whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМинКаб төрагасынын орун басарлары облустарда эл менен жолугушту

МинКаб төрагасынын орун басарлары облустарда эл менен жолугушту

Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүн аймактарында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары болуп жатат.

1-августта Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас облусунда, 2-августта Бишкек шаарында жыйындарды өткөрдү.

1-2-август күндөрү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууларга Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана 18 министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар тарабынан социалдык-экономикалык тармактарда, мамлекеттик органдардын иши жана калкты тейлөөнүн сапаты, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү калктан түшкөн бардык суроолор боюнча консультацияларды өткөрүп, жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кабыл алышты.

Белгилей кетсек, МинКаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 5-8-августта Нарын облусунда, 9-13-августта Ысык-Көл облусунда, 19-22-августта Чүй облусунда эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 5-8-августта Ош облусунда, 12-17-августта Жалал-Абад облусунда жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар