Чүй облусундагы Москва районунун Миң-Булак айыл аймагынын аянты 12013 кв. км. түзөт. Айыл аймагында узундугу 170 337 м 142 көчө жана 8 аллея болсо, анын ичинен 31 көчөгө 46 453 м узундуктагы асфальт төшөлүп, 33 көчө жана 3 аллея жарыктандырылган. Өлкөбүздө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын натыйжасында мурдагы Садовский, Александровский жана Сретен айыл аймактары бириктирилип, Миң-Булак айыл аймагы түзүлгөн. Аймакка Садовое, Александровка, Сретенка, Беш-Көрүк, Крупское, Большевик, Заря айылдары кирет. Ал эми айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 19307 гектар. Анын 16464 гектары сугат, 2843 гектары кайрак.
Белгилей кетсек, Миң-Булак айыл өкмөтү жана айылдык кеңеши аймактын ар тараптан өнүгүп кетиши үчүн биргелешип күч жумшап жатканы кубандырат. Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы Баялы Кадырбаевич Саркулов кабарчыбыз менен болгон маегинде төмөнкүлөргө токтолду.
Аймакты алдыга сүрөгөн орто жана чакан ишканалар
Алар: Таза-Булак, ФХ Риал, Ф.Энгельс, атындагы К(Ф)Х, «Аксуу асыл тукум чарбасы” ЖЧКсы. Ошондо эле жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жайлар, муздаткыч жабдуу-лары (жемиштер жана жашылчалар), коробкаларды чыгаруучу цехтер, чекене дүкөндөр, мал азыгын кайра иштетүүчү, тигүүчү, мүшөк чыгаруучу чакан цехтер, «Темир строй» курулуш материалдарын сатуу пункту, май куюучу станциялар, кондитердик цехтер, тегирмендер, унаа жуучу жайлар, техникалык жактан тейлөө жана май алмаштыруу, тоют сатуу пункттары, соода павильондору, чарбалык дүкөндөр, кафелер жана тез татым пункттары бар. Көрүнүп тургандай Миң-Булак айыл аймагы ар тараптан ургаалдуу өнүгүп бара жаткан аймактардын бири.
6 айдагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылдын 6 айына бюджеттин киреше бөлүгү план боюнча 30 млн. 298,9 миң сом болуп бекитилген. 2024-жылдын бюджетине иш жүзүндө түшкөн каражат 32 млн. 605,3 миң сомду түзүп, аткарылышы 107,6%ды түздү. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан аймактын салык төлөөчүлөрү менен тынымсыз иш жүргүзүлүүдө.
6 айда ашар жолу менен бүткөрүлгөн иштер
Александровка айылында тургундар тарабынан чогултулган каражатка Гагарин, Ленин, Пионерская, Дружбы, Биринчи Май, Почтовая көчөлөрүнө грейдер жүргүзүлүп, шагыл төгүлдү.
Айыл аймактын тургундары айыл өкмөтү менен биргеликте топурак жана лотка каналдарын, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Садовое айылында Крупская көчөсүнө тургундардын күчү менен грейдер салынып, шагыл төгүлдү.
Сретенка айылында айыл өкмөтү менен айыл тургундары биргелешип иретсиз таштанды полигону жок кылынды.
Ушул эле айылда жергиликтүү ишкердин демөөрчүлүгүнүн эсебинен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигин толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.
Беш-Көрүк айылынын тургундары өз каражатына жергиликтүү элге тиричилик буюмдарын сактоочу кампа куруп беришти.
Заря айылынын тургундары менен биргеликте айыл өкмөтү тарабынан анализ алуучу пункт курулган.
Жергиликтүү ишкерлер тарабынан Садовое айылындагы Пионерская көчөсүнөн Биринчи Май көчөсүнө чейинки БЧК боюндагы жол оңдолду.
Жергиликтүү ишкерлер тарабынан Садовое айылындагы Советская көчөсүнөн 11-көлмөгө чейинки талаа жолу оңдолду.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылгандар
2024-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкү долбоорлор ишке ашырылган:
Айыл өкмөтүнүн башчысына жана ОСЭР башчысына ЭЦП сатып алуу – 3900 сом;
Сретенка, Большевик , Заря айылдарынын суу түтүктөрүн оңдоо үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу – 2 798 500 сом;
Крупская айылындагы Октябрь орто мектебинин от казанын ремонттоого – 2 073 100 сом;
Т.Арыков атындагы орто мектебине форс-мажордук жагдайлардан улам суу насосун сатып алуу – 10 000 сом;
Беш-Көрүк орто мектебинин аймагына брусчатка төшөөгө төлөм – 56 200 сом;
Муниципалдык объектилерде ичүүчү суу үчүн төлөм – 34 миң 600 сом;
“Таза – Булак» чакан ишканасынын көрсөткөн кызматтары (эмгек акы, таштанды төгүү, трассанын боюндагы чөптөрдү чабуу) – 385 600 сом, ж.б.
Инвестиция тартуу
Александровка айылына 86 млн. сомго 100 орундуу бала бакча куруу. Каржылоо булагы республикалык бюджет;
Заря айылына 3 млн. сомго ФАП куруу. Каржылоо булагы АС-Сафа Фонду;
Крупское айылында 3 млн. сомго тигүү цехинин курулушу. Каржылоо булагы ИТАР фонду;
Садовое айылындагы ишкерлердин өздүк каражаттарынын эсебинен:
Канаттуулар комплексинин курулушу. «Аксуу» асыл тукум чарбасы ЖЧКсынын директорунун маалыматы боюнча канаттуулар комплексин курууга 450 миң сом жумшалган. Курулуштун бүтүшү жана ачылышы 2024-жылдын 3-кварталында болот.
Логистикалык жана тоңдуруу борборунун курулушуна 300,0 миң сом сарпталган.
Тамчылатып сугаруу системасын чыгаруучу цехти курууга 4 000 000 сом жумшалган, ачылышы 4-кварталга пландаштырылган;
№3 МТФ аймагына 300 000 сомдук кичи ферма куруу. Курулуш жүрүп жатат.
Александровка айылында ишкерлердин өздүк каражаттарынын эсебинен:
Октябрьская – Фрунзе соода борбору (Арлиза) – 3 млн. сом;
Фирдаус соода борборунун курулушу «чекене соода (кийим-кече, косметика, балдар оюнчуктары, телефондор, велосипеддер) (И.Мансуров) 5 млн.
БЧКнын боюндагы желим ящиктерди чыгаруучу кичи цех (Лугма Р) – 2 млн. сом;
«Шашлик империясы» кафеси. 2 млн. сом жумшалган, ээси М. Белосан. Ушул жылдын май айында ачылган. Дареги Фрунзе – Масанчин көчөлөрү.
«Мустафа» кафеси. 1 млн. сом. Жетекчиси К. Давуза. Фрунзе-Батыш бурулушунда. Ушул жылдын июнь айында ачылган.
АЗС «Жунда». Сокулук менен Фрунзе көчөсүндө. «Жунда» ишканасы ушул жылдын май айында ачылган.
Иш жүргүзүү
Миң-Булак айыл өкмөтүндө иш кагаздарын жүргүзүү — «СЭД» АИС аркылуу, персоналды башкаруу жана эсепке алуу — «Е-Кызмат» АИС аркылуу жана негизги реестрге ылайык «Санарип Аймак» АИС боюнча жүргүзүлөт. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында тургундардан кайрылуулардын саны 650 болсо, 510 жаран жооп алган.
Жогорку уюмдардан келген каттар – 359, жооптордун саны – 321.
Саламаттыкты сактоо
Миң-Булак айыл аймагынын калкына алгачкы медициналык жардамды 3 ҮДТ жана 4 ФАП көрсөтөт.
Мекемелерде 13 дарыгер, 24 медайым, 2 лаборант иштейт.
2024-жылдын 6 айында жалпысынан 19187 адам тейленген.
Миң-Булак айыл аймагынын аймагында үстүбүздөгү жылдын 6 айында 321 бала төрөлгөн.
Билим берүү
Айыл аймактын аймагында 9 муниципалдык жана бир жеке менчик мектеп, 3 муниципалдык бала бакча, 2 жеке менчик үй бала бакчасы
бар.
Социалдык коргоо
2024-жылдын 6 айында Миң-Булак айыл өкмөтүнө мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу жана башка көйгөйлөр боюнча жарандардан 56 кайрылуу келип түшкөн (анын ичинен 13 арыз мамлекеттик «Үй-бүлөгө көмөк”) жөлөк пулун алуу үчүн”).
Арыз менен кайрылган жарандарга 147 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.
58 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 232 бала (ар бир балага 1200 сом) «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жөлөкпулдарын алышат. 2023-жылдын 1-январына карата 36 адамга социалдык паспорт берилген. 44 үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылды: 7 үй-бүлө мал багып, 11 үй-бүлө соода менен алектенип, 8 үй-бүлө көчүп, 18 үй-бүлө жумуш менен камсыз болгон.
Гуманитардык жана демөөрчүлүк жардам
Жогорку Кеңешинин депутаты К.Л.Ханджеза жана айыл аймагынын ишкерлер биримдигинин колдоосу менен 70 үй-бүлөгө социалдык пакеттер берилди;
«ДанАгро Продукт» компаниясы айыл жериндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 социалдык пакет таратты;
«Менар» фонду айыл аймагындагы аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө социалдык пакеттерди тапшырды.
Жалпысынан 210 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.
Көрктөндүрүү
Айыл аймагынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, калктын бакубаттуу-лугун жана маданиятын жогорулатуу, ошондой эле айыл аймагындагы коргоочу жашыл зоналарды көбөйтүү максатында аймакты санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча (2024-жылдын 15-мартынан 31-майына чейин) 3 айлык өткөрүлдү. Муниципалдык менчиктин аймагына, таштанды таштоочу жайга жана облустун калкынын чарбалык жерлерине 7800 түп ар кандай түрдөгү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Аида Болотбекова, “Кыргыз Туусу”