whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Чыңгыз Ордонун” курулушу да “кылым карытабы?”

“Чыңгыз Ордонун” курулушу да “кылым карытабы?”

Таланты менен кыргыз элин дүйнөгө таанытып, көзү тирүүсүндө өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө жыйырма жылга жакындап баратат. Ушул аралыктын ичинде элибизди дүйнөгө тааныткан алп жазуучунун ысымын укумдан тукумга калтырып, улуу жазуучу төрөлгөн айылды анын талантын сыйлаган дүйнө элинин окурмандары келип зыярат кыла жайга айлантуу үчүн эмне иш чаралар аткарылды деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Башталганда эле “кыргызчылык” болуп кеткен

Ырас, иш жок эмес, ал эбак башталган. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2018-жылдын 19-мартындагы №211 буйругу менен Талас облусунун Кара-Буура (азыркы Айтматов) районунун Шекер айылынын түштүк тарабындагы бак-дарактуу эски мектептин ордуна, ªкмөттүн 2018-жылдын 9-январындагы №9 токтому менен чечилген 15 гектар жер аянтына “Чыңгыз Ордо” мемориалдык тарыхый-маданий комплексти куруу үчүн архитекторлор арасында жакшы концептуалдык долбоор жазуу боюнча сынак жарыяланган. Сынакка 16 долбоордук топ катышып, алардын ичинен архитектор М.Амыркулов жетектеген топ жеңүүчү болуп аныкталган.

Кийин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мемориалдык комплекске тендер өткөзүлүп, анда да М.Амыркулов жетектеген “Архазия проект строй” ЖЧКсы жеңүүчү аталып, “Чыңгыз Ордонун” биринчи этабындагы курулуучу жайларына долбоорлоо-сметалык документтери бүткөрүлүп, 2018-жылдын сентябрь айында курулуш иштери башталган.

Архитектордук топтун маалыматы боюнча, жалпысынан “Чыңгыз Ордо”комплексинин курулушу техникалык тапшырманын негизинде 9 этаптан турат. Тендердеги биринчи этапка каралган сумма 62 073 920 сомду түзгөн. Аны 2018-жылы 14-сентябрда “Бийиктик Инвест” ЖЧКсы уткан.

Бизде ээрге отурганда эле кыйшык отурган деген кеп бар эмеспи. Курулуш иштери башталып-башталбай, аткаруучулардын ээрге кыйшык отурганы билинет. 2018-жылы 6-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабеков баштаган депутаттар алгачкы капсуланы салууга барганда жергиликтүү жарандык активисттер жаңы башталган курулушка конкурстан жеңип алган улуу залкардын “отурган” образы көрсөтүлгөн эстелиги коюлбай эле, капталдан чыга калып, “туруп турган” эстелиги пайда болуп калгандыгына нааразычылык билдиришет. Төрага Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Б.Абдиевди, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри А.Жаманкуловду чакырып, “элди нааразы кылган бул чуулгандуу эстелик кандайча пайда болуп калды” деген маселе койгон соң, беркилер эсине келип, одоно катачылыктарга жол берип коюшкандыктарын сезип, Маданият министрлигинин Көркөм эксперттик комиссиясы тарабынан (06.02. 2019-ж. жана 05.03.2019-ж.) авторлордун эң башында эле конкурстан жеңип алган Чыңгыз Айтматовдун “отуруп турган” образын “Чыңгыз Ордого” орнотуу жөнүндө протоколдук чечим чыгарат.

Оңдомок түгүл, тоотпой коюшканда…

Арийне, бул чечимге чейин “Бийиктик Инвест” курулуш компаниясы Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштери толук кандуу башталбай жатканына карабай, “туруп турган” образдагы эстеликти 2018-жылы 28-декабрда Бишкек шаарынан “Чыңгыз Ордо” мемориалдык тарыхый-маданий комплекси курулуп жаткан аянтчага жеткирип алышкан болот.

Кыргыздын карманаар да, таянаар да залкарына, Чыңгыз Айтматовго арналган Ордо ушинтип кээ бир ээнбаштардын кийлигишүүсүнүн кесепетинен улам ызы-чууга айланып, сонун башталган ишке катуу тоскоолдуктар жаралат.

2020-жылы 15-сентябрда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш департаменти Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы У.Нуралиевге Маданият министирлигинин чечимдерине ылайык иш алып баруу туурасында катын жиберген. Тилекке каршы, “Бийиктик Инвест” ЖЧКсынын директору К.Салиев жана техникалык көзөмөл боюнча адис Б.Кудабаев үчөө мыйзамды бузушуп министрликтин чечимдерин тоотпой, ээнбаштык иштерин уланта беришкен.

2021-жылы 10-декабрда “Чыңгыз Ордо” мемориалдык тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча аткарылган ишти 6 млн. 179 миң 952 сомго ашыкча жазышкандыгына байланыштуу “Бийиктик Инвест” курулуш компаниясынын жетекчиси УКМК тарабынан эки айга камакка алынып, иши сотко өткөрүлгөн. Сот иштери 2023-жылдын декабрь айына дейре созулуп, аяктабай, натыйжада подрядчынын үстүнөн сот иштери козголгондон тартып, куруу иштерине карата финансылоо токтоп калган.

Ошентип, 2018-жылы “Чыңгыз Ордо” мемориалдык тарыхый-маданий комплексинин куруу иши улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата башталганы менен 1-чи этаптагы 62 073 920 сомдун 34 млн. сомдук иштери аткарылып, бирок, куруу иштери ошо бойдон жылбастан токтоп калган.

Бул туурасында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, скульптор Б.Батырбаев менен архитектор, Кыргызстан жана Казакстан архитекторлор союзунун мүчөсү М.Амыркуловдун өткөн жылы Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата өлкө жетекчилигине кайрылган катында кенен айтылган.

Кыскасы, Чубактын кунундай чубалган чырлуу иштерден улам, “Чыңгыз Ордо” мемориалдык тарыхый-маданий комплексин куруу иштери токтоп, ал эми мемориалдык комплекске бөлүнгөн 15 га жерди отоо чөп басып, мал жайытка айланган. Буга Айтматовдун айылдаштары да, долбоорду жеңип алган архитекторлор да, коомчулук өкүлдөрү да нааразы.

“Чыңгыз Ордо” комплексинин бүтпөй жаткандыгына байланыштуу былтыр улуу жазуучунун 95 жылдык юбилейи Шекер айылынын муздак клубунда жупуну өтүп, анда шекерликтер тарабынан “Чыңгыз Ордону” бүткөрүү маселеси көтөрүлдү. Бир топ ачуу сөздөр айтылып, жылдарга созулган соттук иштер “Чыңгыз Ордонун” бүткөрүлүшүн артка тартууда, бул, албетте, эч кимибизге абийир да, атак да, пайда да апкелбей турганы
белгиленди.

95 жылдыкка карата бүтпөгөн иш 100 жылдыкка бүтсө экен

Чуулгандуу иштин кесепети курулушка түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Себеби, жыл өткөн сайын баа да өзгөрүп жатат. 2018-жылдагы курулуш материалдарынын жана жумушчуларга төлөнө турган каражаттын баасы менен 2024-жылдагы эмгек акыны жана бааларды салыштырып болбойт. Азыр баары — курулуш материалдары да, жумушчу күчү да кымбаттады. Мунун өзү “Чыңгыз Ордону” куруу үчүн 2018-жылы эсептелген сметага өзгөрүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.

– Болор иш болду, улуу жазуучунун 95 жылдыгы татыктуу белгиленбей калды. Эми Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын татыктуу белгилөө үчүн сот иштерине да чекит коюп, бир кишидей түп көтөрүлбөсөк, улуу жазуучунун туулган жерине, анын атындагы Ордого келип зыярат кыла турган адабият, маданият, искусство, илим-билим ж.б. тармактардагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнө уят болуп калабыз, – дейт архитектор М.Амыркулов.

Биз да анын сөзүнө кошулабыз. Залкар адамга арналган курулушка Айтматовдой тереңдик, кенендик менен карабай, орто жолдон пендечилик менен мамиле кылуу, бул ишти артка тарткандардын кимисине болбосун абийир да, атак да апкелбейт.

Айтматов кыргызды дүйнөгө таанытты. Демек, ага байланышкан ар бир нерсеге карата кылдат жана урмат менен мамиле кылуу ар бир кыргыздын парзы болууга тийиш деп ойлоймун.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар