Кылмыш чөйрөсүндө “Тапанча” каймана аты менен белгилүү болгон ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Ал Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон. Ишкер учурдан пайдаланып, өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген адамдар аркылуу “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Кыргызское взморье” пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды өзүнө каттатып алганы айтылды.
“Андан түшкөн акчанын бир бөлүгүн Көлбаевдин “ууру казынасын» толуктоого байма-бай жумшап турган”, — деп билдирди УКМК.
Тапанча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.