whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
34.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятАшыке жана анын«Теңири Манасы»

Ашыке жана анын«Теңири Манасы»

Ашым Жакыпбековду  «Теңири Манассыз» элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Элдик эпостун нугунда жазылган «Теңири Манас» эпос-романдын жаралышы менен «Манас» эпосу мазмун жана форма жагынан байыганын, жаңы образдар, жаңы сюжеттер менен толукталганын, эң башкысы улуттун байыркы руханий туу чокусу болгон улуу дастандагы айрым бир сөз арасына катылып, жашырылып кеткен сырлар жалпак тил менен чечмеленип, окурмандардын жалпы катмары үчүн терең түшүнүүгө мүмкүндүк жаралганын чү дегенде эле айта кетүүбүз парз.

Идеянын келип чыгышы

Кара сөз түрүндөгү «Манас-ты» жазуу оболу Жазуучулар союзу тарабынан демилгеленген. Ашым Жакыпбеков ал тууралуу мындайча эскерген: «1985-жылдын аягында Жазуучулар союзунда кеңеш болуп, маараке даярдыгына байланыштуу көп маселелердин ичинде эпостун кара сөз түрүндө жазылышы да талкууланган. Талкууга кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу инсандары: Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, Т.Аскаров өңдүү бир тобу чогулуп, академиянын манасчы окумуштуулары да катышкан. Талкууда эпостун ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулуп жатканы, бирок, анын ыр түрүндө башка элдерге кеңири таркашы кыйынга турары, ошондуктан аны кара сºз түрүндº жазып чыгуу зарылдыгы айтылган.

«Манас»  изилдөөчү С.Мусаевдин эпосту кара сөз түрүндө жазып чыкканы илимий кайра көчүрмө катары бааланган, – дейт А.Жакыпбеков. – Көркөм кара сөздө жазып чыгуу жагы мага жана Кеңеш Жусуповго тапшырылган. Биз ошол кеңеште эпостун кара сөз түрү роман тибинде жазыларын айтканбыз. Кандай роман болору анда эч кимге белгисиз болчу.

Кеңеш Жусупов экөөбүз башка иштерибизди жыйыштырып коюп, бул ишке баш-отубуз менен кирдик. Эпостун варианттарын мурда үстүртөн билсек, эми кайрадан изилдеп окуп чыгуу, эпоско тиешелүү ар кандай илимий китептерди текшерип чыгуу бир топ убакытты алды. Андан соң экөөбүз оболу жалпысынан оозеки сүйлөшүп алып, өз-өзүбүзчө жазууга кириштик. Кадыресе убакыт өткөндөн кийин бири-бирибиздин жазгандарыбызды карап чыксак, экөө таптакыр эки башка чыгарма болуп бара жатыптыр. Экөөнү жуурулуштуруп бириктирүү болчудай эмес. Эмне кылмакпыз. Эки башка жазуучу биригип бир чыгарма жаза албастыгына көзүбүз жетти.

Кийинчерээк бир чыккан үзүндүгө Кеңеш Жусупов баш сөз жазып, жогорку жагдайды окурмандарга түшүндүрдү. Биргелешип жазуу болбостугун айтып, айкөлдүк менен мага ак жол каалады».

Ашыкенин принцибинен тайбаганы…

1990-жылдары Ашыке менен «Кыргыз маданияты» гезитинде эки-үч жылдай чогуу иштешип калдым. Ошол мезгилде «Теңири Манастын» үстүнөн иштеп жүргөн мезгили эле. Басса-турса да «Теңири Манастын» үстүнөн ойлонгон жазуучу Семетей, Сейтектин сюжетин башында бышырып, каармандарынын образдарын кандайча жазарын ойлонуп койгон окшойт, «Манасты» бүтүп эле «Семетей» менен «Сейтекке» отурам, буюрса, бир дем менен бүтүрүп салам, алар Манасчалык оор болбойт» деп калчу. Тилекке каршы, Ашыке «Теңири Манасты» гана бүтүрүүгө жетишти.

Ашыкенин каза болгонун мен кеч уктум. Ал убакта Таласта жашачу элем. Оюма ар нерселер кетти. Көп өтпөй Сарман Асанбеков байке Таласка келип калды. Үйдө чай үстүндө сүйлөшүп отуруп, Ашыкенин кантип «Кыргыз маданиятынын» башкы редакторлугунан кетип, кантип каза болгонуна чейин, анын досторунун душман жасабас кылыктары тууралуу айтып берип, кейип-кепчип, каңырыгыбыз түтөп отурду.

Элдик эпостун нугунда кара сөз менен жазылгандан кийин ага сын айтчулар көп болмок. Ашыке буга да даяр эле, аларга карата эпос-романга жазган баш сөзүндө: «Эпос нугундагы бул роман негизинен Сагымбайдын, Саякбайдын, Жусуп Мамайдын варианттарына таянып жазылды. Эмне үчүн романды көздөп калдым? Биринчиден, материалдын чачкындыгы, эбегейсиз көлөмдүүлүгү. Бир эле «Манасты» канчалаган зор китеп кылса болчудай. Бирок, аны ким окуйт? Азыркы кымгуут заманда, информация адам башына жамгырдай жаап жаткан шартта илгерки жайкерчиликтегидей болуп киши айлап-түндөп китеп окубайт. Экинчиден, роман варианты окуялардын тизмектелишине, сюжеттин тыкан курулушуна ыңгайлуу. Анан калса, «Манаста» канчалык апыртмалуулук, миф, жомок арбын болбосун табиятында абдан реалисттик чыгарма.

Эпостун бу кара сөз түрүндөгү роман вариантын жазгандагы дагы бир принциптүү авторлук көз карашты окурманга айта кетүү ылайык. Эпос кылымдан кылым кыркып, улам кийинки окуяларды боюна сиңирип келе бергенинен улам кийинки жети-сегиз кылымдан тарай баштаган исламдын таасири да аябай күчтүү. Ар бир вариантта, айрыкча Сагымбайда исламчылык түпкү байыркылык менен тизгин талашып турат. Түпкүлүгүнө барсак байыркы кыргыздын Теңирге, Көккө, Күнгө, Отко сыйынганын, ошондон улам чыккан салт-санаа, ырым-жырым, нарк-каадалардын жыт-илеби гана эмес, түптүү салты сакталып калганын көрөбүз. Анын жанында кийин кирген ислам дининин таасири жаңы кошулмадай болуп турат. Араб, иран сөздөрү аралашып жүргөнү табигый көрүнүш. Исламдан мурун миң жылдап кербен тарткан Жибек жолунун таасирин кантип унуталы. Мен эпосту роман тибинде жазышым керек деп кашайып калгандан тартып ушул ажырымды так сактагым, эпостун байыркылыгын өнтөлөгүм келди. Байыркы «Манас» насилинде исламдан эки-үч эсе улуу, көөнө эстелик. Мен өзүм да алхамду-лилллахи мусулманмын. Бирок элдик эпостун байыркылыгы айдан ачык болуп турган соң акыйкатчылыкты карманганыбыз оң», – деп түшүндүрмө жазганын билебиз.

Окумуштуу, академик О.Ибраимов Ашыкенин адабияттагы ордун белгилеп келип: «Эми Ашыкенин жеке чыгармачылыгына келели. «Айгашка» менен «Айдагы жез кемпирден» баштап «Катаал багыт», «Атасыз өскөнбүз», «Теңири Манаска» чейинки чыгармалар – кыргыз адабиятынын алдыңкы катарындагы чыгармалар. Кайсы бир кемчилигин таап, карыштыра кармаган катуу сындын элегинен өткөрсөң да кичирейбей турган, баасы кемибей турган маанилүү жаратымдар. Ал эми «Теңири Манас» – кыргыз романистикасындагы эч кимге же эч нерсеге окшошпогон уникалдуу роман. Ырас, бул темага 1970-жылдардын башында Айтматов да жакындап келип, гениалдуу «Кайрылып куштар келгиче» деген аңгемесин кыргызча жазган эле. Бирок эмнегедир аягына чыгарбай койгон. Теманы туура жыйырма жыл өткөндөн кийин Ашым Жакыпбеков илип алып, атактуу романын жаратты», – деген.

Академик таасын белгилегендей, Ашыкеге чейин Чыңгыз Айтматов өзү да Манас темасына кайрылган. Албетте, талантынын күчүнө салып, Манасты кара сөзгө айландырып жазса жазып коймок. Бирок, Айтматов жазган эмес. Сыягы, Айтматовго жогорудан аян болбогон окшойт. Ошон үчүн залкар жазуучу ал теманы андан ары улап жазуу каталык болуп каларын түшүнгөн окшойт.

Муну айтканыбыз, Мелис Убукеевдин Манасты тартаардын астында Алтайга барып, айтылуу бир шаманга жолукканы тууралуу айтканы бар эмеспи. Ал Манасты тартам деп атайы Алтайга барат. Алтайда жүрүп, жай адамдардан айырмаланып, кээ күндөрү жер кезип кетип, жер менен, асман менен сүйлөшүп, жер тыңшаган шаман бар экенин, ал көзүнөн жашын чубуртуп болочокту айтаарын угуп, атайы издеп барат. Шаман Мелис Убукеевди жакшы кабыл алат. Экөө сүйлөшүп отуруп, бир убакта шаман: «Балам, алыс жол жүрүп келипсиң. Максатың бийик, ойлоруң булактай тунук, акылың мөңгүдөй муздак адам экенсиң, издегениң эмне?» дейт. «Кыргыздын айкөл Манасы тууралуу уккан чыгарсыз. Ошону тасмага түшүрсөм деген тилегим бар» дейт кинорежиссер. Анда шаман: «Биз бир элбиз го. Манасты ким билбейт», – деп сөөмөйү менен жогору жакты көрсөтүп, «Бул жактан уруксатың барбы?» деп сурайт. «Бар» дейт ал. «Анда тарта бер» дейт шаман. Сөз ошону менен бүтөт. Кийин-кийин М.Убукеев: «Шаман жогору жакты көрсөтсө компартиянын Борбордук Комитетинен уруксат барбы? – деп чолок түшүнүп алыпмын. Көрсө, ал Теңири Манастан уруксатың барбы? – деп сураган тура» деп кыска ойлоп, Манас тууралуу тасма жаратканына өкүнгөн тура.

Кызык, «Теңири Манас» жазылып бүткөндөн кийин башталган. «Манас – 1000» мааракесин өткөрөбүз деп мамлекеттик иш-чара 1995-жылга белгиленип, мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражаттар бөлүнүп жатканда, Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манасын» чыгарууга каражат табылган эмес. А чындыгында, «Манас Ордого» түлөөкана, намазкана куруудан мурда, «Теңири Манасты» чыгарып, аны элге таратса да жарашмак. Тилекке каршы, андай болгон эмес. Ашыке бардык кыйынчылык, каршылыктарды көкжалча көтөргөн менен, жүрөгү көтөрө албады, 1994-жылы 4-июнда көз жумду…

«Манастын” – «Манас» болмогу элден

Ашыке айтмакчы: «Манастын» – «Манас» болмогу элден. Эл чыгарган, эл сактап келген. Көп миңдеген жыл мурда көзү ачылган булак болуп башталса, бүгүн ал чалкыган деңиз сымал. Бул узак тарыхында кыргыз башынан эмнелерди кечирбеди, «белес-белден беш удургуп», бирде кызыл бороон болуп албууттанса, бирде кумга сиңген суудай дайынсыз өчүп турду. Ал ортодо «тоо бузулуп сай болуп… эчен кылым эл өттү». Эгер кыргыз бүгүнкү күнгө жетпей жоголуп кеткен болсо улуу эпосу кошо жоголмок. Антпеди, анте алмак эмес, «Манас» башка элге барып жуга алмак эмес – ал нукура кыргыздыкы, кыргыз рухунун түбөлүктүү кенчи болуп сакталып кала бермек. «Манасты» кыргыз жараткан, кыргызды «Манас» сактаган».

Жыйынтыктап айтканда «Манаска» өзгөчө мамиле керек. «Манастын» «Манас» болмогу ар бирибизден. А «Манас» дүйнөсүнө аралашуу үчүн инсан Ашыке сыяктуу калкагар кара тоодой, ичинде эч кири жок, бир да адамга жамандык санабаган, баео, энөө да болушубуз абзелби дейсиң. А андайлар кылымда бир жаралат эмеспи.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар