whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкЖыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулган

Жыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулган

Жыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кызматтык иликтөөнүн негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан 21 бажы кызматкерине “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын сезиги тергөөнүн жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

“2020-жылы — үч, 2021-жылы – эки, 2022 – эки, 2023 – 88 кызматкер иштен бошотулган. Анын ичинде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы үчүн 14 кызматкер, Матраимовдор кланы менен байланышы үчүн 62 кызматкер, кызматтык тартипти ар кандай бузгандыгы үчүн 12 кызматкер иштен бошотулган. Быйылкы жылдын 6 айынын ичинде 34 кызматкер жумуштан алынды”, — деди ал.

Ошондой эле Самат Исабеков Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн күнү-түнү “ишеним телефону” ( 0777) 77-71-60) иштей тургандыгын айтты.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматына жазуу түрүндөгү кайрылуулар doverie@customs.gov.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек. Алар Мамлекеттик бажы кызматынын Ички териштирүү жана контарабндага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кабыл алынып, каралып чыгат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар