whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортОлимпиада-2024: Балбандар кайсы күнү күч сынашат?

Олимпиада-2024: Балбандар кайсы күнү күч сынашат?

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын 10 балбаны күрөшөт.

Спорттук күрөш боюнча турнир 5-авгутта башталат. Эркектер жана кыз-келиндер арасында грек-рим, эркин күрөш боюнча жалпысынан 18 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандын курама командасынан 10 спортчу бул беттештерге катышат.

Бир салмак категориясынын мелдештери эки күн өтөт. Алгачкы күнү финалга чыккандар аныкталат. Экинчи күнү турнирдин көңүл жубатуучу беттештери, ошондой эле коло жана алтын медаль үчүн күрөштөр болот.

5-август
Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) 19:00 — 1/8 финал
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 19:00 — 1/8 финал
19:00 — жарым финалдык беттештер

6-август
Акжол Махмудов (77 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

7-август
Амантур Исмаилов (67 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

8-август
Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

9-август
Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
— Айаал Лазарев 125 кг чейин 15:30 — 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

10-август
65 кг чейин — Эрназар Акматалиев 15:30 — 1/8 финал
76 кг чейин — Айпери Медет кызы 15:30 — 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

11-август
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер (65 кг, 76 кг)
16:00 – финалдык беттештер (65 кг, 76 кг)

Олимпиада-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 200дөн ашык өлкөдөн 10 500 спортчу күч сынашууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар