whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЖалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди

Жалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди

Күн мурун Жалал-Абад шаарында Аскер деңиз флотунун кесиптик майрамы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Түгөлбай Муратов, Жалал-Абад облустук Аскер деңиз флоту биримдигинин төрагасы Бактыбек Абдразаков, аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлер жана алардын жакындары катышты.

Иш-чарада союз мезгилинде Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн моряктардын кесиптик майрамына карата куттуктоо сөздөр айтылып, алардын жасаган эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталаары баса белгиленди.

Андан соң, Аскер деңиз флотунун мүчөлүгүнө кабыл алынгандарга күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-майында Жалал-Абад облустук Аскер деңиз флотунун биримдиги түзүлүп, жыл сайын июль айынын акыркы жумасы «Аскер деңиз флотунун» күнү катары белгилөө колго алынып, бул жылы алгачкы ирет белгиленүүдө.

Союз мезгилинде Кыргызстан боюнча 5 миңдей жоокер Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн болсо, анын миңге чукулу Жалал-Абад облусунан баргандар. Учурда облус боюнча биримдиктин жүзгө чукул мүчөсү болсо, анын 27си Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар