ӨКМ 15-16-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди:
Бишкек — Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымы
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) жолунун 112-128 чакырымы
Балыкчы — Бөкөнбаев жолунун 64-117 чакырымы
Талды-Суу — Арал жолунун 4-5 чакырымы
Ош — Исфана жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымы
Мырзаке — Кара-Шоро жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымы
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымы
Министрлик элди, айдоочуларды сак болууга чакырды.