Дүйнө тарыхында мурдагы социалисттик лагердин өлкөлөрүндө гана бир нече ондогон жылдардан кийин кайра артка (капитализмге) кайтуу процесси жүрдү. Анын натыйжасында СССРдин курамындагы мурдагы союздук республика, а эми өз алдынча мамлекет катарында бизде да “реформа” деген кооз термин астында Октябрь революциясынан кийин жеке менчик ээлеринен тартып алынып, ортого (“жалпы элдик менчик” деп атап коюшчу эмес беле) чогултулган (мамлекеттин жана колхоздордун менчигинде турган) материалдык жана финансылык байлыктарды кайрадан элге таратып берүү – приватташтыруу (менчиктештирүү) процесси жүрдү.
Мына ошол учурда “Эбин тапкан – эки ичет” жана “Нысапсызга кашык салсаң – беш ууртайт” болуп, айрым “керектүү убакта – керектүү жерде” — кызматта туруп калышкандардын жана эпчилдердин күнү тууду…
Союздан калган байлыкты кимдер гана талап-тоношкон жок
Моюнга алсак, союз мезгилинде биздей чакан республикада эле ортого топтолгон байлык ушунчалык көп болгон экен, дээрлик 30 жылдан бери таланып-тонолсо да түгөнбөй келет. Ошол учурда А.Акаев баш болгон биздин “псевдореформаторлор” элибиздин менталитетин жакшы түшүнө бербеген, реалдуулукту эске албаган батыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн келишкен кураторлордун (кеңешчилердин) берген кеп-кеңештери менен өндүрүш каражаттары жана өндүрүштүк кубаттуулуктар менчик колго өтсө эле өзүнөн өзү иштетилип кетип, элди байытып, ал гана эмес, салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө мамлекеттик бюджетти толтуруп жиберет деген түшүнүктө болушкан. Натыйжада, батыш өлкөлөрү тарабынан марттык менен реформа үчүн деп бөлүнгөн кредиттерди өздөштүрүү максатында туташ приватташтыруу процесси жүргүзүлгөн.
Мына ушундай учурда айрым чиновниктер ишкана-мекемелерди сатууда “шапке” алууга шашылышса, бекер байлыктан алып калууну ойлошкон экинчилери текейден арзан баада менчиктеп алууга умтулушкан. Натыйжада биздеги приватташтыруу процесси кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу тездик менен жана масштабдуу жүрдү.
Ошол эле учурда кошуна Өзбекстандын жетекчилиги приватташтырууга скептицизм көз карашы менен карап, мамлекеттик менчикти таратуу-га ашыкпаган. А батыштык кураторлор тарабынан алар сындалып, ал эми А.Акаев Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “эң реформатор” жана “демократ” президент катарында мактоого татып турган.
Ал мактоо укканы менен өлкөбүздө экономикалык кризис болуп, приватташтырылган ишканалардын ички жабдуулары таланып-тонолуп, металлоломго сатылып, а имараттары да тозуп баштаган. Эң жакшы болгондо, базарларга же кафе-ресторандарга айландырылып, ээлерине кызмат кылып калган. Ошентип, бул процесс иш жүзүндө союздан калган байлыкты талап-тоноо жана өндүрүштүк потенциалды биротоло кыйратуу гана болгон.
Мезгил өткөндөн кийин билингендей, Бүткүл дүйнөлүк банк финансылоо менен батыштык консультанттар тарабынан иштелип чыккан “Приватташтыруу жана ишканалар секторун түздөөгө кредит долбоору” (PESAC) ишке ашырылган 1993-1996-жылдары Бишкектеги жүз миңдеген адамдар иштешкен Ленин, Фрунзе атындагы заводдор, Комволдук нооту комбинаты, Октябрдын 40 жылдыгы, ВЛКСМ, Биринчи май тигүү фабрикалары сыяктуу ири ишканалар банкроттуулукка жеткирилген. ПЕСАК – өндүрүштүк максаттан улам гана ири ишканалардын ордуна рынок шарттарына тез ыңгайлануучу майда ишканаларды түзүү деп жарыяланганы менен иш жүзүндө идеологиялык максаттан улам ири ишканаларда чогуу иштеген он миңдеген адамдардын реформага (ишканаларды бүлдүрүүгө) каршылыгын жокко чыгаруу үчүн майда жамааттарга бөлүү болгон экен.
Мындай “реформанын” дагы бир кесепети – кийин чет элдик инвесторлор келишкенде, же өзүбүздүн бутуна туруп калышкан бизнесмендерибиз ишкана ачууну каалашканда, өндүрүштүк жайлар, базалар тартыш болуп калды. “Бүлүнгөндөн – бүчү алба” деген кыргыздын акыл сөзүнүн да баркы кетип, ири ишканалардан тышкары калган-каткан майда ишканалардын мүлктөрүн карапайым адамдар талап-тоноп, бүлдүрүп, талкалап кетишти.
Бул процесс – мамлекеттик байлыкты талап-тоноо кадимки адатка айланып, ири жана майда чиновниктердин баюусунун да ири булагына айланды, чиновниктерде жана элде “жебеген – жердин алдында” деген көз караштын калыптанышына алып келди.
Андан да чоң кесепети – кадрдык потенциал жоготулуп, жаштар үчүн жумушчу кесиптери керексиз болуп, калкыбыздын дээрлик баары базарчы, челнокчу, коммерсант же эмгек мигранттары болуп кетишти.
Натыйжада, акыркы мезгилде мамлекеттин жана жеке бизнесмендердин аракеттери менен жаңы ишканалар ачылып, иш орундары түзүлсө да, аларда иштей турган ишчилер табылбай, ишкана ээлери индустар менен пакистандыктарды жалдоого аргасыз болушууда.
«Процесс» токтобочудай болгон
Чынын айтканда, мурдагы бийликтегилер тарабынан мындай мыйзамсыздыктарга жол бербөөгө, жол берилсе да алардан кийинки бийликтегилер тарабынан азыркыдай болуп, мыйзам бузуулардын кесепеттери оңдолуп, мүлктөрдү мыйзамдуу ээлерине (мамлекеттики – мамлекетке, ишканалардыкы – ишканаларга, жеке адамдардыкы – жеке адамдарга) кайтарып берүү аракеттери, тактап айтканда, коррупция менен күрөшүү жүргүзүлсө болмок.
Тилекке каршы, андай аракеттер көрүлбөдү. Коррупция менен күрөш мурункулардын мүлктөрү менен байлыктарын кийинки бийликтегилерге жакындар тарабынан тартып алуу (рейдерлик) гана болуп калды.
А карапайым адамдар өздөрүнө мыйзам тарабынан бекер эле бериле турган кызматтар үчүн чиновниктерге пара берүүнү адатка айландырышты. Бул коррупцияны жана паракорлукту күчөтүп, мына ушундан улам, Кыргызстанда коррупция эч качан жоюлбай тургандай, мамлекеттик бийликтин ага алы жетпей тургандай стереотип да жаралды.
Мыйзамсыз кеткен мамлекеттик байлыкты кайтаруу башталды
Азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүнүн натыйжасында өлкөдөгү коррупция күчөгөн маалда таланып-тонолгон мамлекеттин байлыктарынын бир даары кайра кайтарылууда.
Кыңыр иш – кырк жылда билинет дегендей, арадан убакыт өтүп, мурдагы кылмыштардын изи биротоло суутулгандай көрүнсө да, азыркы бийликтегилердин аракетинен улам четинен ачылууда.
Ошондой иштердин айрымдарын (акыркы убакта белгилүү болгондорун) айта кетели.
Жакында УКМКнын басма сөз кызматы Ат-Башы токой чарбасынын “Чар” участогунун 160,9 га аянтын акысыз пайдаланууу фактысын аныктады. Болгондо да 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп турган Исабек Абдыгазиев тарабынан. Ал 2007-жылдан бери мыйзамсыз пайдаланып келген жана ал үчүн бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү да төлөгөн эмес.
Анын максаттуу арналышын өзгөртпөстөн жана уруксат берүүчү документтерсиз мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттарды жана курулуштарды куруп, аларды туристтик тармакта коммерциялык максатта пайдаланып келген.
УКМК тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен экс-чиновник камакка алынган.
Экинчи факт. УКМК тарабынан Бишкектин Орто-Сай айылындагы 3,08 га жер аянтынын ээлеринин биринин үстүнөн алдамчылык боюнча козголгон иштин натыйжасында курулуп жаткан көп кабаттуу турак-жай комплексиндеги жалпы аянты 15 миң чарчы метрлик 300 квартира мамлекетке кайтарылды.
Окуянын чоо-жайы мындай. 2007-жылы ал жер участогун 3 жаран сатып алышкан. Ал кийин мыйзамсыз түрдө Аламүдүн токой чарбасынын жеринен жеке менчикке өткөрүлгөн. Кийин анын бирөөсү калган экөөсүнүн макулдугусуз 18 миң чарчы метрлик турак жайга алмашуу үчүн курулуш компаниясына берип салган.
Натыйжада, ээлери компенсация катарында 3 миң чарчы метрлик турак-жайды алуу менен калган 15 миң чарчы метрлик турак-жайды мамлекетке акысыз берүүгө макул болушкан. Бул 300 квартиранын рыноктук баасы 15 млн. долларга бааланган. Эми алар Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилмекчи. Турак жайдын курулушун компания эки жыл аралыгында аяктоону пландаштырууда.
Бул эми курулуш тармагында гана орун алган коррупциянын айрым мисалдары.
Ишмердүүлүк мыйзамдуу болсун
Азыркы бийлик тарабынан мурдагы бийлик убагындагы коррупциянын кесепеттерин жоюу гана эмес, мындан ары ага жол бербөө үчүн мыйзамдык укуктук ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, башаламандыктарга жол бербөө менен тартипке салуу аракеттери да көрүлүүдө.
Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директору Нурдан Орунтаев жакында Мамкурулуш тарабынан 558 курулуш компаниясынын лицензиялары токтотулуп коюлганын билдирди.
Мамкурулуштан түшүндүрүшкөндөй, Өкмөттүн 31.05.2001-ж. №260 токтому менен бекитилген “Ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” жобого ылайык берилген 4-деңгээлдеги бардык 558 даана лицензия курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуксуз 90 күндүк мөөнөткө токтотулуп коюлган. Бул чечим комиссиянын баштапкы текшерүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.
Лицензиаттар жаңы жобого ылайык лицензия алуу үчүн тиешелүү документтердин пакети менен белгиленген тартипте Мамкурулушка кайрыла алышат. Бул мезгилде кайрылбаган учурда лицензиялар жокко чыгарылат.
Н.Орунтаев мурда билдиргендей, 2001-жылдан бери Мамкурулуш курулуш компанияларына 7,5 миңдей лицензия берген, ошол эле учурда иш жүзүндө 2 миңдей гана компания иштеп, бюджетке тиешелүү салыктарды төлөп
жатышкан.
Мындай аракеттердин арты менен өлкөдөгү коррупциянын тамыры кыркылбаса да, мамлекетке зыяны аз болгудай деңгээлге түшүшү мүмкүн.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”