси.

Буга чейин да биздин гезит да бул маселеге кайрылып, транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү дүйнөлүк практикада бар экенин, бир күнү так сан менен аяктаган мамлекеттик каттоо номери бар унааларга, бир күнү жуп сан менен аяктаган мамлекеттик каттоо номери бар унааларга жолдо жүрүүгө уруксат бериле турган болсо, жолдордогу тыгын маселеси өзүнөн өзү чечилип кала тургандыгын айтып, мэрияга сунуш киргизгенбиз.

Апта башында Бишкек жана Ош шаарынын мэриясы жол тыгындарын азайтуу максатында мамлекеттик каттоонун номурдук белгилери боюнча транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөрдү киргизүүнү сунуш кылып, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул демилгеге ылайык: мамлекеттик номуру 1 жана 2 менен аяктаган унаалар дүйшөмбү, мамлекеттик номуру 3 жана 4 менен аяктаган унаалар – шейшемби, мамлекеттик номуру 5 жана 6 менен аяктаган унаалар – шаршемби, мамлекеттик номуру 7 жана 8 менен аяктаган унаалар – бейшемби, мамлекеттик номуру 9 жана 0 менен аяктаган унаалар – жума күндөрү республикалык маанидеги шаарларда жүрө алышпайт. Чектөө атайын нөөмөттөгү жана коомдук транспортко колдонулбайт.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй, чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрдү кошпогондо, иш күндөрү 7:00дөн 21:00гө чейин колдонулат. Чектөөнү сактабагандар үчүн айыптар да каралган: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом. Ошондой эле, транспорт токтотуучу жайларга акысын төлөбөгөндөргө 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салуу сунушталган.

Демилгечилер мына ушундай чектөөлөрдү киргизүү менен шаар көчөлөрүндөгү жол тыгынын 20%га азайтабыз деп ойлоп жатышат.

Бул демилге коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары гана эмес, бүтүндөй өлкө жарандары өз ой-пикир, сунуштарын айтып жатышат.

Фейсбук социалдык түйүнүнүн колдонуучуларынын бири “Тыюу салуу проблеманы чечпейт! Кошумча проблемаларды жаратат” деген пикирде. Ал өз оюн улантып: “Кулов да мэр болуп турганда Бишкектин номери эмес машиналарга шаарда жүргөнгө тыюу салынат деп, анысы ишке ашпай калган болчу.

Бийлик тыюу салуу, штраф дегендин ордуна проблеманы чечүүнүн башка оптималдуу жолдорун издесе! Мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган кандай гана чечим болбосун, көпчүлүк элдин жыргалчылыгына иштеши керек. Тыюу салуу, штраф деген чаралардын көбү коомчулукта негатив маанайды гана жаратат” деп жазган.

Арийне, бул демилгеге карата минтип каршы пикир айткандарга караганда, бул сунушту колдогондор көп. Алар шаар жолдорундагы тыгынды 20%га азайтуу менен жолдордун тыгын маселеси чечилип калбайт деген позицияны кармануу менен, бир күнү так сан менен аяктаган мамлекеттик каттоо номери бар унааларга, бир күнү жуп сан менен аяктаган мамлекеттик каттоо номери бар унааларга жолдо жүрүүгө уруксат берилиши керек, мына ошондо гана жолдордогу тыгын маселеси чечилет, болбосо чечим жарым-жартылай болуп калат деп эсептешет. Биз да мына ушул чечим туура болот деп эсептейбиз.

Эгер 2024-жылдын 1-июнуна карата Бишкек шаары боюнча 416 миў 837 унаа катталганын эске алсак, жолдордогу тыгынды 20% азайтуу менен жол тыгын көйгөйүн чечүүгө мүмкүн эмес. Себеби, мэриянын маалыматында айтылгандай, борбор калаанын көчөлөрүнүн унаа өткөрүмдүүлүгү 300 миў унааны түзөт. Буга аймактардан келген унааларды кошкондо, кайра эле баш оору жаралары турулуу иш эмеспи.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы коомдук талкууга алып чыккан башка аймактардан келген транспорттон шаарга киргендиги үчүн акча жыйноо сунушун колдоого болбойт. Бул сунушту Кыргызстандын аймактарын бири-биринен бөлүп-жаруучулук катары да карасак болот. Мэриянын логикасына жараша ой жүгүртө турган болсок, анда өлкөнүн бир аймагында катталган транспорт каражаты өлкөнүн башка бир аймагына, жалпак тил менен айтканда, бир облустан экинчи облуска, бир шаардан экинчи шаарга киргенде акча төлөшү керек болуп жатат. Башка аймактардан кирген транспорттон Бишкек шаарынын мэриясы акча алып баштаса, башка шаарлар, райондор, облустар, анан барып айыл аймактары куру калмак беле. Бир айыл аймагынан кошуна айыл аймагына өткөн сайын, акча талап кыла башташат да.

Демек, бул сунушту ким киргизсе да, чолок ойлуулук кылган.

Ал эми транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү демилгеси колдоого арзыйт. Бул борбор калаадагы жол тыгындарын азайтууга эле мүмкүндүк бербестен, кийинки жылдары күн тартибине чыккан ыш маселесин да жарым-жартылай чечет деген ойдобуз. Андай болгондо бул экономикалык жактан гана эмес, экологиялык жактан да пайдалуу сунуш экенинде талаш жок.

Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар