whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабият“Эркин Тоо” жана кыргыз маданияты

“Эркин Тоо” жана кыргыз маданияты

Бүгүнкү кыргыз адабияты, маданий дөөлөттөрү “Эркин Тоо” гезитинен башталат. Айталы “Эркин Тоо” гезитинин №1 санына (1924-жыл, 7-ноябрь) жарыяланган Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ыры кыргыз жазма адабиятынын башталышы десек аша чаппайбыз. Ырас, кыргыз жазма адабияты тууралуу сөз болгондо, алгачкыларынын бири катары 1911-жылы Казандан чыккан Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” (Жер титирөө баяны”) китебин айтып жүрөбүз. (Аны да “Эркин Тоонун” негиздөөчүлөрүнүн бири Эшеналы Арабаев чыгарган).
Андан мурдагы жазма адабиятыбыз тууралуу айтсак сөз узарып кетет. Башкысы “Эркин Тоо” гезитинин чыгышы менен кыргыз жазма адабияты туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, адабиятыбыздын түндүгүн тиреген акын-жазуучулардын бүтүндөй бир мууну өсүп чыккан, азыркы жазма адабиятыбыз түптөлгөн.
Ошол эле учурда кыргыздын кыякчы, комузчу, чоорчу өнөрпоздорун чогултуп, алардын күүлөрүн жазып калуу демилгесин көтөрүп чыккан, маданиятыбыздын пайдубалын негиздеген “Эркин Тоо” болгон.

 Элдик таланттарды издеген “Эркин Тоо”

 “Эркин Тоо” жарык көргөн учур же XX кылымдын баш чени элдик оозеки чыгармачылыктын гүлдөп турган учуру болгон. Сагынбай баш болгон, Токтогул төш болгон манасчы, төкмөлөрдүн көзү тирүү болчу. Өкүнүчтүүсү жазма адабиятыбыздын, элдик оозеки чыгармачылыкты, фольклорду чогултуу тажрыйбабыздын жоктугунан кылымда бир жаралган өнөр адамдарынын чыгармачылыгы жазылбай, комуз, кыл кыяк, чоор аспаптарынын күүлөрү нотага түшпөй көз көрүнөө кол жууп калып турган чагыбыз эле.

Кыргыз АССРинин Маданият комиссиясы ушул кенемтени толтуруу максатында, “Эркин Тоо” гезитинин №120 санына (31-октябрь, 1926-жыл) “Комузчу, кыякчыларга” деген билдирүү менен чыккан.

Эскерте кетсек, ошол күндөрдө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн саясий түзүлүшүндө, мамлекетибиздин келечек тагдырына чоң таасирин тийгизген өзгөрүүлөр болуп өткөн. Тагыраагы, РСФСР БАКтын 1925-жылдын 25-майындагы чечимине ылайык облустун аталышындагы “Кара” сөзү алынып салып, РСФСРга караштуу Кыргыз Автоном облусу болуп түзүлгөн. Көп өтпөй кеменгер саясий ишмерлерибиздин өтүнүчү боюнча РСФСР БАКтын 1926-жылы 1-февралдагы чечими  менен Кыргыз Автоном Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз АССРи) болуп түзүлгөнбүз.

Ошентип, Кыргыз АССР Өкмөтүнүн “Эркин Тоо” гезити аркылуу Токтогулду, Карамолдону, элдик өнөрпоздорду борборго чакырып, алардын чыгармаларын, комуз, кыяк күүлөрүн жазып калууну көздөгөнү, маданиятыбыздын пайдубалын негиздөө багытындагы олуттуу кадамдардан эле. (Дал ушул учурда Сагынбай Орозбаковдун Манасы жазылып жаткан).

Тарыхый маалыматтарга таянсак, бул билдирүүдө борборго чакырылган Токтогул Сатылганов 1928-жылы гана Пишпекке келгени белгилүү. Өзүнүн таарыныч ырларында айтылгандай, келгени менен айрым аткаминерлердин салкын мамилесинен улам, тез эле кайтып кеткен экен. Кандай болгондо да, ушундай аракеттердин натыйжасында элдик ырчы, төкмө, комузчуларды чогултуп, 1928-жылы кыргыз музыкалык драма студиясы, 1932-жылы музыкалык драма театры, 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз филармониясы болуп түзүлгөн. Ошол эле 1928-жылы күз айында Москвадан А.Затаевич чакыртылып келип, кыргыз күүлөрүн нотага түшүрө баштаган.

Эми, “Эркин Тоодогу” “Комузчу, кыякчыларга” аталган маалыматка токтолсок, бул учурда Кыргыз АССРи же республика болуп калсак дагы, эмнегедир “облустук билим комиссиясы” деп берилген.

Комузчу, кыякчыларга

Кыргыздын улут күүлөрүн сактаб калуу нийети менен облустук билим кемесийеси ушу жылдын ичинде комузчу, кыйакчы, сурнайчы, чоорчу адамдарды жыйнаб, күүлөрүн мүзүкө күүсүнө жаздырууга токтом кылды.

Эл арасында атагы чык(к)ан кыйын өнөрчүлөр жакын арада өздөрүнүн канча күү биле тургандыгын, күүлөрүнүн толук атын, эминеге ойноого маштыгынын (комузгабы, кыйаккабы), өзүнүн, атасынын атын, турган жерин толук жазыб, обулустук билим кемесийесине жиберүүнү өтүнөбүз.

Өнөрчүлөрдүн толук маалуматы келгенден кийин билим кемесийеси аларды толук текшериб, жарамдууларын Пишпек (Прунза) калаасына чакырмакчы. Чакырылган кишилерге жол каражат, мында келгенде кызматтарына жакшылаб жалуун берилмекчи.

Обулустук билим кемесийеси өз тарабынан төмөндөгү аттары жазылган атактуу өнөрпоздорго назар салыб, ошолордун тез арада толук маалуматтарын жиберүүлөрүн өтүнөт:

  1. Каракол өкүрүгү күнгөй Аксуу болушунан – Карамолдо;
  2. Пишпек өкүрүгү Атаке, Сарбагыш элинен Мураталы;
  3. Нарын району Кочкор болушунан – Кудайберген;
  4. Жалал Абат өкүрүгү, Тогуз Торо элинен Токтогул.

Элдин айтышына караганда Талас-та кыргыздын анык эски күүлөрү сакталыб калгандай түрү бар. Ошондуктан Таластын комузчу, кыйакчылары туурасында билим кемесийеси малуматка өтө зарыл.

    Билим кемесийеси

(Макаланын түп нускасы өзгөртүүсүз берилди)

“Эркин Тоо” Аалы Токомбаевдин багын ачкан

Кыргыздын залкар акын-жазуучусу, Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, узун жана легендарлуу өмүр сүргөн Аалы Токомбаевдин багын ачкан, аны адабият майданына алып келген ушул “Октябрдын келген кези” ыры болду. Аалы Токомбаев өзүн эң биринчи элге тааныткан “Эркин Тоо” гезити менен дээрлик киндиктеш болгон. 1928-жылы “Эркин Тоонун” редактору кызматын да аркалаган. А.Токомбаев туулган күнүн 7-ноябрь деп белгилеп алганы да тегин жеринен эмес.

А.Токомбаевдин мектептерде окутулуп жүргөн бул белгилүү ыры, кийин далай иштелип, редакцияланганы белгилүү. Эмесе “Эркин Тоого” жарыяланган калыбында, түп нускасында окуп көрөлү.

Өктабрдын келген кези

Өктабр күлүмсүрөб келген кези
Энчисин өз-өзүнө берген кези
Мурунку чынжыр курган душмандарды
Ичинен момундардын терген кези
Бул күндө кедей орун алган кези
Бел байлаб, кайраттаныб калган кези
Кан ичер кепиталдын уругуна
Айыкбас кара дары салган кези

Бул күндө өктабрдын ийген кези
Кедейге кызыл желек тийген кези
Колуна курал-жабдык алыб кедей
Ак төрөнү төшүнөн тилген кези

Бул күндө өңчөй кедей чыккан кези
«Теңдик» деб «тегизсиз» ди жыккан кези
Кошулуб андан-мындан эмгекчилер
Жыйналыб кызыл тууга аккан кези

Бул айда теңдик кадам баскан кези
Жан кыйыб кызыл канды чачкан кези
Куйругу Никалайдын алсызданыб
Кылчактаб артын караб качкан кези.

Бул күндө душманыбыз шашкан кези
Агылыб кедей орун баскан кези
«Тилексиз капиталды жок кылам!» деб
Кедейлер душман көрүн казган кези.

Душманын кедей бүгүн баскан кези
Үрөйү залимдердин качкан кези
Көз жайнаб, жүрөк кайнаб эмгекчилдер
Ураанын туш-тушуна чачкан кези

Лениндин бериб кеткен белеги бар
Тапшырган кедейлерге желеги бар
Ачык жол айкындатыб алыб кеткен
Артында Ленинизм тереги бар.

Кедей таб, Лениниңдин айткан сөзүн
Үйрөнүб билбегендин ачкын көзүн
Тирениб Ленинизм терегине
Ачылсын кең көкүрөк жайык төшүң.

Жашасын Лениндин түзгөн жолу
Жоголсун караңгынын курган тору
Жолуна өктабрдын кедей түшүб,
Жетишсин муратына созгон колу…

А.Токомбай, Сакүү

(А.Токомбаев ошол учурда Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде – САКУда (1923-1927) окуп жаткан учуру болгон).

Сыры ачылбаган Сыдык Карачев

Ал эми “Эркин Тоонун” №2 санына (25-ноябрь, 1924-жыл) жарыяланган Сыдык Карачевдин “Эркин Тоого” деген ыры да жазма адабиятыбыздын алгачкы үлгүлөрүнүн бири. Сыдык Карачевдин бул ырынын айта кетүүчү таржымалы да бар. “Эркин Тоо” гезитинин тарыхына кызыгып, бир катар илимий өңүттөгү олуттуу макалаларды жазып жүргөн, жаш журналист Айгерим Качкынбекованын иликтөөлөрүндө Сыдык Карачевдин бул ыры “Эркин Тоонун” №1 санына жарыяланмакчы болуп даярдалганы айтылат. Ошол учурда Ташкентте САКУда окуп жүргөн Аалы Токомбаев “Октябрдын келген кези” деген ырын редакцияга алып келип калат. Гезиттин жооптуу катчысы Сыдык Карачев басууга даяр турган өзүнүн “Эркин Тоого” деген ырын алып салып, А.Токомбаевдин ырын жарыялап жиберет. Бир сөз менен өзүнөн мурда Аалы Токомбаевдин адабиятка келишине жол ачкан, ушул Сыдык Карачев болгон.

“Эркин Тоонун” тарыхына байланыштуу айрым макалаларды, иликтөөлөрдү эске албаганда, кыргыз журналистикасынын, адабиятынын алгачкы көрүнүктүү өкүлү Сыдык Карачев тууралуу көп айтылбай жүрөт. Ушуга байланыштуу, замандашыбыз, жалындуу публицист жана журналист, жакында көзү өткөн Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин “Карачевди ким эстейт” аталган макаласынан (“Кыргыз маданияты” 17-сентябрь, 1992-жыл) үзүндү келтирейин.

“Эркин Тоо” дал С.Карачевдин уюштуруучулук, гезитчилик жөндөмү жөндөмү менен жарык көргөн. Гезитчилик дегенге кашкайган факты бар. С.Карачев 1918-жылдан баштап казакча, татарча, гезит-журналдарга ыр, аңгеме, макала гана жарыялабастан, гезит ишине аздыр-көптүр аралашып калат. Ушундан улам 1919-жылдын январынан 1920-жылдын башына чейин Жети-Суу облустук ревкомунун улуттар бөлүмү тарабынан чыгарылган “Көмөк” гезитинде кызматкер болуп иштеген. Себеби, бул аталган басылмага казак, татар, кыргыз тилиндеги материалдар жарыялангандыктан, кыргызча жагы С.Карачевге милдеттендирилет…1924-жылы аны Караколдон Ташкенге атайы чакыртышып, “Эркин Тоого” жооптуу секретарь кылып иштетишет. Анын ар бир арибинин, нускасынын чыгышы ушу С.Карачевдин ноюбас эмгекчилдигине, уюштургуч жөндөмдүүлүгүнө тыгыз байланыштуу. Ушундан улам биз улуттук журналистикабыздын, басма ишибиздин карлыгачы С.Карачев деп айтууга толук милдеттүүбүз”.

Ал эми С.Карачевдин адабиятка, анын ичинен поэзияга кошкон салымы тууралуу иликтөөчү Айгерим Качкынбекова сынчы Салижан Жигитовдун бул айтканын келтирет: «…Сыдык башка акындар жылаңач бойдон т¿з эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп, кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган…Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада с¿йлөт¿¿гө к¿ч ¿рөгөн¿ таасын байкалат”.

“Эркин Тоонун” 1924-1927-жылдардагы сандарын барактап чыкканда, А.Токомбаевдин “Октябрдын келген кези”, Сыдык Карачевдин “Эркин Тоого”, Мукай Элебаевдин айтылуу “Зарыгам” деген (“Эркин Тоо” №6 16-февраль 1925) ырын табабыз. Алардын гезит бетинен жарык көргөн бул ырлары, кыргыз адабиятынын булак көзүн ачкан алгачкы чыгармалар эле. Же болбосо адабиятыбыздын башатында элибиздин эң алгачкы куттуу гезити “Эркин Тоо”, бүгүнкү “Кыргыз Туусу” гезити турган. (Төмөндө С.Карачевдин “Эркин Тоого” деген ырын түп нускасында жарыяладык).

«Эркин-Тоого»

«Эркин-тоо» сен элиңе сапар тартыб,
Жөнөлгүн, журт милдетин мойнуңа артыб;
Журтуңду калың-кара сен арала,
Тоо-ташы, ойу-кыры, көлүн чарпыб…

Арала, сен чабыттаб, канат кагыб,
Жарык кыл, каралыгын, чырак жагыб
«Алайды» «Ала-тоого» жакындатыб,
Элиңди бойуңа тарт, сүйүб-багыб.

Эзелден «Ала-тоодо» элиң күтөт,
Жайылган көк теңиздей жериң күтөт,
Азат учкан, сайраган булбулдары,
Эркелешкен эртели-кеч желиң күтөт…

«Эркин-тоо» сен ийгилик тизгинисиң,
Тилектин көптөн күткөн мезгилисиң,
«Ала-тоо» капасында жаткан элди,
Куткаруу заманына кез келипсиң…

Элиңе бар, эркиндик ураанын чач,
Күткөн үмүт, күзөткөн максатын ач!
Кедейчилик орнотуп, ак жол салып,
Ортокчулук таркатуу мойнуңа карыз!..

Жаш өспүрүм, жаңы талап сен барасың,
Куткарып наадандыктан журтту аласың,
Жемишин төңкөрүштүн журтка чачыб,
Түбөлүктү жосунга сен саласың.

Тоо ашып, жер кыдырып, эл аралаб,
Барасың «Ала-Тоону» сен чамалаб,
Бел байла, кайрат кылыб илгери атта,
Милдеттен кача көрбө, сен сайалаб!

Эл муңун, кем-кетигин барып сүйлө,
Арманын жаңылбастан дайын сүйлө!
Көз жашын сүрт, эркелет, маңдайын өп
Кыргыздын илгерилер күнүн күйлө.

(Өрүшүң жай, өмүрүң узун болсун)

(Эскерте кетсек, “Эркин Тоого” жарыяланган бул ырлардын, макалалардын түп нускасын арап тамгасынан транскрипциялаган бир тууган эже-сиңди окумуштуулар Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалар).

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар