Ноокат району 1928-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Ош облусунун түшүк бөлүгүндө жайгашкан, Батыш жагынан Өзбекстан Республикасы жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай району, түндүгүнөн Ош облусунун Араван району, чыгышынан Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондору менен чектешет.
Ноокат өрөөнү деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200-1700 метр бийиктикте турат. Климаты континенталдуу, жайы ысык, кышы анча суук эмес. Райондун аймагынан Кыргыз-Ата, Кошчан, Шанкол, Абшыр-Ата, Чили-Сай дарыялары агып өтөт. Райондун жалпы аянты 4,4 миң чарчы километр. Ноокат районунун борбору болуп Ноокат шаары эсептелет. Райондун курамына 13 айыл өкмөтү, 1 райондук шаар кирет. Көп улуттуу калкынын саны – 320 547 адам.
Өнөр жайы өркүндөгөн район
– 2024-жылдын 6 айында райондо – жалпы алганда 2 млрд. 351 млн. 733,7 сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп – 108,0%ды түздү.
Райондогу “Түштүк-Кыргыз цемент” ири ишканасы тарабынан 2024-жылдын 6 айына карата өндүрүлгөн продукциянын көлөмү – 104,9 миң тонна болуп, 422 млн. 189,8 миң сом болгон. Бул былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу (97,3 миң тонна) 8,7 миң тоннага көп дегенди билдирет.
Элдик өнөр жай ишмердүүлүгү боюнча (ПДН) 2024-жылдын 6 айына карата16 млн. 831 миң сом болуп, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 6 млн. 921,2 миң сомго көп.
Райондо жаңы өнөр жай ишканаларын ачуу багытында: 2024-жылдын 6 айында 6 жаңы ишкана ишке киргизилип, 88 адам жаңы жумушчу орду менен камсыз болуп, жалпысы 36,5 млн. сомдук инвестиция тартылды.
Күз-кыш мезгилине даярдык
Ноокат районунун аймагында 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата район боюнча 76418 тн. көмүр керектелет.
Анын ичинен калк үчүн – 64954 тн, саламаттык сактоо – 1811 тн, билим берүү – 7563,1 тн, маданият – 13 тн, кесиптик окуу жайлары – 150 тн, “Ноокат жылуулук” ишканасына – 1768 тн, айыл өкмөттөрдүн имараттарына 159 тн. көмүр.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы район боюнча керектелүүчү 76418 тн. көмүрдүн 186 тн. даярдалып, тапшырма 0,24 % аткарылган. Анын ичинен билим берүү тармагынын имараттарын жылытууга 7563,1 тн. көмүр керектелсе, анын 186 тн. түшүп, 2,45 %га аткарылган.
Район боюнча жалпы 136 откана бар, алар саламаттык сактоодо – 48, билим берүүдө – 86, “Ноокат жылуулук” муниципалдык ишканасында – 2. Алардын ичинен оңдоп түзөөдөн өткөнү саламаттык сактоодо – 42, билим берүүдө – 77, “Ноокат жылуулук” муниципалдык ишканасында 2 отканалар кышка карата даярдалган. Ал эми калган отканаларда оңдоо түзөө иштери жүрүп жатат. Ноокат районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмүр сатып алуу боюнча тендер келишимдери толук түзүлгөн.
Райондун аймагында 6 көмүр казуучу ишкана бар, алардын ичинен төртөө иштейт, 2 ишкана убактылуу токтоп турат. Көмүр сатуучу пункттар азыркы учурда 14 болуп саналат.
Таза суу – өмүр булагы
Район боюнча жалпы узундугу 895,9 чакырым суу түтүктөрү бар болсо, 16405 суу чорголорунун 12114 даанасы кожолуктардын короолоруна киргизилип, суу эсептегичтер орнотулган. Ноокат районунун аймагында элди таза суу менен камсыз кылуунун көрсөткүчү 2024-жылдын 6 айына карата 78,3% түзөт.Таза суу менен камсыз боло элек 5 айыл болсо, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан таза суу жетпеген айылдарга таза суу жеткирүү багытында иш аркеттер жүрүп жатат.
Суу чарба жана чарбалар аралык каналдар
– Суу чарба боюнча, чарбалар аралык каналдар баары 86 км болсо, анын 6,6 км механикалык жол менен тазалоо пландалып, бүгүнкү күнгө 6,8 км тазаланды.
Каналдарды оңдоо 1,0 км пландалып, бүгүнкү күнгө 0,6 км оңдолду.
Каналдар 1,4 км пландалып, бүгүнкү күнгө 1,0 км бетондолду.
Гидротехникалык курулмаларды (ГТК) ремонттоо 9 даана пландалып, 5 даана ремонттон өттү.
Гидропосттор (ГП) 5 даана пландалып, 3 даана ремонттолду.
Ал эми, ички арыктар боюнча оңдоо планы: механикалык тазалоо 29 км болсо, 29,0 км тазаланып, ишке берилди. Кол күчү менен 103,40 км, толугу менен тазаланып, 100 пайызды түздү.
Калктын жыргалчылыгы үчүн курулуштар курулууда
– 2024-жылдын 6 ай ичинде Ноокат району боюнча жалпысы 1402,3 млн. сомго, 26 объект курулууда. Анын ичинен, республикалык бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 1255,3 млн. сомду түзгөн 13 социалдык объект, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 объект, сметалык баасы 204,8 млн. сом, чет элдик инвесторлор тарабынан 3 объект, 59,0 млн. сом, жеке ишкер, жамааттар тарабынан сметалык баасы 27,0 млн. сомду түзгөн 4 объекттер курулууда.
Инвестиция – жумуш ордун түзүүгө жардам
– Ноокат районунда 2024-жылдын 6 айында тартылган инвестициянын жалпы суммасы 1 млрд. 010 млн. 788,7 миң сом болсо, анын ичинен сырткы инвестиция 146 млн. 206,3 миң сомду, ички инвестиция 864 млн. 582,4 миң сомду түзгөн. Республикалык бюджеттен 616 млн. 571,9 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 86 млн. 989,5 миң сом, жамааттар 90 млн. 789,0 миң сом жана жеке ишкерлер 70 млн. 232,0 миң сом болгон. Өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 121 млн. 119,8 миң сомго көп инвестиция тартылган. Ал эми убактылуу жумушчу орун менен 873 адам камсыз болгон.
Ноокат райондук региондорду өнүктүрүү фонду
– Ноокат райондук региондорду өнүктүрүү фондунун жалпы бюджети 29 млн. 166,4 миң сомду түзүп, фондго айыл өкмөттөрдөн жана мекеме, ишканалар тарабынан ар түрдүү багытта жалпысы 18 долбоор келип түшкөн болсо, алардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 9 долбоор ишке ашырылып, өнүктүрүү фонду тарабынан 12 млн. 486,2 миң сом каржыланган. Калган долбоорлор боюнча Байкоочу кеңешинин комиссиясында каралып, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эл аралык уюмдар аймакты өнүктүрүүгө өбөлгө
– Н.Исанов айыл аймагына “Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативи алдында заманбап технологиялар менен жабдылган алма сактоочу борборун куруу жумуштары жүрүп, АРИС тарабынан 1200 тонналык муздаткычтын курулушу бүтүп, 10 жерге дарбаза коюлган.
Ошондой эле логистикалык борборго алып баруучу 1,6 км жолго асфальт төшөлүп берилди. Ал эми ЮСАИД тарабынан 8 муздаткыч орнотулуп, толук ичи жарыктандырылып, сорттоочу жайынын курулушу бүткөрүлгөн.
Жалпы курулуштун сметалык баасы 100 000 000 сом болжолдуу чыгымы болсо, анын ичинен АРИС – 27 млн. 840,0 миң сом, ЮСАИД – 80 миң АКШ доллар, өздүк салымы 75 млн. сомду түзгөн. Сезондук учурунда жаңы жумуш орду менен 50гө жакын адам камсыз болсо, туруктуу жумуш менен 10 адам камсыз болгон.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылына 300 тонналык АРИС аркылуу логис-тикалык борбор куруу долбоору ишке ашууда, долбоордун суммасы 6 млн. 700 миң сом. Ал эми, ушул эле айыл аймакка караштуу Кара-Кой айылынын Шивели бөлүмүнө 400 тонналык Корея Эл Республикасынын КОЙКА эл аралык фондунун каржылоосу менен логистикалык борбор куруу долбоору ишке ашырылуу-да, долбоорудун суммасы1 млн. 800 миң сом.
Бел айыл аймагындагы Бел айылына АРИС аркылуу 400 тонналык логистикалык борбор куруу долбоору ишке ашууда, дол-боордун суммасы 5 млн. 500 миң. сом
Көк-Жар айыл аймагына муниципалдык тигүү цехин курууга АРИС тарабынан 2,0 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 500,0 миң сом каржыланып, курулуш иштери толук бүткөрүлүп, тигүү машиналары орнотулду, 15 жумушчу орун түзүлөт, учурда пайдаланууга берүү алдында турат.
Н.Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылына муниципалдык тигүү цехин курууга АРИС аркылуу 11,5 млн. сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3,0 млн. сом акча каражаты каралып, учурда имаратынын дубалы жана сырткы шыбак иштери бүтүп, курулушу жүрүүдө.
Кара-Таш айыл аймагына АРИС аркылуу тигүү цехин куруу долбоору ишке ашууда, долбоордун суммасы 5 млн. 400 миң сом, 25 жумуш орду түзүлөт.
Санарип – бүгүнкү күндүн талабы
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан «Санарип – Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна чарба китептерди жана калкты киргизүү иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 6 айында 39263 кожолук «Санарип – Аймак тутумуна киргизилип, 113,6% түзүүдө жана 263 918 калк «Санарип – Аймак тутумуна киргизилип, 89,4 пайызды түздү.
Санариптешүү багытында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Түндүк” электрондук системасын жолго коюу иштери райондун аймагындагы бир топ жакшы жолго коюлуп, санарип форматына толук которулган шарттарда жүргүзүү, электрондук документтер, электрондук кызматтардын жана мобилдик мамлекеттик портал аркылуу алынган «Түндүк» колдонмосу мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда.
Райондук салык башкармалыктарында “Бирдиктүү терезе” иштеп жатат жана электрондук түрдө отчёт тапшыруу, “NRK” автоматтык маалымат системасы аркылуу электрондук декларация порталдары иштейт.
Райондук мамлекеттик каттоо кызматтарында (Паспорт стол) АИС “ЗАГС”, АИС “Паспорт” программалары киргизилип, электрондук кызмат көрсөтүлүүдө жана электрондук аныктама берүү “Түндүк” аркылуу жүрүүдө.
Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча райондун аймагындагы банктар тарабынан банкомат жана терминалдарынын түйүндөрү кеңейтилип, электрондук технологиянын ылдамдык менен өнүгүшү акчаны которуу жана салык төлөмүн жүргүзүү, эсептешүү боюнча улам жаңы формаларга өтүүгө өбөлгө түзүү менен калкка кызмат көрсөтүлүүдө.
Сел кесепеттери
Өткөндөгү селдин кесепетинен жалпы район боюнча 344 турак жай жабыркады. 21 көпүрөнү, анын ичинен 19 ички чарбалык көпүрөлөрдү, 2 мамлекеттик маа-нидеги көпүрөлөрдү, 5 дамбаны толугу менен сел жууп кеткен. Баарынан өкүнүчтүүсү, Шаран-Сай сайындагы селдин кесепетинен Бактыяр Кабылов башкарган автоунаа селге кетип, 10 адам каза болду.
Абшыр-Ата эс алуу зонасындагы унаа жол жараксыз абалга келгенине байланыштуу 1400дөн ашуун эс алуучулар жана Чили-Сай жайлоосунан 150дөн ашуун жаран жол жоктугунан калып калышкан. КР Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилигинде штаб түзүлүп, 174 куткаруучу, 1 тик учак, 9 инженердик техника (5 экскаватор, 4 хово), 4 атайын техникалар тартылган. Медицина кызматкерлери тарабынан 1106 жаран медициналык кароодон өткөрүлүп, 380 жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ноокат районунун аймагындагы жабыркаган объектилерге жана сел суусу кирген турак үйлөргө жерине барып толугу менен аныктап чыкканда, келтирилген болжолдуу жалпы чыгым 87 816 000,8 сомду түзгөн.
Билим алуу келечек муунга өтө керек
– 2023-2024-окуу жылында Ноокат райо-нунун аймагындагы 121 мектепте 61,614 окуу-чуга 5,073 мугалим билим жана тарбия беришип, билим сапаты 48,3%ды, ал эми окуу китептер менен камсыздоо 88,1%ды түздү. Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын Республикалык туруна 3 окуучу катышты.
2023-2024-окуу жылында жалпы билим берүү мекемелеринде 1958 окуучу 11-класс-ты, ал эми 4701 окуучу 9-классты аяктап, 102 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык сынагына катышып, “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин 8 бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду.
“Санариптик трансформациялоо” программасынын алкагында мектептерди интернет менен камсыздоо 98,3% (119), видео көзөмөл менен камсыздоо 83,4%ды, ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин интернет менен камсыз болуусу 90,4% ды (84 бала бакча), видео көзөмөл менен камсыздоо 46%ды түздү.
Ошондой эле, райондун аймагындагы 121 мектептин ичинен азыркы учурда райондо 88 мектептин башталгыч 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү уюштурулуп, анда 24,934 окуучу ысык тамак менен камсыз болуп, бул жалпы 1-4-класстардын окуучуларынын 88,2%ын түзүп, былтыркы окуу жылына салыштырганда 10,1%га өстү. 26 мектепте 3325 окуучуга түшкү чай берүү, 11,8%ды түздү.
2023-2024-окуу жылында Жалпы Республикалык Тестирлөөгө 1291 бүтүрүүчү катышып, босого баллдан 936 окуучу өтүп 72,5%ды, ал эми орточо балл 130,4 баллды түзүп,былтыркы жылга салыштырганда 12,6 баллга жогорулады.
Социалдык контракт
– 2022-жылдын сентябрь айында социалдык контракт боюнча аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө, 2023-жылдын апрель айында 600 үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилип, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келүүдө.
2024-жылдын июнь айында Бүткүл Дүйнөлүк Банктын эсебинен Ноокат районуна жалпы 200 квота берилип,“Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоорунун алкагында 2024-жылдын 15-апрелинен баштап 30-апрелине чейин 260 жаран окуудан өтүп, 200 жаран ЖөБО социалдык маселелерди кароо боюнча комиссия-сынан өтүп, райондук денгээлдеги убактылуу комиссияда да каралып, социалдык контракт түзүлүп, ар бири 100 000 сомдон акча каражатын алышып, ишкерлигин уюштуруу үчүн бизнес планда көрсөтүлгөндөрүн сатып алып, ишмердүүлүгүн башташты.
Республикалык бюджет тарабынан 2024-жылга карата 1585 квота бөлүнүп берилип, анын ичинен жалпы 400 жаран менен социалдык келишим түзүлдү.
Калктын аялуу катмары
– Райондогу тоголок жетим балдарга жеке депозиттик эсеп ачуу үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча башкармалык тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каттар жиберилип, жыйынтыгында 40 тоголок жетим балдарга РСК банкынан “Балакай” аталышындагы жеке депозиттик эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө 40 баланын депозиттик эсебинде 253 миң 170 сом акча каражаты бар.
Ош – Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу
– Ош – Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгүнүн 13 чакырым аралыгын реконструкциялоо республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. 2023-жылы 13 км аралык жолунун биринчи катмарына асфальт төшөлгөн, ал эми учурда аталган жолдун экинчи катмарына асфальт төшөлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, калып кеткен ортодогу Ноокат шаарын аралап өткөн 34-40 чакырым аралыгында (Ноокат шаарынын ичи) реконструкциялоо жумуштары башталды.
Ноокат шаарын аралап өткөн жол 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар каралган, ушул жылдын ноябрь айына чейин аягына чыгаруу пландаштырылган.
Ноокат районунун аймагындагы Ош – Раззаков жолундагы 43 км Чили-Сай көпүрөсү жана 63 км Абшыр-Сай көпүрөсүн ”Кыргызавтожол – Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан куруу иштери башталып, 43 км Чили-Сай көпүрөсүнө атайын техникалар бөлүнүп, бүгүнкү күндө көпүрөнүн темир-бетон үймөлөрү казылып жатат.
Административдик-аймактык реформага ылайык Ноокат районундагы Т.Кулатов атындагы жана Ынтымак айыл аймактары биригип, “Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси түзүлүп, борбору Кызыл-Булак айылы болуп калды.
Көк-Жар, Найман жана Он-Эки-Бел айыл аймактары биригип, “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп борбору Көк-Жар айылы, Төөлөс айыл өкмөтүнө Он-Эки-Бел айыл аймагынын өрнөк айылы кошулуп, “Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин борбору Муркут айылы болуп өзгөрүп, кайрадан түзүлгөн.
Административдик-аймактык реформага чейин райондо Ноокат шаары жана 16 айыл өкмөтү болсо, АТРден кийин Ноокат шаары жана 13 айыл өкмөтү калган.
АТРге чейин райондо муниципалдык кызматкерлердин саны – 383тү түзсө, реформадан кийин муниципалдык кызматкерлердин саны – 168ди түзүп, келишимдин негизинде 103 кызматкер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүндө ишке орноштурулган.
Аймакта таштанды полигондору даярдалды
– Төөлөс айыл аймагынын Меркит айылынын Адыр участкасында 1 гектар жерге таштанды таштоочу жай уюштуруу боюнча тиешелүү иш-кагаздары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген, мындан сырткары аталган айыл аймагынын Додоң айылынын Адыр участкасында 1 гектар жерге таштанды таштоочу жай уюштуруу боюнча тиешелүү иш-кагаздары бүткөрүлүп, 2024-жылы пайдаланууга берилген. Айланасы тосулган (Төөлөс айыл аймагында 2 жерге ачылат).
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Кайрагач бөлүмүндө жайгашкан 3 гектар жер аянтына таштанды таштоочу жай уюштуруу боюнча тиешелүү иш-кагаздары толугу менен бүткөрүлүп, учурда айланасын тосуу иштери жүрүп жатат. Бул жерге 3 млн. 500 миң сомдук акча каражаты керектелет, бүгүнкү күндө 2 млн. сомдук иш аткарылды, 1 млн. 500 миң сомдук акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралды.
2024-жылдын октябрь айынын аягында таштанды таштоочу жай ишке берилет.
Жаңы-Ноокат аймагынын Күнгөй –Хасана айылынын Аулгаз бөлүмүнөн жайыт жер эсебинен 2,0 гектар жер аянтына турмуш тиричилик калдыктарын сактоочу жай, полигон үчүн жер ажыратып берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздары даярдалууда. Полигондун айланасын тосуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом акча каражаты каралган. Полигон 2024-жылдын 4-кварталында ишке берилет.
“Жашыл- Мурас” улуттук компаниясы жана “Улуттук тазалык” күнү
– 2024-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин айыл аймактарында жана Ноокат шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембиликтерин өткөрүү боюнча иш пландар бекитилди жана ишембиликтерди өткөрүү жагы колго алынган.
2024-жылдын 20-апрелинде “Улуттук тазалык күнү” боюнча ишембилик Ноокат районунун бардык айыл аймактарында жана Ноокат шаарынын аймагында өткөрүлдү.
Жарыяланган эки айлыктын алкагында 2024-жылдын 16-мартынан баштап 18-майына чейин Ноокат районунун аймагында 10 жолу ишембиликтер өткөрүлдү. Өткөрүлгөн ишембиликтерге жалпысынан 35 424 адам катышты, жалпы көлөмү 333,3 тонна таштанды чогултулуп, таштанды таштоочу жерлерге (полигондорго) ташып чыгарылды, Ноокат райондук суу чарба башкармасы (УОС) тарабынан 22 км ирригациялык каналдар тазаланды. Айыл өкмөттөрү тарабынан 520,5 км ички каналдар жана арыктар тазаланды.
“Жашыл- Мурас” улуттук компаниясы райондун аймагында ийгиликтүү өткөрүлүп, план тапшырма 100,6 пайызга ашыгы менен аткарылды.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”